ИРЛАНДИЯ (мамлекет): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ИРЛАНДИЯ to ИРЛАНДИЯ (мамлекет)) |

| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
ИРЛА́НДИЯ (ирландча Еire, англ. Irе1аnd) – Ба­тыш Европадагы мамлекет. Ирландия | ИРЛА́НДИЯ (ирландча Еire, англ. Irе1аnd) – Ба­тыш Европадагы мамлекет. Ирландия аралынын 5/6 бөлүгүн, ошондой эле анын батыш жээгине жакын жай- | ||
6 | |||
бөлүгүн, | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ20.png | thumb | none]]гашкан чакан аралдарды (Акилл, Аран, Клэр ж. б.) ээлеп, Улуу Британия ж-а | [[File:ИРЛАНДИЯ20.png | thumb | none]]гашкан чакан аралдарды (Акилл, Аран, Клэр ж. б.) ээлеп, Улуу Британия ж-а Түндүк Ирлан­дия Бириккен Королдугуна кирген Түндүк Ирлан­дия м-н чектешет. Чыгышынан Улуу Британия­дан Ыйык Георг кысыгы ж-а Ирланд деңизи ар­кылуу бөлүнөт. Түндүк-батышын, батышын ж-а түштүгүн Атлантика океаны чулгайт. Европа­дан Түндүк Америкага кеткен деңиз жолунда жайгашкан. Аянты 70,2 миң км2. Калкы 5,1 млн. (2022). Борбору – Дублин шаары. Мамлекеттик биринчи тили – ирланд (гэль) тили, экинчиси – англис тили. Акча бирдиги – евро. Ирландиянын аймагы 4 тарыхый провинцияга – Коннахт, Ленстер, Манс­тер ж-а Ольстерге (Ольстердин негизги бөлүгү Түндүк Ирландиянын курамына кирет) бөлүнөт. Административдик-аймактык жактан 29 графтыктан ж-а 5 шаар ­графтыгынан турат.[[File:ИРЛАНДИЯ21.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)]] | ||
Ирландия – БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1973–92-жылдар), ЕККУнун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1957) мүчөсү. | |||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Ирландия – унитардык мам­лекет. Конституциясы 1937-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мам­лекет башчысы – президент (добуш берүү жолу м-н 7 жылга, бирок эки мөөнөткө гана шайла­на алат). Ал мыйзамдарды жарыялайт, судья­ларды жогорку кызмат адамдарын дайындайт, куралдуу күчтөрдү башкарат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент, ага президент, өкүлдөр палатасы ж-а сенат кирет. Аткаруу бийлигинин башчы­сы – премьер-министр. Президент өкүлдөр па­латасынын сунушу м-н премьер-министрди, ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрүн премьер-мини­стрдин сунушу боюнча дайындайт.
Саясий партиялары: Фине гэл (Бириккен Ир­ландия партиясы, 1933-жылы негизделген), Фиан­на фойл («Тагдыр аскерлери», 1926), Лейборист­тик партия (1912) ж. б. '''Табияты.''' Ирландия аралынын чыгыш жээги көбүнчө жапыз, тегиз, түштүгү булуң-буйткалуу, баты­шында терең булуңдар бар, айрым жээктери риас тибинде. Борбордук аймактарында түздүктөр ба­сымдуу; жээкке жакын айрым тоо массивдери 1041 м бийиктикке чейин (Керри тоосу өлкөнүн | |||
м-н 7 жылга, бирок эки мөөнөткө гана шайла­на алат). Ал мыйзамдарды жарыялайт, судья­ларды жогорку кызмат адамдарын дайындайт, куралдуу күчтөрдү башкарат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент, ага президент, өкүлдөр палатасы ж-а сенат кирет. Аткаруу бийлигинин башчы­сы – премьер-министр. Президент өкүлдөр па­латасынын сунушу м-н премьер-министрди, ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрүн премьер-мини­стрдин сунушу | |||
Саясий партиялары: Фине гэл (Бириккен Ир­ландия партиясы, 1933- | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ22.png | thumb | Борбордук ойдуңдагы агроландшафт.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ22.png | thumb | Борбордук ойдуңдагы агроландшафт.]] | ||
эң бийик жери) көтөрүлөт. Чым көң, коргошун, цинк, таш көмүр, алтын ж. б. кендери бар. Ме­лүүн океандык, дайыма нымдуу климат өкүм сүрөт. Ал негизинен атлантикалык циклондор­дон улам пайда болот. Кышы жумшак (январ­дын | эң бийик жери) көтөрүлөт. Чым көң, коргошун, цинк, таш көмүр, алтын ж. б. кендери бар. Ме­лүүн океандык, дайыма нымдуу климат өкүм сүрөт. Ал негизинен атлантикалык циклондор­дон улам пайда болот. Кышы жумшак (январ­дын орточо температурасы 5–8°С), жайы серүүн (июл­дуку 14–16°С). Жылдык жаан-чачыны 700– 1500 мм, тоолордун батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Суусу мол дарыялар (эң ири­си – Шаннон), көл ж-а саз көп. Өлөң чөп, да­йыма жашыл бадалдар, шалбаа, тоолоруна эмен, кайың, мырза карагай мүнөздүү (өлкөнүн айма- | ||
[[File:ИРЛАНДИЯ23.png | thumb | Ирландиянын деңиз жээги.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ23.png | thumb | Ирландиянын деңиз жээги.]] | ||
гынын 4%ин токой ээлейт). Өлкөнүн табиятын коргоого алган 104 табигый аймак ( | гынын 4%ин токой ээлейт). Өлкөнүн табиятын коргоого алган 104 табигый аймак (анын ичинде 6 улут­тук парк, биосфералык резерваттар, табият коруктары) бар; Уэксфорд резерватында (эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер) Гренлан­дия кашка казынын дүйнөлүк популяциясынын 1/2 и кыштайт. '''Калкы.''' Негизги калкы (88,8%и) ирланддар (анын ичинде гэлдер ж-а цыган-шелттер да бар). Иммиг­ранттар ж-а алардын тукумдары (жалпы калк­тын 11,2%) негизинен Дублиндин тегерегинде | ||
[[File:ИРЛАНДИЯ24.png | thumb | Дублин – Ирландиянын борбору.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ24.png | thumb | Дублин – Ирландиянын борбору.]] | ||
