ЖАНТАЙ Карабек уулу: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Турганбаев Элебай moved page ЖАНТАЙ to ЖАНТАЙ Карабек уулу: ЖАНТАЙ Карабек уулу) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНТАЙ</b> Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бей­шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба­гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр­гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин­чиден, акылы | <b type='title'>ЖАНТАЙ</b> '''Карабек уулу''' (1794, [[Чүй өрөөнү]], Бей­шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – [[Сарыбагыш|сарыба­гыш]] уруусунан чыккан чоң [[манап]]. Анын кыр­гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин­чиден, акылы менен жөндөмү, экинчиден башы­нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы [[Атаке баатыр]] өз уба­гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш­карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш­танбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлеке­тин түзүүдөгү [[Ормон]] [[хан]]дын иштерин колдоп, [[Кокон хандыгы]]нын таасиринен чыгуу саясаты­на аралашкан. 1846–47-жылдарда [[Кенесары]] Касым уулу­нун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуу­луна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылда­ры адегенде Ормон хан менен бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына [[Файзулла Ногоев]], Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Би­рок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сар­багыш чабышынан (кара: Б[[угу жана сарыбагыш урууларынын чабышы]]) кийин алардан алыстай баш­таган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментов­ский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы (1858–1862) [[Мала]]нын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды же­ңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктар­дан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы [[Байтик]] Ка­най уулунун чакыруусу менен келишкен орус ас­кери [[Пишпек]] чебин алганда, Жантай өз адамдары менен [[Токмок]] чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну [[Алымкул аталык|Алымкул ата­лык]]тын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жа­гына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун ма­наптары [[Төрөгелди баатыр]], Менде, Кудаярлар менен орус букаралыгын кабыл алуу макса­тында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургу­зулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары [[Шабдан]] жана Манапбай­лар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө [[Кемин]], Чүй райондорунда, азыраагы [[Ысык-Көл]] районунда ту­рушат. | ||
өтүү саясатын уулдары | |||
Чүй | |||
<i>Р. Жолдошов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
07:32, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНТАЙ Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бейшеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыргыз коомчулугуна белгилүү болушуна, биринчиден, акылы менен жөндөмү, экинчиден башынан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз убагында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Андан кийин бийлик анын уулу Таштанбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясатына аралашкан. 1846–47-жылдарда Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуулуна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылдары адегенде Ормон хан менен бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Файзулла Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Бирок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сарбагыш чабышынан (кара: Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы) кийин алардан алыстай баштаган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментовский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы (1858–1862) Маланын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды жеңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктардан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы Байтик Канай уулунун чакыруусу менен келишкен орус аскери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары менен Токмок чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул аталыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жагына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун манаптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар менен орус букаралыгын кабыл алуу максатында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургузулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан жана Манапбайлар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда турушат.
Р. Жолдошов.