ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ</b>(1979) – Иран­дагы | <b type='title'>ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ</b> (1979) – Иран­дагы мамлекеттик түзүлүштү ж-а иран коомчулугу­нун жашоо шартын өзгөрткөн революция. 20-кылымдын 60–70-жылдарында Иранда М. Р. <i>Пехлеви</i> шах­тын жүргүзгөн реформалары мамлекеттин кри­зистик абалын өзгөртпөгөндүктөн, 9-январда 1978-жылы Кум шаарында диний окуу жайларынын окуучулары демонстрацияга чыгышкан. Шах аскери аларды атып, революциянын башталышына түрткү берген. Өлкө аймактарында көтөрүлүш­төр күч алган. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүн майда соодагерлер, жумушчулар, ишкер­лер, студенттер түзүп, дин кызматкерлери же­тектеген. Оппозициянын талабы боюнча М. Р. Пех­леви бир нече өзгөртүүлөрдү (оюн-зоок үйлөрү жабылып, иран календары мусулман кален­дарына алмаштырылган) киргизген. Бирок 1978-жылы сентябрь айында Тегеран (1 млнго жа­кын) ж. б. шаарларда өкмөткө каршы жумуш­чулар, кызматкерлер ж-а студенттер чоң демон­страцияларды өткөрүшкөн. Бийлик буга жооп катары 12 шаарга согуш абалын киргизген. Бул учурда Иранда оппозициянын чет мамлекетте сүргүндө жүргөн лидерлеринин бири Р. М. <i>Хо­мейнинин</i> таасири күч ала баштаган. Бирок 1978-жылы күзүндө оппозициянын ичинде аскердик төңкөрүштөн корккон М. Р. Пехлеви шах м-н келишүүгө ыктаган топ (К. Санжаби, Ш. Бах­тияр, М. Базарган, аятолла К. Шариатмадари) түзүлгөн. 1978-ж. декабрь айынын аягында Ш. Бахтияр М. Р. Пехлеви сунуштаган өкмөттү жетектөөгө макулдук берген. Р. М. Хомейни Ш. Бахтиярдын өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыя­лап, элди революцияны улантууга чакырган. Тегеран­да Р. М. Хомейнинин жактоочулары Революциялык ислам кеңешин түзүшкөн (12-январь, 1979). М. Базарган жетектеген Революциялык ислам кеңе­ши Убактылуу революциялык өкмөт түзгөн. Революция күндөн-күнгө күч алып, Ш. Бахтиярдын өкмөтү кулай баштаган. 1979-жылы 1-февралда Р. М. Хо­мейни чет мамлекеттен Тегеранга кайтып кел­ген. Р. М. Хомейнинин тапшыруусу боюнча М. Ба­зарган мамлекеттеги кош бийликти тынчтык жол м-н жоюуга аракеттенип, жогорку аскер командачылыгы ж-а Ш. Бахтиярдын өкмөтү м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1979-жылы 9-февралда шах гвардиясынын бөлүмүнүн өздүк курамы революцияга катышкан ААКтын окуу базасына Те­герандын жанында кол салган. Натыйжада, Те­геранда куралдуу көтөрүлүш чыгып, шахтын ас­кери оппозиция тарабында болгон можахеддер м-н федайлардын отряддарынан жеңилген. 11- февралда шах бийлигинин акыркы таянычы – Ирандын жогорку аскер кеңеши армиянын бей­тараптыгын жарыялап, революциячыларга кошулган. Тегерандагы көтөрүлүш стихиялуу өтүп, мо­нархия жоюлган. 1979-жылы 30–31-мартта Иран­да референдум өтүп, Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. 1979-жылы Убактылуу революциялык өкмөт кетип, бийлик Революциялык ислам кеңешине өткөн. 1979-жылы 2–3-декабрдагы референдумда Ирандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, ал боюнча мамлекет башчысы – Ислам революциясынын баш­кы жетекчиси деп аталган. Р. Х. Хомейни мам­лекеттин башчысы болуп, анын алдында Улут­тук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш түзүлгөн. Ислам кеңешинин чогулушу (межлис) ж-а ат­каруу бийлиги (президент жетектеген өкмөт) түздөн-түз жогорку динаят жетекчилигине баш ийип калган. Шиит багытындагы ислам дини расмий дин катары кабыл алынган. | ||