жашайт, алардын 2,7%и англистер ж-а шот­ланддар; | жашайт, алардын 2,7%и англистер ж-а шот­ланддар; ошондой эле Европадан келгендер да арбын. 100 жылдан ашуун мезгил ичинде (1841–1961) Ирландиянын калкы кескин кыскара баштаган. 1961-жылга чейин 2,82 млнго кыскарган. Эмигра­циянын мындай кескин күчөшүнө 1845–47-жылдарда картөшкөнүн түшүмү болбогондугу ж-а эпиде­миологиялык оорунун башталышы себеп болгон. 1960- жылдардан калктын саны акырындап өсө баш­таган. 21-кылымдын башталышында төрөлүүнүн дең­гээли (1000 адамга 14,45 бала) ж-а калктын та­бигый өсүүсүнүн темпи боюнча (0,66%) Европада алдыңкы орундардын бирин ээледи. Ирландия – Евро­падагы калкы эң жаш өлкөлөрдүн бири; 15 жаш­ка чейинки өспүрүмдөр 20,9%, эмгекке жарам­дуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67,6%, 65 жаштан өткөндөр 11,6% (2006). Ирландия калкы­нын орточо жыштыгы (1 км2 жерге 60 адам) ж-а шаар калкынын саны (59,3%) боюнча Европада арткы орундардын бирин ээлейт. Ири шаарла­ры: Дублин (калкы 1,7 млн; өлкөнүн калкы­нын 40%и), Корк (380 миң), Голуэй (90 миң), Лимерик (100 миң), Уотерфорд (50 миң). Кал­кынын 88%и католиктер. | ||
65 жаштан өткөндөр 11,6% (2006). | |||
'''Тарыхы.''' Ирландиянын аймагын адам б. з. ч. 6-миң жылдыкта мекендеген, б. з. ч. 4-кылымда кельт уруу­лары жашай баштаган. Алгачкы коомдук түзүлүш кландык (уруу) уюм формасында болуп, анын саркындылары 17–18-кылымдарга чейин сактал­ган. 3-кылым ченде пайда боло баштаган чакан ай­мактык бирикмелердин негизинде алгачкы мам­лекеттер түзүлгөн. 5-кылымда христиан дини тарай баштаган. 795-жылы Ирландияны норманндар басып кир­ген, бирок алар 1014-жылы кайра ирландиялык кошуундардан жеңилген. 1169–71-жылдарда Ирландияны англис-норманн феодалда­ры басып алып, анын түштүк-чыгыш жээгинде англиялык Пейл колониясы түзүлгөн. Шаарларда кол өнөрчүлүк м-н соода өнүгүп, мал чарбасы негиз­ги тармакка айланган. Англиялык колониячыл сая­сат 16-кылымда өзгөчө күчөп, 16-кылымдын аягы – 17-кылым­дын башында Манстер, Ольстер ж-а Лентердин бир бөлүгү колонияга айландырылган. Колония­чыларга каршы көп жолу көтөрүлүш чыккан. 16–17-кылымдарда Англия бүткүл Ирландия жеринин 6/7 бөлү­гүнө жакынын ээлеген. | |||
18-кылымдын аягында Ирландияда ири мануфактура м-н фабрика тибиндеги ишканалар пайда болгон. 1798-жылы «Бириккен ирландиялыктар» (1791-жылы негизделген) коому уюштурган көтөрүлүш ба­сылган соң, Ирландиянын 1782–83-жылдарда берилген пар­ламенттик автономиясы жоюлган (1801). | |||
19-кылымда Ирландия метрополиянын агрардык базасы­на айланган. Эмиграциянын күчөшү Ирландиянын та­рыхый өнүгүшүнүн мүнөздүү белгилерине айлан­ган. 19-кылымдын 70–80-жылдары гомруль (Британ империясынын чегинде өзүн өзү башкаруу) үчүн күрөш күчөп, анын жүрүшүндө Гомруль лигасы­нын (1873-жылы негизделген) өкүлдөрү башында турган буржуазиялык-либералдык элементтер м-н улут­тук кыймылдын революциячыл-демократиялык тарабы би­риккен. | |||
1905-жылы түзүлгөн Шин фейн партиясы Ирландиянын саясий-экономикалык өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн. 1912-жылы Лейбористтик партия негизделип, анын жетекчилери реформачыл саясат жүргүзгөн. Ирландиядагы революциялык кырдаал англиялык либералдык өк­мөттү 1912–14-жылдарда парламентке гомруль ж-дө билль (мыйзам долбоору) киргизүүгө мажбур­лаган. Бирок аны Улуу Британия м-н Ирландиянын реакциячыл чөйрөсү четке каккан. Улуттук таламдарды революциячыл жол м-н ишке ашы- | |||
1905- | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ25.png | thumb | Кельт крести.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ25.png | thumb | Кельт крести.]] | ||
[[File:ИРЛАНДИЯ26.png | thumb | none]] | [[File:ИРЛАНДИЯ26.png | thumb | none]] | ||
рууну көздөгөн 1916-жылдагы | рууну көздөгөн 1916-жылдагы Ирландия көтөрүлүшү ырайымсыз басылган.
Улуттук-боштондук кыймылы күч алып, 1919-жылы январда Ирландиянын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1921-жылы декабрда Улуу Британия м-н Ирландиянын ортосунда кол коюлган келишим боюнча Ирландия доминиондук статус алган. Бирок түштүк-чыгыштагы өнөр жайы өнүккөн 6 графтык Улуу Британиянын бийлигинде калган. 1922–23-жылдарда граждандык согуш респ-чыл күчтөрдүн жеңилиши м-н аяктаган. Өлкөдө 1932-ж. чейин полиция­лык кысым тартиби орногон. 1932-жылы бийликке келген Де Валердин (1948-жылга чейинки премьер­-министр) өкмөтү Улуу Британия м-н коло­ниялык байланышты үзгөн. 1937-жылы Ирландиянын жаңы конституциясы кабыл алынып, ага ыйык Британиянын мурдагы доминиону «Эйре суве­рендүү мамлекети» болуп жарыяланган. 2-дүй­нөлүк согуштун башында Ирландия өкмөтү өзүнүн бей­тараптыгын билдирген. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн Улуу Британия бийлеп турган кезде Ан­глия м-н Ирландия согуштук союз түзүүнү мүмкүн эмес деп эсептеген. Ирландия 1949-жылы көз карандысыз республика деп жарыяланып, ал Британ шериктештигинен чыккан.
Ирландия – 1955-жылдан БУУнун мүчөсү. Ирландия өкмөтү 1963-жылы ядролук куралды сы­ноого тыюу салуу, 1968-жылы ядролук куралды таратпоо жөнүндөгү келишимдерге кол койгон. | ||
Улуттук-боштондук кыймылы күч алып, 1919- | |||
чыгыштагы | 1990-жылдардын баш че­нинде өлкөдө экономикалык өсүш башталып, ал ирландия­лык «экономикалык кере­мет» («кельт жолборсу») деп аталган. Курулуш, ма­алыматтык технология ж. б. секторлордун өтө тез темпте өнүгүүсү байкалган. 1998-жылы кол коюлган Англия – Ирландия макулдашуу­сунун шарты боюнча Түндүк Ирландия жашоочуларынын каалоо­су боюнча Британиянын кара­магында болот. Ошол эле учурда Түндүк Ирландиянын калкы Ирландия м-н биригүүнү кааласа, эки тарап тең бардык ча­раларды колдонушу белги­ленген. 1998-жылы референ­думда 94% ирландиялык­тар «улуттук аймактарды бириктирүү» маселесин кол­догон. 1999-жылы Ирландия НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөш­түк» программасына ко­шулган. 2002-жылы евро зона­сына кирген. | ||
чыккан.

