ЖАДГАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАДГАЛ</b> , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жай&shy;гашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белги&shy;лейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «<i>Худуд ал-Алам»</i> – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазыл&shy;ган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фер&shy;гананын тоо арасындагы бир району, анын ча&shy;кан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы м-н кой асыралары айты&shy;лат. Кийин, 16-кылымда молдо <i>Сайф-аддин Аксыкен&shy;ти</i> тажик тилинде жазган <i>«Мажму-ат-та&shy;варих»</i> («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал м-н
<b type='title'>ЖАДГАЛ</b> , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы [[Чаткал өрөөнү]]ндө жай&shy;гашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар [[араб]], [[фарси]] тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн жана [[Фергана]]га караган облус деп белги&shy;лейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «[[Худуд ал-Алам]]» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазыл&shy;ган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фер&shy;гананын тоо арасындагы бир району, анын ча&shy;кан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы менен кой асыралары айты&shy;лат. Кийин, 16-кылымда молдо [[Сайф-аддин Аксыкенти|Сайф-аддин Аксыкен&shy;ти]] тажик тилинде жазган «[[Мажму-ат-таварих|Мажму-ат-та&shy;варих]]» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал менен Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы&shy;лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы менен жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомол&shy;донот.  
Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы&shy;лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы м-н жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомол&shy;донот.  
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

03:00, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖАДГАЛ , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жай­гашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн жана Ферганага караган облус деп белги­лейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «Худуд ал-Алам» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазыл­ган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фер­гананын тоо арасындагы бир району, анын ча­кан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы менен кой асыралары айты­лат. Кийин, 16-кылымда молдо Сайф-аддин Аксыкен­ти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-та­варих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал менен Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазы­лышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы менен жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомол­донот.