ДӨӨЛӨС: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨӨЛӨС''' – кыргыз уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын | '''ДӨӨЛӨС''' – [[кыргыз]] уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын [[ичкилик]] уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулук бирикмелерине кир­бей, өз алдынча уруулардын бири катары да бе­рилет. [[Санжыра]]ларда бул уруунун пайда болу­шу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Дөөлөстүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фак­тылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгенди­гин 16-кылымда жазылган ''«''[[Мажму ат-таварих]]''»'' чы­гармасындагы кыргыз урууларынын санжыра­сында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрк­төрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы менен байланышат жана алардын алтайлык уруулар­дын тобу менен жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун ку­рамына кирген уруктар «ай тамга» жана «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамга­ны» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тур­гандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Дөөлөс башка уруу топтору менен аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяк­туу уруктар орто кылымдарда [[Борбордук Азия]]дагы сая­сий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты менен аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк [[Кыргызстан]]дагы [[Араван]], [[Кадамжай]], [[Ноокат]] райондоруна караштуу аймактарда туру­шат. Ал эми бул уруунун майда топтору [[Нарын|На­рын]], [[Ысык-Көл]], [[Чүй]] облустарында жана [[Кытай]] менен [[Өзбекстан]]дагы кыргыздар арасынан да жолугат. | ||
''Р. Жолдошов.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
02:41, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ДӨӨЛӨС – кыргыз уруусунун аталышы. Кыргыздарын ичкилик уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол жана ичкилик уруулук бирикмелерине кирбей, өз алдынча уруулардын бири катары да берилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болушу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Дөөлөстүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фактылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгендигин 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасындагы кыргыз урууларынын санжырасында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрктөрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы менен байланышат жана алардын алтайлык уруулардын тобу менен жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун курамына кирген уруктар «ай тамга» жана «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамганы» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тургандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Дөөлөс башка уруу топтору менен аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяктуу уруктар орто кылымдарда Борбордук Азиядагы саясий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты менен аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк Кыргызстандагы Араван, Кадамжай, Ноокат райондоруна караштуу аймактарда турушат. Ал эми бул уруунун майда топтору Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Кытай менен Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат.
Р. Жолдошов.