1990-жылдардын баш че­нинде өлкөдө | |||
«Тынчтык үчүн өнөктөш­түк» программасына ко­шулган. 2002- | |||
'''Чарбасы.''' Ирландия – дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 177,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 41,8 миң доллар­ды түзөт (Ирландия – бул көрсөткүчү м-н дүйнөдө Люк­сембург, Норвегия ж-а АКШдан кийинки 4-орун­ду ээлейт). 21-кылымдан Ирландия экспорттук чарбага багыт алууда: иштеп чыгаруучу өнөр жай продукциясы­нын 80%тен ж-а айыл чарба продукциясынын 50%тен ашыгы экспорт үчүн өндүрүлөт. Ошол эле мез­гилде өнөр жай сырьёсунун 80%тен ашыгы сырттан алынат; өлкөнүн рыногунда ошондой эле импортук ма­шина, жабдуу, химикат ж. б. даяр продукция­лардын үлүшү да зор. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүүсү айрым социалдык теңсиздикти жа­ратты (калктын кирешесинин деңгээли боюнча эң бай катмары м-н эң жакыр катмарынын ортосундагы айырмачылык өтө зор, бул көр­сөткүч боюнча экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунда), жумушчу күчүнүн ж-а аянтты ижарага алуунун баасы көтөрүлдү ж. б. ИДПнин 60%ин тейлөө чөйрөсү, 37%ин өнөр жайы ж-а курулуш, 3%ин айыл чарба, токой чарбасы ж-а балык кармоо түзөт. Экономикасы 2 секторго бөлүнөт: ири чет өлкөлүк (негизинен жогорку технологиядагы өнөр жай тармактары: | |||
бири. ИДПнин көлөмү 177,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 41,8 миң доллар­ды түзөт ( | |||
чарбасы ж-а балык кармоо түзөт. Экономикасы 2 секторго бөлүнөт: ири чет өлкөлүк (негизинен жогорку технологиядагы | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ27.png | thumb | none]] | [[File:ИРЛАНДИЯ27.png | thumb | none]] | ||
| 62 сап: | 39 сап: | ||
[[File:ИРЛАНДИЯ28.png | thumb | Ирландиядагы айыл ландшафты.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ28.png | thumb | Ирландиядагы айыл ландшафты.]] | ||
электроника, машина куруу, химия) ж-а улут­тук (тармак-аш ж-а жеңил | электроника, машина куруу, химия) ж-а улут­тук (тармак-аш ж-а жеңил өнөр жайы). Өнөр жай өндүрү­шүнүн көлөмү акыркы жылдары негизинен чет өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциялар­дын тез көбөйүшүнө байланыштуу. Чет өлкөлүк компанияларга ИДПнин 1/2 инен ашыгы, өл­көнүн экспортунун 92%и таандык. Мамлекеттик ком­паниялар энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. чөйрөлөрдүн негизги тармактарын көзөмөлдөйт.
Өнөр жайы – Ирландиянын экономикасынын башкы ж-а туруктуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Анын үлүшүнө иштегендердин 15%тейи (298 миң адам) ж-а ИДПнин көлөмүнүн 17%и туура ке­лет. Өнөр жай продукциясын сатуу 2005-жылы 4 эсеге өскөн. Өнөр жай продукциясынын сатуу наркынын 62%тейи жаңы жогорку технологиялуу 3 тар­макка таандык (2005): химия-фармацевтикалык ж-а химия өнөр жайы; электроника ж-а электр-техника өнөр жайы; информатикалык продукцияларды өндүрүү ж-а таратуу: программалык, магниттик (аудио-, видео кассеталар ж. б.) ж-а оптикалык (CD, DVD-диск ж. б.) алып жүргүчтөр ж. б. | ||
өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциялар­дын тез көбөйүшүнө байланыштуу. Чет өлкөлүк компанияларга ИДПнин 1/ инен ашыгы, өл­көнүн экспортунун 92%и таандык. | |||
Ички ресурстарынын эсебинен өлкө электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40%ин ка­нааттандырат. Энергия балансындагы импорт­тук нефтинин үлүшү кыскарып, табигый газ­дын ж-а көмүрдүн үлүшү көбөйүүдө. Чым көң м-н иштеген ири электр станциясы курулган. Отун-энергетикалык балансынын структурасын­да 58%ти нефть ж-а нефть продукциясы, 22%ти табигый газ, 13%ти көмүр, 4%ти чым көң, 1%ти биомасса (жыгач отун), 2%ти башка ка­лыбына келүүчү энергия түрлөрү (гидроэнергия, шамал энергиясы) түзөт. Ирландиянын түштүгүндө (Корк графтыгында) өлкөдөгү нефть ажыратуу­чу жалгыз завод иштейт. 2005-жылы 25 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91%и ЖЭС-ке, 4%и ГЭСке, 5%и шамал энергиясына туура келет. Дүйнөдөгү эң ири шамал энергия курул­масы өлкөнүн чыгыш жээгинде (Арклоу шаарына жакын) курулууда. Түстүү металлургиянын не­гизги тармагы – глинозём өндүрүшү (алюми­ний өнөр жайы үчүн сырьё), ошондой эле полиметалл кен­таштарын казып алуу ж-а байытуу. 2005-жылы 1,5 млн т глинозём, 429 миң т цинк концентраты, 64 миң т коргошун концентраты, 6 т күмүш өн­дүрүлгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу; анын продукцияс ынын наркынын 90%тен ашыгы электроника ж-а электр-техника өнөр жайына таандык. Анын негизги продукцияла­ры: жекече компьютер ж-а офис техникалары, | |||
туруктуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Анын үлүшүнө иштегендердин 15%тейи (298 миң адам) ж-а ИДПнин көлөмүнүн 17%и туура ке­лет. | |||
өскөн. | |||
Ички ресурстарынын эсебинен өлкө электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40%ин ка­нааттандырат. Энергия балансындагы импорт­тук нефтинин үлүшү кыскарып, табигый газ­дын ж-а көмүрдүн үлүшү көбөйүүдө. Чым көң м-н иштеген ири электр станциясы курулган. Отун-энергетикалык балансынын структурасын­да 58%ти нефть ж-а нефть продукциясы, 22%ти табигый газ, 13%ти көмүр, 4%ти чым көң, 1%ти биомасса (жыгач отун), 2%ти башка ка­лыбына келүүчү энергия түрлөрү (гидроэнергия, шамал энергиясы) түзөт. | |||
электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91%и ЖЭС-ке, 4%и ГЭСке, 5%и шамал энергиясына туура келет. Дүйнөдөгү эң ири шамал энергия курул­масы өлкөнүн чыгыш жээгинде (Арклоу | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ29.png | thumb | Дублиндеги эл аралык каржы (финансы) борбору.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ29.png | thumb | Дублиндеги эл аралык каржы (финансы) борбору.]] | ||
