ДӨӨЛӨС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДӨӨЛӨС''' – кыргыз уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын ''ичкилик'' уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол ж-а ичкилик уруулук бирикмелерине кир­бей, өз алдынча уруулардын бири катары да бе­рилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болу­шу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Дөөлөстүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фак­тылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгенди­гин 16-кылымда жазылган ''«Мажму ат-таварих»'' чы­гармасындагы кыргыз урууларынын санжыра­сында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрк­төрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы м-н байланышат ж-а алардын алтайлык уруулар­дын тобу м-н жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун ку­рамына кирген уруктар «ай тамга» ж-а «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамга­ны» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тур­гандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Дөөлөс башка уруу топтору м-н аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяк­туу уруктар орто кылымдарда Борбордук Азиядагы сая­сий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты м-н аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк Кыргызстандагы Араван, Кадамжай, Ноокат райондоруна караштуу аймактарда туру­шат. Ал эми бул уруунун майда топтору На­рын, Ысык-Көл, Чүй облустарында ж-а Кытай м-н Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат.
'''ДӨӨЛӨС''' – [[кыргыз]] уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын [[ичкилик]] уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулук бирикмелерине кир­бей, өз алдынча уруулардын бири катары да бе­рилет. [[Санжыра]]ларда бул уруунун пайда болу­шу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Дөөлөстүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фак­тылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгенди­гин 16-кылымда жазылган ''«''[[Мажму ат-таварих]]''»'' чы­гармасындагы кыргыз урууларынын санжыра­сында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрк­төрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы менен байланышат жана алардын алтайлык уруулар­дын тобу менен жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун ку­рамына кирген уруктар «ай тамга» жана «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамга­ны» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тур­гандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Дөөлөс башка уруу топтору менен аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяк­туу уруктар орто кылымдарда [[Борбордук Азия]]дагы сая­сий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты менен аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк [[Кыргызстан]]дагы [[Араван]], [[Кадамжай]], [[Ноокат]] райондоруна караштуу аймактарда туру­шат. Ал эми бул уруунун майда топтору [[Нарын|На­рын]], [[Ысык-Көл]], [[Чүй]] облустарында жана [[Кытай]] менен [[Өзбекстан]]дагы кыргыздар арасынан да жолугат.


''Р. Жолдошов.''
''Р. Жолдошов.''
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]

02:41, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ДӨӨЛӨСкыргыз уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын ичкилик уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулук бирикмелерине кир­бей, өз алдынча уруулардын бири катары да бе­рилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болу­шу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Дөөлөстүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фак­тылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгенди­гин 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварих» чы­гармасындагы кыргыз урууларынын санжыра­сында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрк­төрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы менен байланышат жана алардын алтайлык уруулар­дын тобу менен жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун ку­рамына кирген уруктар «ай тамга» жана «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамга­ны» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тур­гандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Дөөлөс башка уруу топтору менен аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяк­туу уруктар орто кылымдарда Борбордук Азиядагы сая­сий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты менен аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк Кыргызстандагы Араван, Кадамжай, Ноокат райондоруна караштуу аймактарда туру­шат. Ал эми бул уруунун майда топтору На­рын, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Кытай менен Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат.

Р. Жолдошов.