төңкөрүштөн корккон М. Р. Пехлеви шах м-н келишүүгө ыктаган топ (К. Санжаби, Ш. Бах­тияр, М. Базарган, аятолла К. Шариатмадари) түзүлгөн. 1978-ж. декабрь айынын аягында Ш. Бахтияр М. Р. Пехлеви сунуштаган өкмөттү жетектөөгө макулдук берген. Р. М. Хомейни Ш. Бахтиярдын өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыя­лап, элди | |||
расмий дин катары кабыл алынган. | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:50, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСЛАМ ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1979) – Ирандагы мамлекеттик түзүлүштү ж-а иран коомчулугунун жашоо шартын өзгөрткөн революция. 20-кылымдын 60–70-жылдарында Иранда М. Р. Пехлеви шахтын жүргүзгөн реформалары мамлекеттин кризистик абалын өзгөртпөгөндүктөн, 9-январда 1978-жылы Кум шаарында диний окуу жайларынын окуучулары демонстрацияга чыгышкан. Шах аскери аларды атып, революциянын башталышына түрткү берген. Өлкө аймактарында көтөрүлүштөр күч алган. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчүн майда соодагерлер, жумушчулар, ишкерлер, студенттер түзүп, дин кызматкерлери жетектеген. Оппозициянын талабы боюнча М. Р. Пехлеви бир нече өзгөртүүлөрдү (оюн-зоок үйлөрү жабылып, иран календары мусулман календарына алмаштырылган) киргизген. Бирок 1978-жылы сентябрь айында Тегеран (1 млнго жакын) ж. б. шаарларда өкмөткө каршы жумушчулар, кызматкерлер ж-а студенттер чоң демонстрацияларды өткөрүшкөн. Бийлик буга жооп катары 12 шаарга согуш абалын киргизген. Бул учурда Иранда оппозициянын чет мамлекетте сүргүндө жүргөн лидерлеринин бири Р. М. Хомейнинин таасири күч ала баштаган. Бирок 1978-жылы күзүндө оппозициянын ичинде аскердик төңкөрүштөн корккон М. Р. Пехлеви шах м-н келишүүгө ыктаган топ (К. Санжаби, Ш. Бахтияр, М. Базарган, аятолла К. Шариатмадари) түзүлгөн. 1978-ж. декабрь айынын аягында Ш. Бахтияр М. Р. Пехлеви сунуштаган өкмөттү жетектөөгө макулдук берген. Р. М. Хомейни Ш. Бахтиярдын өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыялап, элди революцияны улантууга чакырган. Тегеранда Р. М. Хомейнинин жактоочулары Революциялык ислам кеңешин түзүшкөн (12-январь, 1979). М. Базарган жетектеген Революциялык ислам кеңеши Убактылуу революциялык өкмөт түзгөн. Революция күндөн-күнгө күч алып, Ш. Бахтиярдын өкмөтү кулай баштаган. 1979-жылы 1-февралда Р. М. Хомейни чет мамлекеттен Тегеранга кайтып келген. Р. М. Хомейнинин тапшыруусу боюнча М. Базарган мамлекеттеги кош бийликти тынчтык жол м-н жоюуга аракеттенип, жогорку аскер командачылыгы ж-а Ш. Бахтиярдын өкмөтү м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1979-жылы 9-февралда шах гвардиясынын бөлүмүнүн өздүк курамы революцияга катышкан ААКтын окуу базасына Тегерандын жанында кол салган. Натыйжада, Тегеранда куралдуу көтөрүлүш чыгып, шахтын аскери оппозиция тарабында болгон можахеддер м-н федайлардын отряддарынан жеңилген. 11- февралда шах бийлигинин акыркы таянычы – Ирандын жогорку аскер кеңеши армиянын бейтараптыгын жарыялап, революциячыларга кошулган. Тегерандагы көтөрүлүш стихиялуу өтүп, монархия жоюлган. 1979-жылы 30–31-мартта Иранда референдум өтүп, Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. 1979-жылы Убактылуу революциялык өкмөт кетип, бийлик Революциялык ислам кеңешине өткөн. 1979-жылы 2–3-декабрдагы референдумда Ирандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, ал боюнча мамлекет башчысы – Ислам революциясынын башкы жетекчиси деп аталган. Р. Х. Хомейни мамлекеттин башчысы болуп, анын алдында Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш түзүлгөн. Ислам кеңешинин чогулушу (межлис) ж-а аткаруу бийлиги (президент жетектеген өкмөт) түздөн-түз жогорку динаят жетекчилигине баш ийип калган. Шиит багытындагы ислам дини расмий дин катары кабыл алынган.