телекоммуникация жабдуулары, электр- | телекоммуникация жабдуулары, электр-техника буюмдары, прибор куруу продукциялары, авто­мобиль электроникасы. Жекече компьютер чыгаруу боюнча (2005-жылы 12 млн даана) Ирландия Улуу Британиядан ж-а Германиядан калышпайт, ал эми аны экспорттоо наркы боюнча (2006-жылы 18,4 млрд евро) Европада 1-орунда. Тамак-аш (эт, сүт, пиво кайнатуу, спирт, ун ж. б.), текстиль, ки­йим тигүү тармактары да өнүккөн. Курулуш ма­териалдар өнөр жайы жергиликтүү сырьёлордун (акиташ, гипс, доломит, гранит ж. б.) негизинде иштеп, ички рынокко багытталган.
Айыл чарбасынын негизги тармагы – мал чарбасы. Ирландия эт, сүт, жумуртка ж. б. мал чарба ж-а дыйкан­чылык (картөшкө, арпа, сулуу, тамыры тоют өсүмдүктөр) продуктуларына болгон ички мук­таждыкты толук камсыз кылат. Ошондой эле Ирландия – мал чарба продуктусун экспорттоочу бирден бир өлкө. Айыл чарбага жарактуу жери 4,3 млн га (өлкөнүн аянтынын 62%и), анын 91%и шалбаа ж-а жа­йыт, 9%и айдалат (дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөт­күч). 2005-жылы 6,9 млн бодо мал ( 1,1 млну саан уй), 1,7 млн чочко, 6,2 млн кой, 72 миң жыл­кы, 12 300 миң үй кушу болгон. Мал чарбасы- | ||
чыгаруу | |||
Британиядан ж-а Германиядан калышпайт, ал эми аны экспорттоо наркы | |||
өсүмдүктөр) продуктуларына болгон ички мук­таждыкты толук камсыз кылат. | |||
өлкө. | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ30.png | thumb | Эт багытындагы мал үйүрү.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ30.png | thumb | Эт багытындагы мал үйүрү.]] | ||
[[File:ИРЛАНДИЯ31.png | thumb | Ирландия акчасы.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ31.png | thumb | Ирландия акчасы.]] | ||
нын маанилүү тармагы – эт багытындагы мал асыроо. Балык кармалат.
| нын маанилүү тармагы – эт багытындагы мал асыроо. Балык кармалат.
Ирландия экономикасынын ири ж-а өтө ылдам өнү­гүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү. Ирландия тейлөө­нү экспорттоо боюнча дүйнөдө 10-орунду ээлейт. Негизги тейлөө чөйрөлөрү: дүң ж-а чекене соо­да, финансы, ишкердик ж-а адистик кызмат, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, билим берүү, ошондой эле транспорттук, байланыш, административдик тейлөөлөрү. Тез темп м-н өнүгүп жаткан финансы, ишкердик ж-а адистик тейлөө (анын ичинде компьютердик тейлөө да) мекемелери негизинен Дублиндин тегерегинде жайгашкан. Мында баш­кы улуттук банктын, чет өлкөлүк ж-а эл ара­лык 450 банктын филиалдары ж-а бөлүмдөрү орун алган. Кеңеш берүүчү 700гө жакын фирма­лар аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу ж. б. боюнча тейлейт. Ирландия – дүйнөгө финансылык, иш­кердик ж-а адистик тейлөөнү экспорттоочу не­гизги өлкө; ошондой эле Европанын негизги офшор­дук зонасы болуп саналат. Ирландия компьютердик тейлөөнүн көлөмү (компьютердик ж-а телеком­муникациялык жабдууларды пайдалануу, про­граммалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалы­мат базасын түзүү ж. б.) б-ча Европада 1-орунду ээлейт. Рекреациялык тейлөө ж-а туризм ИДПнин 6%ин түзөт. Туризмден түшкөн кирешенин жалпы көлөмү – 5,4 млрд евро. 2006-жылы Ирландияга 7,4 млн чет өлкөлүк турист келген.
Ирландия – дүйнөдөгү ички транспорттук коммуни­кациясы эң жыш өлкө. Автомобиль жолунун узундугу 96,6 миң км. Негизги автомагистралдары Дублинди өлкөнүн – Корк, Лимерик, Уотерфорд, Голуэй, Слайго сыяктуу ири шаарлары, ошондой эле Белфаст (Түндүк Ирландия) м-н байланыштырат. Атлантика океанын жээктей Голуэйден түштүк­тү карай – Лимерик, Корк, Уотерфордго кеткен (Атлантика коридору деп аталган) автомагист­ралдын мааниси зор. Темир жолунун узундугу 3312 км (2005). Деңиз транспорту чет өлкөлөргө ташылган жүктүн негизги бөлүгүн ж-а эл аралык жүр­гүнчүлөрдүн 10%тейин ташыйт. Өлкөдө 36 аэро­порт бар, анын ирилери – Дублин, Шаннон, Корк шаарларында. Ички суу жолунун узундугу 753 км (рек­реациялык максатка гана пайдаланылат). Ма­гистралдык газ куурунун узундугу 1728 км (2006).
Экспортко электрондук өнөр жай товарлары, дары-­дармек, ошондой эле машина ж-а жабдуу, химикат, тирүүлөй мал, мал чарба продуктулары, алко­голь ичимдиктерин чыгарып, сырттан электро­ника үчүн компоненттерди, машина куруу про­дукцияларынын башка түрлөрүн, химикаттарды, нефть ж-а нефть продуктуларын, текстиль, ки­йим ж-а бут кийим алат. Негизги соода шерик­тери: Улуу Британия (импорт м-н экспорттун | ||
Экспортко электрондук | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ32.png | thumb | Дублин деңиз порту.]] | [[File:ИРЛАНДИЯ32.png | thumb | Дублин деңиз порту.]] | ||
1/ ), АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Ни­дерланд. | 1/2 ), АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Ни­дерланд. | ||
'''Маданияты.''' Ирландияда башталгыч ж-а орто билим алуу милдеттүү түрдө ишке ашырылат. Баштал­гыч мектептердин көбү мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми айрым жерлерде чиркөө­лөргө караган мектептер да бар. 1960-жылга чейин орто билим берүүчү мектептер жеке менчик же чиркөөлөргө караса, 1966-жылдан мамлекеттин карамагына өтүп, кошумча жаңы мектептер са­лынган. Жогорку окуу жайлары: Дублин университети (королева Ели­завета I тарабынан 1591-жылы негизделген), Ирлан­дия улуттук университети (1908-жылы коллеждер федера­циясы катары уюшулган, учурда Корка, Дуб­лин, Голуэй жана Мейнуттагы окуу жайлары карайт), Мейнуттагы улуттук университет (католик се­минариясы катары да эсептелет), Дублин шаардык университети (1980) жана Лимерика университети (1989) жана башкалар. Ирландияда 13 техникум жана бир катар педагогикалык коллеж­дер бар. Ирландия королдук академиясы бар­дык тармактарда илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт жана каржылайт. Булардан тышкары, Ирландия корол­дук искусство академиясы, Ирландия королдук музыка ака­демиясы бар.
Ирландияда 1931-жылы негизделген «Айриш индепен­дент» (82 миңден ашык нуска), «Айриш таймс» (117 миң нуска), «Ивнинг геральд» (95 миң) жана башка күнүнө 5 млндон ашык нускада гезиттер жарык көрөт.[[File:ИРЛАНДИЯ34.png | thumb | Кайлмор сепили. 1867–1871.|left]] | |||

