ДӨГДҮРОВ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨГДҮРОВ''' Мухамед [1906, Пржевальский уез­ди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою ( | '''ДӨГДҮРОВ''' '''Мухамед''' [1906, [[Россия империясы]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пржевальский]] уез­ди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы [[Ысык-Көл облусу]], Т[[оң району]], Бүркүт айылы) – 8. 9. 1968, [[Фрунзе|Фрун­зе]] шаары] – журналист, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабий сынын баштоочтордун бири. 1924–26-жылдарда Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928–29-жылдарда Тверь шаарындагы жумушчу факультетинде окуган. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жо­горку партиялык мектепти бүтүргөн. 1932–34-жылдарда Кыр­гызмамбастын жана «Чабуул» журналынын ре­дактору, [[Кыргызстан жазуучулар союзу]]нун уюш­туруу комитетинин жооптуу секретары. «Кызыл Кыр­гызстан» гезитинде 1934–40-жылдарда бөлүм башчы, ре­дактордун орун басары, 1940–47-жылдарда жооптуу ре­дактор, 1948–58-жылдарда Кыргызстан профессионалдык союздары советинин төрагасы, 1958–61-жылдарда чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыш­тын Кыргызстандагы коомунун президиумунда, 1961–68-жылдарда «Коммунист» журналында редактор, 1962–68-жылдарда Азия жана Африка өлкөлөрү менен ти­лектештиктин Кыргызстан республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген. Чыгармачылык иши 1920-жылы баш­талган. Дөгдүровдун 1920-жылдардын 2-жарымында «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабияты­быз тууралуу» ж. б. сын макалалары жарыя­ланган. Ал 1930-жылдардын 1-жарымында ма­калаларында кыргыз поэзиясынын жүзүн көр­сөткөн акындардын чыгармачылык изденүүлөрү жана табылгалары менен окурмандарды тааныштырып, 1930-жылдардын 2-жарымында проза жанры­нын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, ро­мандарга (асыресе, «Кең-Суу» романына) сын пи­кирлерди жарыялаган. М. [[Горький]]дин «Эне» ро­манын, «Менин университеттерим» повестин которгон. Бир нече публицистикалык жана очерктер жыйна­гынын автору. [[СССР Жогорку Совети]]нин (4- шайланышынын), [[Кыргыз ССР Жогорку Совети|Кыргыз ССР Жогорку Сове­ти]]нин (2–3-шайланышынын) депутаты. Үч Эм­гек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. | ||
өлкөлөр | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
1961–68- | |||
«Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабияты­быз тууралуу» ж. б. сын макалалары жарыя­ланган. Ал 1930-жылдардын 1-жарымында ма­калаларында кыргыз поэзиясынын жүзүн көр­сөткөн акындардын | |||
02:37, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ДӨГДҮРОВ Мухамед [1906, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальский уезди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бүркүт айылы) – 8. 9. 1968, Фрунзе шаары] – журналист, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабий сынын баштоочтордун бири. 1924–26-жылдарда Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928–29-жылдарда Тверь шаарындагы жумушчу факультетинде окуган. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1932–34-жылдарда Кыргызмамбастын жана «Чабуул» журналынын редактору, Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин жооптуу секретары. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде 1934–40-жылдарда бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1940–47-жылдарда жооптуу редактор, 1948–58-жылдарда Кыргызстан профессионалдык союздары советинин төрагасы, 1958–61-жылдарда чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы коомунун президиумунда, 1961–68-жылдарда «Коммунист» журналында редактор, 1962–68-жылдарда Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештиктин Кыргызстан республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген. Чыгармачылык иши 1920-жылы башталган. Дөгдүровдун 1920-жылдардын 2-жарымында «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабиятыбыз тууралуу» ж. б. сын макалалары жарыяланган. Ал 1930-жылдардын 1-жарымында макалаларында кыргыз поэзиясынын жүзүн көрсөткөн акындардын чыгармачылык изденүүлөрү жана табылгалары менен окурмандарды тааныштырып, 1930-жылдардын 2-жарымында проза жанрынын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, романдарга (асыресе, «Кең-Суу» романына) сын пикирлерди жарыялаган. М. Горькийдин «Эне» романын, «Менин университеттерим» повестин которгон. Бир нече публицистикалык жана очерктер жыйнагынын автору. СССР Жогорку Советинин (4- шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2–3-шайланышынын) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.