БИЯНХУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЯНХУ | '''БИЯНХУ''' Бай янь-ху, Бо янху (болжол менен 25. 5. 1830, Сияньфу, Шэньси аймагы, [[Кытай]] — 26. 7. 1882, [[Россия империясы]], [[Т]][[үркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди]], [[Пишпек]] шаары) – 1862–1877-жылдары Цинь бийлигине каршы күрөштө [[дунган]] (хуэйцзу) элинин көтөрүлүшүн (1862–1877) жетектегендердин бири (кара: [[Дунгандардын көтөрүлүшү]]). Атасы айыл округунун аксакалынын милдетин аткарган. Кытай жазма маалыматтарында Байяньху, [[Чыгыш Түркстан]] (Синьцзян) аймагында Мухаммед Аюб деген ат менен белгилүү болгон. Көтөрүлүштүн башында (1862) Шэньси жана Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-1869-жылдардан Ма Чжэнхэ ж.б. менен бирдикте дунгандардын күчтөрүн жетектеп, эл ичинде "Даху" (Чоң Жолборс) деген атакка ээ болгон. 1872-жылы Биянху кол алдындагы 7 миң жоокер менен Чыгыш Түркстанга чегингенде, [[Йакуб бек]] ага [[Үрүмчү]] шаарын коргоону тапшырган. 1876-жылы Синьцзяндагы көтөрүлүштү басуу үчүн башкы командачы болуп дайындалган Цзо Цзунтан 180 батальондон (юн) турган аскер менен адегенде Гучэн шаарын алып, андан кийин Үрүмчү жана Манас шаарларына жүрүшкө чыккан. Мындай көп сандагы аскерге туруштук бере албаган Биянху Токсунга чегинген. 1877-жылы күзгө жуук Йакуб бек көз жумганда анын уулу Беккулу-бектин буйругун аткарып, Курлу чебин коргоого алган. 1877-жылы 9-октябрда Цинь өкмөтүнүн аскери Курлуну алганда, Биянху жоокелери менен алгач Бүгүр, андан [[Кашкар]]га чегинген. Цинь аскери 1877-жылы декабрда Кашкарга жеткенде, Биянху бул аймакты калтырып, Чакмак ашуусунда салгылашууда дунгандардын төрттөн үч бөлүгү кырылган. 27-декабрда аман калган дунгандар [[Нарын]] чебине жеткен. Цинь бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары [[Казакстан]]да жана [[Кыргызстан]]дагы [[Ананьево]] айылында жашайт. | ||
Ад.: Думан Л. И. Биянху — вождь дунганского восстания 1862–1877 гг. (Историко-биографический очерк по китайским и советским архивным материалам) //Записки Института востоковедения Академии наук СССР. VII. Л., 1939; Сушанло М''.'' Дунганское восстание во второй половине ХIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:10, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
БИЯНХУ Бай янь-ху, Бо янху (болжол менен 25. 5. 1830, Сияньфу, Шэньси аймагы, Кытай — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Пишпек шаары) – 1862–1877-жылдары Цинь бийлигине каршы күрөштө дунган (хуэйцзу) элинин көтөрүлүшүн (1862–1877) жетектегендердин бири (кара: Дунгандардын көтөрүлүшү). Атасы айыл округунун аксакалынын милдетин аткарган. Кытай жазма маалыматтарында Байяньху, Чыгыш Түркстан (Синьцзян) аймагында Мухаммед Аюб деген ат менен белгилүү болгон. Көтөрүлүштүн башында (1862) Шэньси жана Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-1869-жылдардан Ма Чжэнхэ ж.б. менен бирдикте дунгандардын күчтөрүн жетектеп, эл ичинде "Даху" (Чоң Жолборс) деген атакка ээ болгон. 1872-жылы Биянху кол алдындагы 7 миң жоокер менен Чыгыш Түркстанга чегингенде, Йакуб бек ага Үрүмчү шаарын коргоону тапшырган. 1876-жылы Синьцзяндагы көтөрүлүштү басуу үчүн башкы командачы болуп дайындалган Цзо Цзунтан 180 батальондон (юн) турган аскер менен адегенде Гучэн шаарын алып, андан кийин Үрүмчү жана Манас шаарларына жүрүшкө чыккан. Мындай көп сандагы аскерге туруштук бере албаган Биянху Токсунга чегинген. 1877-жылы күзгө жуук Йакуб бек көз жумганда анын уулу Беккулу-бектин буйругун аткарып, Курлу чебин коргоого алган. 1877-жылы 9-октябрда Цинь өкмөтүнүн аскери Курлуну алганда, Биянху жоокелери менен алгач Бүгүр, андан Кашкарга чегинген. Цинь аскери 1877-жылы декабрда Кашкарга жеткенде, Биянху бул аймакты калтырып, Чакмак ашуусунда салгылашууда дунгандардын төрттөн үч бөлүгү кырылган. 27-декабрда аман калган дунгандар Нарын чебине жеткен. Цинь бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары Казакстанда жана Кыргызстандагы Ананьево айылында жашайт.
Ад.: Думан Л. И. Биянху — вождь дунганского восстания 1862–1877 гг. (Историко-биографический очерк по китайским и советским архивным материалам) //Записки Института востоковедения Академии наук СССР. VII. Л., 1939; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине ХIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959.