чиркөөлөргө караса, 1966-жылдан мамлекеттин карамагына өтүп, кошумча жаңы мектептер са­лынган. | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ33.png | thumb | Ардмордогу мунара. VIII–X кылым.]] | |||
1926-жылы радио уктуруу, 1961-жылы теле­көрсөтүү башталган. Учурда улуттук коомдук эки тармак жана аймактык радио станцияларын камтыган мамлекеттик «Эйре радио жана телекөрсөтүү» (RTE) компаниясы, бир коммерциялык радио уктуруу жана 21 жергиликтүү коммерциялык станция­лар бар. Телекөрсөтүүлөр үч мамлекеттик каналда (экөө англис, бирөө ирланд тилинде) көрсөтүлөт.
Биздин замандын алгачкы кылымдарында Кухулин жөнүндөгү баа­тырдык эпос жаралып, VIII–IX кылымдарда жазылып алын­ган. Орто кылымдарда бард (профессионал акын­дар) поэзиясы жогору өрүш алып, XVIII кылымда төмөн­дөп кеткен. Англиянын колониясы болуп тур­ган учурда адабияты жай өнүккөн. XVIII кылымдагы поэ­зияда (Ф. О,Найв, Ж. Нажент, Б. Мерримен жана башкалар) патриоттук идеялар камтылган. XVIII кылымдын аягында ирланд адабияты менен фольклорунун сал­тын уланткан англис тилиндеги ирланд адабияты (Т. Мур, Ж. Гриффин, У. Карлтон жана башкалар) маани­лүү орун ээлеген. ХIX кылымдын аягында «Ирланд кай­ра жаралуусу» деген маданий кыймыл башта­лып, ага драматург У. Б. Йейтс (1865–1939), акын­дар Ж. Рассел (1867–1935), Ж. Стивенс (1882– 1950), драматург А. Грегори (1852–1932), жазуу­чу П. Колум (1881–1972) жана башкалар жигердүү катыш­кан. Улуттук-боштондук кыймыл Ш. О’Кейси­нин (1880–1964) драмалары менен прозасында, П. О’Доннелдин, Ш. О’Фаолейндин жана башка чыгар­маларында негизги темага айланган. | |||
Ирландия искусствосунун башаты кельттердин көркөм маданиятынан башталат. V–XI кылымдарда Ирландияда мунаралуу чиркөөлөр курулуп, китеп миниатюралары түзүлгөн. XII–XVI кылымдарда имараттар готика жана ро­ман стилинде салынган. Кийин Англия үстөм­дүгү Ирландиянын искусствосуна да күчтүү таасирин тий­гизген. Ирландия искусствосу XVIII кылымдын аягынан (живопис­чилер У. Осборн, Н. Хоун Кенже жана башкалар) тартып жандана баштап, XX кылымда улуттук реалисттик мектеп (живописчилери Жон Б. Йейтс, Ч. Лэмб жана башкалар) калыптанган.
Кельттердин көп үндүү хору тууралуу ирланд сагаларында эскерилет. Жига, рил, хорнпайт, сетданс бийлеринин ирландча түрлөрү бар. XVI–XVII кылымдарда ак сөөктүк музыкалык чөйрөдөн профессионал композиторлор Рор Долл О’Катайн, Ж. жана Х. Скот­тор, Т. жана У. Конелландар чыккан. Романти­калуу Ирландия балладасы жана эски арфа музыкасы XVIII–XIX кылымдарда Европада кыйла бааланган. | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ35.png | thumb | Ж. Китинг. «Аллегория» чен. 1922-ж.|left]] | |||
Белгилүү музыканттары: арфачы, композитор Д. Мёрфи, ырчы, композитор М. Келли (XVIII кылым), опералардын автору, ыр­чы М. Бальф (XIX кылым), ноктюрн жанрын негиз­дөөчү Ж. Филд (XIX кылым) жана башкалар. Биринчи ирланд операсы 1909-жылы жазылган. Улуттук симфония­лык (1948), Ирландия камералык (1963) ор­кестрлери, Ирландия королдук музыка акаде­миясы (1848) иштейт. Ар кыл эл аралык музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. | |||
[[File:ИРЛАНДИЯ35.png | thumb | Ж. Китинг. «Аллегория» чен. 1922-ж.]] | |||
XIX кылымдын акырынан У. Б. Йейтс жана А. Грего­ринин демилгеси менен Ирландия адабий театры түзүл­гөн. 1901-жылы ал ышкыбоздор менен биригип, Ирландия улуттук драма коомуна, кийин аббаттык театр­га айланган. 1922-жылы драма союзу түзүлгөн. 1929-жылы Э. Хилтон жана Мак-Лиаммор театр уюш­турган. 1939-жылдан аббаттык театр гель ти­линде оюн көрсөтөт. | |||
Ад.: Колпаков А. Д. Ирландия – остров мятежный. М., 1965; Афанасьев Г. Е. История Ирландии. М., 2007; Ирландия // Большая Российская энциклопе­дия. Т. 11. М., 2008. | Ад.: Колпаков А. Д. Ирландия – остров мятежный. М., 1965; Афанасьев Г. Е. История Ирландии. М., 2007; Ирландия // Большая Российская энциклопе­дия. Т. 11. М., 2008. | ||

