ГРИГОРЬЕВ Василий Васильевич: нускалардын айырмасы
м (Temirkan moved page ГРИГОРЬЕВ to ГРИГОРЬЕВ Василий Васильевич) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРИГО́РЬЕВ ''' '''Василий Васильевич''' (15.3.1816, Россия, Санкт-Петербург –19.2.1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск кыштагы) – орус тарыхчысы, белгилүү чыгыш таануучу. Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1853). 1834-жылы Санкт-Петербург университетин бүтүргөндөн кийин тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Чыгыш тилдер бөлүмүнө ишке кирген. 1853-жылы В. А. Перовскийдин отряды | '''ГРИГО́РЬЕВ ''' '''Василий Васильевич''' (15. 3. 1816, [[Россия империясы]], [[Санкт-Петербург]] –19. 2. 1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск кыштагы) – орус тарыхчысы, белгилүү чыгыш таануучу. Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1853). 1834-жылы Санкт-Петербург университетин бүтүргөндөн кийин тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Чыгыш тилдер бөлүмүнө ишке кирген. 1853-жылы В. А. Перовскийдин отряды менен Ак-Мечит (азыркы [[Кызыл-Ордо]] шаары) чебин алууга катышкан. Анын демилгеси менен [[Оренбург]]да [[Орто Азия]] элдеринин тарыхы боюнча китепкана ачылган. 1863-жылы Санкт-Петербург университетинин чыгыш тарыхы кафедрасынын профессорлугуна дайындалып, ошол эле жылы чыгыш тилдеринин доктору деген илимий даражага ээ болгон. 1867-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Россия археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүн жетектеген. Орто Азия тарыхы боюнча бир нече эмгек жараткан. Немец окумуштуусу К. Риттердин «Жер таануу» деген эмгегине алгачкылардан болуп кошумчаларды киргизип, аны орус тилине которгон. Григорьев айрым макалаларын «Мендалий Пиралиев» деген ысым менен чыгарган. 10–13-кылымдарда Орто Азия менен [[Чыгыш Түркстан]]дагы [[Караханиддер]] династиясына караган уруулардын жалпы тарыхына байланыштуу «Караханиддер каганаты» деген терминди колдонууну сунуштаган. Россияда чыгыш таануу боюнча лекция окуган алгачкы окумуштуулардын бири. | ||
Ад.: Василий Васильевич Григорьев по его письмам и трудам: 1816-1881 /сост. Н. И. Веселовский. СПб., 1887 | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:52, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ГРИГО́РЬЕВ Василий Васильевич (15. 3. 1816, Россия империясы, Санкт-Петербург –19. 2. 1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск кыштагы) – орус тарыхчысы, белгилүү чыгыш таануучу. Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1853). 1834-жылы Санкт-Петербург университетин бүтүргөндөн кийин тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Чыгыш тилдер бөлүмүнө ишке кирген. 1853-жылы В. А. Перовскийдин отряды менен Ак-Мечит (азыркы Кызыл-Ордо шаары) чебин алууга катышкан. Анын демилгеси менен Оренбургда Орто Азия элдеринин тарыхы боюнча китепкана ачылган. 1863-жылы Санкт-Петербург университетинин чыгыш тарыхы кафедрасынын профессорлугуна дайындалып, ошол эле жылы чыгыш тилдеринин доктору деген илимий даражага ээ болгон. 1867-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Россия археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүн жетектеген. Орто Азия тарыхы боюнча бир нече эмгек жараткан. Немец окумуштуусу К. Риттердин «Жер таануу» деген эмгегине алгачкылардан болуп кошумчаларды киргизип, аны орус тилине которгон. Григорьев айрым макалаларын «Мендалий Пиралиев» деген ысым менен чыгарган. 10–13-кылымдарда Орто Азия менен Чыгыш Түркстандагы Караханиддер династиясына караган уруулардын жалпы тарыхына байланыштуу «Караханиддер каганаты» деген терминди колдонууну сунуштаган. Россияда чыгыш таануу боюнча лекция окуган алгачкы окумуштуулардын бири.
Ад.: Василий Васильевич Григорьев по его письмам и трудам: 1816-1881 /сост. Н. И. Веселовский. СПб., 1887