ГРУММ-ГРЖИМАЙЛО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО''' , Г р у м - Г р ж и м а й л о Григорий Ефимович [5(17).2.1860, Петербург – 3.3.1936, Ленинград] – географ | '''ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО''' , Г р у м - Г р ж и м а й л о '''Григорий Ефимович''' [5(17). 2. 1860, [[Россия империясы]], [[Петербург]] – 3. 3. 1936, [[СССР]], [[Ленинград]]] – географ жана зоолог. Батыш [[Кытай]]ды, [[Памир]]ди, [[Теӊир-Тоо]]ну (1884–90), Батыш [[Монголия]]ны жана [[Тыва]]ны, [[Ыраакы Чыгыш]]ты (1903–14) изилдөөчү. Россия илимине эмгек сиӊирген ишмер (1928). Петербург университетинин физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1884). 1884–87-жылдары [[Алай]], Памир, Теӊир-Тоо, Түштүк-Батыш [[Тажикстан]] жана Батыш [[Кашкар]]га саякат жасап, «Памир менен чектеш өлкөлөрдүн очерки» (1886), «Памир жана анын лепидоптерологиялык жаныбарлары» (1890) ж. б. эмгектерин, 1889–90-жылдары [[Борбордук Азия]]га жасаган экспедициясынан кийин «Батыш Кытайга саякат» (1896–1907) деген үч томдуу эмгегин жазган. Бэйшань тоолорун жана Турпан чуӊкурдугунун тереӊдигин (–130 ''м'', кийинки маалыматтар боюнча –154 ''м'') аныктаган. 1903–14-жылдарда Батыш Монголия, Тыва (мурунку Урянхай крайы), Ыраакы Чыгыш, Копет-Даг ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, «Амур облусу» (1894), «Батыш Монголия жана Урянхай крайы» (1–3 т., 1914–30) ж. б. көп эмгектерин жараткан. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн табиятын, саясий жана тарыхый географиясын, этнографиясын мүнөздөгөн, кыргыз элинин байыркы жана орто кылымдагы тарыхын изилдеген. 1934-жылы «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Грумм-Гржимайло енисей кыргыздары Теӊир-Тоого 9-кылымдын ортосунда келген, ал эми 13-кылымда Теӊир-Тоого Түштүк Сибирден буруттар келип, кыргыздар менен жуурулушуп кеткен деп эсептеген. Сихотэ-Алиндеги ашуу, Памир жана Богдо-Ула тоолорундагы мөӊгүлөр Грумм-Гржимайлонун ысмынан аталган. | ||
Ад.: ''Грумм-Гржимайло А. Г''. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.). | Ад.: ''Грумм-Гржимайло А. Г''. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:11, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО , Г р у м - Г р ж и м а й л о Григорий Ефимович [5(17). 2. 1860, Россия империясы, Петербург – 3. 3. 1936, СССР, Ленинград] – географ жана зоолог. Батыш Кытайды, Памирди, Теӊир-Тоону (1884–90), Батыш Монголияны жана Тываны, Ыраакы Чыгышты (1903–14) изилдөөчү. Россия илимине эмгек сиӊирген ишмер (1928). Петербург университетинин физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1884). 1884–87-жылдары Алай, Памир, Теӊир-Тоо, Түштүк-Батыш Тажикстан жана Батыш Кашкарга саякат жасап, «Памир менен чектеш өлкөлөрдүн очерки» (1886), «Памир жана анын лепидоптерологиялык жаныбарлары» (1890) ж. б. эмгектерин, 1889–90-жылдары Борбордук Азияга жасаган экспедициясынан кийин «Батыш Кытайга саякат» (1896–1907) деген үч томдуу эмгегин жазган. Бэйшань тоолорун жана Турпан чуӊкурдугунун тереӊдигин (–130 м, кийинки маалыматтар боюнча –154 м) аныктаган. 1903–14-жылдарда Батыш Монголия, Тыва (мурунку Урянхай крайы), Ыраакы Чыгыш, Копет-Даг ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, «Амур облусу» (1894), «Батыш Монголия жана Урянхай крайы» (1–3 т., 1914–30) ж. б. көп эмгектерин жараткан. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн табиятын, саясий жана тарыхый географиясын, этнографиясын мүнөздөгөн, кыргыз элинин байыркы жана орто кылымдагы тарыхын изилдеген. 1934-жылы «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Грумм-Гржимайло енисей кыргыздары Теӊир-Тоого 9-кылымдын ортосунда келген, ал эми 13-кылымда Теӊир-Тоого Түштүк Сибирден буруттар келип, кыргыздар менен жуурулушуп кеткен деп эсептеген. Сихотэ-Алиндеги ашуу, Памир жана Богдо-Ула тоолорундагы мөӊгүлөр Грумм-Гржимайлонун ысмынан аталган.
Ад.: Грумм-Гржимайло А. Г. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.).