Т. Өмүрканова.

Т. Өмүрканова.

[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
08:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРЛА́НДИЯ (ирландча Еire, англ. Irе1аnd) – Батыш Европадагы мамлекет. Ирландия аралынын 5/6 бөлүгүн, ошондой эле анын батыш жээгине жакын жай-

гашкан чакан аралдарды (Акилл, Аран, Клэр ж. б.) ээлеп, Улуу Британия ж-а Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна кирген Түндүк Ирландия м-н чектешет. Чыгышынан Улуу Британиядан Ыйык Георг кысыгы ж-а Ирланд деңизи аркылуу бөлүнөт. Түндүк-батышын, батышын ж-а түштүгүн Атлантика океаны чулгайт. Европадан Түндүк Америкага кеткен деңиз жолунда жайгашкан. Аянты 70,2 миң км2. Калкы 5,1 млн. (2022). Борбору – Дублин шаары. Мамлекеттик биринчи тили – ирланд (гэль) тили, экинчиси – англис тили. Акча бирдиги – евро. Ирландиянын аймагы 4 тарыхый провинцияга – Коннахт, Ленстер, Манстер ж-а Ольстерге (Ольстердин негизги бөлүгү Түндүк Ирландиянын курамына кирет) бөлүнөт. Административдик-аймактык жактан 29 графтыктан ж-а 5 шаар графтыгынан турат.

Ирландия – БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1973–92-жылдар), ЕККУнун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1957) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Ирландия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1937-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (добуш берүү жолу м-н 7 жылга, бирок эки мөөнөткө гана шайлана алат). Ал мыйзамдарды жарыялайт, судьяларды жогорку кызмат адамдарын дайындайт, куралдуу күчтөрдү башкарат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент, ага президент, өкүлдөр палатасы ж-а сенат кирет. Аткаруу бийлигинин башчысы – премьер-министр. Президент өкүлдөр палатасынын сунушу м-н премьер-министрди, ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу боюнча дайындайт.
Саясий партиялары: Фине гэл (Бириккен Ирландия партиясы, 1933-жылы негизделген), Фианна фойл («Тагдыр аскерлери», 1926), Лейбористтик партия (1912) ж. б. Табияты. Ирландия аралынын чыгыш жээги көбүнчө жапыз, тегиз, түштүгү булуң-буйткалуу, батышында терең булуңдар бар, айрым жээктери риас тибинде. Борбордук аймактарында түздүктөр басымдуу; жээкке жакын айрым тоо массивдери 1041 м бийиктикке чейин (Керри тоосу өлкөнүн

эң бийик жери) көтөрүлөт. Чым көң, коргошун, цинк, таш көмүр, алтын ж. б. кендери бар. Мелүүн океандык, дайыма нымдуу климат өкүм сүрөт. Ал негизинен атлантикалык циклондордон улам пайда болот. Кышы жумшак (январдын орточо температурасы 5–8°С), жайы серүүн (июлдуку 14–16°С). Жылдык жаан-чачыны 700– 1500 мм, тоолордун батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Суусу мол дарыялар (эң ириси – Шаннон), көл ж-а саз көп. Өлөң чөп, дайыма жашыл бадалдар, шалбаа, тоолоруна эмен, кайың, мырза карагай мүнөздүү (өлкөнүн айма-

гынын 4%ин токой ээлейт). Өлкөнүн табиятын коргоого алган 104 табигый аймак (анын ичинде 6 улуттук парк, биосфералык резерваттар, табият коруктары) бар; Уэксфорд резерватында (эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер) Гренландия кашка казынын дүйнөлүк популяциясынын 1/2 и кыштайт. Калкы. Негизги калкы (88,8%и) ирланддар (анын ичинде гэлдер ж-а цыган-шелттер да бар). Иммигранттар ж-а алардын тукумдары (жалпы калктын 11,2%) негизинен Дублиндин тегерегинде

жашайт, алардын 2,7%и англистер ж-а шотланддар; ошондой эле Европадан келгендер да арбын. 100 жылдан ашуун мезгил ичинде (1841–1961) Ирландиянын калкы кескин кыскара баштаган. 1961-жылга чейин 2,82 млнго кыскарган. Эмиграциянын мындай кескин күчөшүнө 1845–47-жылдарда картөшкөнүн түшүмү болбогондугу ж-а эпидемиологиялык оорунун башталышы себеп болгон. 1960- жылдардан калктын саны акырындап өсө баштаган. 21-кылымдын башталышында төрөлүүнүн деңгээли (1000 адамга 14,45 бала) ж-а калктын табигый өсүүсүнүн темпи боюнча (0,66%) Европада алдыңкы орундардын бирин ээледи. Ирландия – Европадагы калкы эң жаш өлкөлөрдүн бири; 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 20,9%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67,6%, 65 жаштан өткөндөр 11,6% (2006). Ирландия калкынын орточо жыштыгы (1 км2 жерге 60 адам) ж-а шаар калкынын саны (59,3%) боюнча Европада арткы орундардын бирин ээлейт. Ири шаарлары: Дублин (калкы 1,7 млн; өлкөнүн калкынын 40%и), Корк (380 миң), Голуэй (90 миң), Лимерик (100 миң), Уотерфорд (50 миң). Калкынын 88%и католиктер.
Тарыхы. Ирландиянын аймагын адам б. з. ч. 6-миң жылдыкта мекендеген, б. з. ч. 4-кылымда кельт уруулары жашай баштаган. Алгачкы коомдук түзүлүш кландык (уруу) уюм формасында болуп, анын саркындылары 17–18-кылымдарга чейин сакталган. 3-кылым ченде пайда боло баштаган чакан аймактык бирикмелердин негизинде алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. 5-кылымда христиан дини тарай баштаган. 795-жылы Ирландияны норманндар басып кирген, бирок алар 1014-жылы кайра ирландиялык кошуундардан жеңилген. 1169–71-жылдарда Ирландияны англис-норманн феодалдары басып алып, анын түштүк-чыгыш жээгинде англиялык Пейл колониясы түзүлгөн. Шаарларда кол өнөрчүлүк м-н соода өнүгүп, мал чарбасы негизги тармакка айланган. Англиялык колониячыл саясат 16-кылымда өзгөчө күчөп, 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында Манстер, Ольстер ж-а Лентердин бир бөлүгү колонияга айландырылган. Колониячыларга каршы көп жолу көтөрүлүш чыккан. 16–17-кылымдарда Англия бүткүл Ирландия жеринин 6/7 бөлүгүнө жакынын ээлеген.
18-кылымдын аягында Ирландияда ири мануфактура м-н фабрика тибиндеги ишканалар пайда болгон. 1798-жылы «Бириккен ирландиялыктар» (1791-жылы негизделген) коому уюштурган көтөрүлүш басылган соң, Ирландиянын 1782–83-жылдарда берилген парламенттик автономиясы жоюлган (1801).
19-кылымда Ирландия метрополиянын агрардык базасына айланган. Эмиграциянын күчөшү Ирландиянын тарыхый өнүгүшүнүн мүнөздүү белгилерине айланган. 19-кылымдын 70–80-жылдары гомруль (Британ империясынын чегинде өзүн өзү башкаруу) үчүн күрөш күчөп, анын жүрүшүндө Гомруль лигасынын (1873-жылы негизделген) өкүлдөрү башында турган буржуазиялык-либералдык элементтер м-н улуттук кыймылдын революциячыл-демократиялык тарабы бириккен.
1905-жылы түзүлгөн Шин фейн партиясы Ирландиянын саясий-экономикалык өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн. 1912-жылы Лейбористтик партия негизделип, анын жетекчилери реформачыл саясат жүргүзгөн. Ирландиядагы революциялык кырдаал англиялык либералдык өкмөттү 1912–14-жылдарда парламентке гомруль ж-дө билль (мыйзам долбоору) киргизүүгө мажбурлаган. Бирок аны Улуу Британия м-н Ирландиянын реакциячыл чөйрөсү четке каккан. Улуттук таламдарды революциячыл жол м-н ишке ашы-

рууну көздөгөн 1916-жылдагы Ирландия көтөрүлүшү ырайымсыз басылган.
Улуттук-боштондук кыймылы күч алып, 1919-жылы январда Ирландиянын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1921-жылы декабрда Улуу Британия м-н Ирландиянын ортосунда кол коюлган келишим боюнча Ирландия доминиондук статус алган. Бирок түштүк-чыгыштагы өнөр жайы өнүккөн 6 графтык Улуу Британиянын бийлигинде калган. 1922–23-жылдарда граждандык согуш респ-чыл күчтөрдүн жеңилиши м-н аяктаган. Өлкөдө 1932-ж. чейин полициялык кысым тартиби орногон. 1932-жылы бийликке келген Де Валердин (1948-жылга чейинки премьер-министр) өкмөтү Улуу Британия м-н колониялык байланышты үзгөн. 1937-жылы Ирландиянын жаңы конституциясы кабыл алынып, ага ыйык Британиянын мурдагы доминиону «Эйре суверендүү мамлекети» болуп жарыяланган. 2-дүйнөлүк согуштун башында Ирландия өкмөтү өзүнүн бейтараптыгын билдирген. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн Улуу Британия бийлеп турган кезде Англия м-н Ирландия согуштук союз түзүүнү мүмкүн эмес деп эсептеген. Ирландия 1949-жылы көз карандысыз республика деп жарыяланып, ал Британ шериктештигинен чыккан.
Ирландия – 1955-жылдан БУУнун мүчөсү. Ирландия өкмөтү 1963-жылы ядролук куралды сыноого тыюу салуу, 1968-жылы ядролук куралды таратпоо жөнүндөгү келишимдерге кол койгон.
1990-жылдардын баш ченинде өлкөдө экономикалык өсүш башталып, ал ирландиялык «экономикалык керемет» («кельт жолборсу») деп аталган. Курулуш, маалыматтык технология ж. б. секторлордун өтө тез темпте өнүгүүсү байкалган. 1998-жылы кол коюлган Англия – Ирландия макулдашуусунун шарты боюнча Түндүк Ирландия жашоочуларынын каалоосу боюнча Британиянын карамагында болот. Ошол эле учурда Түндүк Ирландиянын калкы Ирландия м-н биригүүнү кааласа, эки тарап тең бардык чараларды колдонушу белгиленген. 1998-жылы референдумда 94% ирландиялыктар «улуттук аймактарды бириктирүү» маселесин колдогон. 1999-жылы Ирландия НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына кошулган. 2002-жылы евро зонасына кирген.
Чарбасы. Ирландия – дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 177,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 41,8 миң долларды түзөт (Ирландия – бул көрсөткүчү м-н дүйнөдө Люксембург, Норвегия ж-а АКШдан кийинки 4-орунду ээлейт). 21-кылымдан Ирландия экспорттук чарбага багыт алууда: иштеп чыгаруучу өнөр жай продукциясынын 80%тен ж-а айыл чарба продукциясынын 50%тен ашыгы экспорт үчүн өндүрүлөт. Ошол эле мезгилде өнөр жай сырьёсунун 80%тен ашыгы сырттан алынат; өлкөнүн рыногунда ошондой эле импортук машина, жабдуу, химикат ж. б. даяр продукциялардын үлүшү да зор. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүүсү айрым социалдык теңсиздикти жаратты (калктын кирешесинин деңгээли боюнча эң бай катмары м-н эң жакыр катмарынын ортосундагы айырмачылык өтө зор, бул көрсөткүч боюнча экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунда), жумушчу күчүнүн ж-а аянтты ижарага алуунун баасы көтөрүлдү ж. б. ИДПнин 60%ин тейлөө чөйрөсү, 37%ин өнөр жайы ж-а курулуш, 3%ин айыл чарба, токой чарбасы ж-а балык кармоо түзөт. Экономикасы 2 секторго бөлүнөт: ири чет өлкөлүк (негизинен жогорку технологиядагы өнөр жай тармактары:

электроника, машина куруу, химия) ж-а улуттук (тармак-аш ж-а жеңил өнөр жайы). Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү акыркы жылдары негизинен чет өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциялардын тез көбөйүшүнө байланыштуу. Чет өлкөлүк компанияларга ИДПнин 1/2 инен ашыгы, өлкөнүн экспортунун 92%и таандык. Мамлекеттик компаниялар энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. чөйрөлөрдүн негизги тармактарын көзөмөлдөйт.
Өнөр жайы – Ирландиянын экономикасынын башкы ж-а туруктуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Анын үлүшүнө иштегендердин 15%тейи (298 миң адам) ж-а ИДПнин көлөмүнүн 17%и туура келет. Өнөр жай продукциясын сатуу 2005-жылы 4 эсеге өскөн. Өнөр жай продукциясынын сатуу наркынын 62%тейи жаңы жогорку технологиялуу 3 тармакка таандык (2005): химия-фармацевтикалык ж-а химия өнөр жайы; электроника ж-а электр-техника өнөр жайы; информатикалык продукцияларды өндүрүү ж-а таратуу: программалык, магниттик (аудио-, видео кассеталар ж. б.) ж-а оптикалык (CD, DVD-диск ж. б.) алып жүргүчтөр ж. б.
Ички ресурстарынын эсебинен өлкө электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40%ин канааттандырат. Энергия балансындагы импорттук нефтинин үлүшү кыскарып, табигый газдын ж-а көмүрдүн үлүшү көбөйүүдө. Чым көң м-н иштеген ири электр станциясы курулган. Отун-энергетикалык балансынын структурасында 58%ти нефть ж-а нефть продукциясы, 22%ти табигый газ, 13%ти көмүр, 4%ти чым көң, 1%ти биомасса (жыгач отун), 2%ти башка калыбына келүүчү энергия түрлөрү (гидроэнергия, шамал энергиясы) түзөт. Ирландиянын түштүгүндө (Корк графтыгында) өлкөдөгү нефть ажыратуучу жалгыз завод иштейт. 2005-жылы 25 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91%и ЖЭС-ке, 4%и ГЭСке, 5%и шамал энергиясына туура келет. Дүйнөдөгү эң ири шамал энергия курулмасы өлкөнүн чыгыш жээгинде (Арклоу шаарына жакын) курулууда. Түстүү металлургиянын негизги тармагы – глинозём өндүрүшү (алюминий өнөр жайы үчүн сырьё), ошондой эле полиметалл кенташтарын казып алуу ж-а байытуу. 2005-жылы 1,5 млн т глинозём, 429 миң т цинк концентраты, 64 миң т коргошун концентраты, 6 т күмүш өндүрүлгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу; анын продукцияс ынын наркынын 90%тен ашыгы электроника ж-а электр-техника өнөр жайына таандык. Анын негизги продукциялары: жекече компьютер ж-а офис техникалары,

телекоммуникация жабдуулары, электр-техника буюмдары, прибор куруу продукциялары, автомобиль электроникасы. Жекече компьютер чыгаруу боюнча (2005-жылы 12 млн даана) Ирландия Улуу Британиядан ж-а Германиядан калышпайт, ал эми аны экспорттоо наркы боюнча (2006-жылы 18,4 млрд евро) Европада 1-орунда. Тамак-аш (эт, сүт, пиво кайнатуу, спирт, ун ж. б.), текстиль, кийим тигүү тармактары да өнүккөн. Курулуш материалдар өнөр жайы жергиликтүү сырьёлордун (акиташ, гипс, доломит, гранит ж. б.) негизинде иштеп, ички рынокко багытталган.
Айыл чарбасынын негизги тармагы – мал чарбасы. Ирландия эт, сүт, жумуртка ж. б. мал чарба ж-а дыйканчылык (картөшкө, арпа, сулуу, тамыры тоют өсүмдүктөр) продуктуларына болгон ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Ошондой эле Ирландия – мал чарба продуктусун экспорттоочу бирден бир өлкө. Айыл чарбага жарактуу жери 4,3 млн га (өлкөнүн аянтынын 62%и), анын 91%и шалбаа ж-а жайыт, 9%и айдалат (дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч). 2005-жылы 6,9 млн бодо мал ( 1,1 млну саан уй), 1,7 млн чочко, 6,2 млн кой, 72 миң жылкы, 12 300 миң үй кушу болгон. Мал чарбасы-

нын маанилүү тармагы – эт багытындагы мал асыроо. Балык кармалат.
Ирландия экономикасынын ири ж-а өтө ылдам өнүгүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү. Ирландия тейлөөнү экспорттоо боюнча дүйнөдө 10-орунду ээлейт. Негизги тейлөө чөйрөлөрү: дүң ж-а чекене соода, финансы, ишкердик ж-а адистик кызмат, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, билим берүү, ошондой эле транспорттук, байланыш, административдик тейлөөлөрү. Тез темп м-н өнүгүп жаткан финансы, ишкердик ж-а адистик тейлөө (анын ичинде компьютердик тейлөө да) мекемелери негизинен Дублиндин тегерегинде жайгашкан. Мында башкы улуттук банктын, чет өлкөлүк ж-а эл аралык 450 банктын филиалдары ж-а бөлүмдөрү орун алган. Кеңеш берүүчү 700гө жакын фирмалар аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу ж. б. боюнча тейлейт. Ирландия – дүйнөгө финансылык, ишкердик ж-а адистик тейлөөнү экспорттоочу негизги өлкө; ошондой эле Европанын негизги офшордук зонасы болуп саналат. Ирландия компьютердик тейлөөнүн көлөмү (компьютердик ж-а телекоммуникациялык жабдууларды пайдалануу, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалымат базасын түзүү ж. б.) б-ча Европада 1-орунду ээлейт. Рекреациялык тейлөө ж-а туризм ИДПнин 6%ин түзөт. Туризмден түшкөн кирешенин жалпы көлөмү – 5,4 млрд евро. 2006-жылы Ирландияга 7,4 млн чет өлкөлүк турист келген.
Ирландия – дүйнөдөгү ички транспорттук коммуникациясы эң жыш өлкө. Автомобиль жолунун узундугу 96,6 миң км. Негизги автомагистралдары Дублинди өлкөнүн – Корк, Лимерик, Уотерфорд, Голуэй, Слайго сыяктуу ири шаарлары, ошондой эле Белфаст (Түндүк Ирландия) м-н байланыштырат. Атлантика океанын жээктей Голуэйден түштүктү карай – Лимерик, Корк, Уотерфордго кеткен (Атлантика коридору деп аталган) автомагистралдын мааниси зор. Темир жолунун узундугу 3312 км (2005). Деңиз транспорту чет өлкөлөргө ташылган жүктүн негизги бөлүгүн ж-а эл аралык жүргүнчүлөрдүн 10%тейин ташыйт. Өлкөдө 36 аэропорт бар, анын ирилери – Дублин, Шаннон, Корк шаарларында. Ички суу жолунун узундугу 753 км (рекреациялык максатка гана пайдаланылат). Магистралдык газ куурунун узундугу 1728 км (2006).
Экспортко электрондук өнөр жай товарлары, дары-дармек, ошондой эле машина ж-а жабдуу, химикат, тирүүлөй мал, мал чарба продуктулары, алкоголь ичимдиктерин чыгарып, сырттан электроника үчүн компоненттерди, машина куруу продукцияларынын башка түрлөрүн, химикаттарды, нефть ж-а нефть продуктуларын, текстиль, кийим ж-а бут кийим алат. Негизги соода шериктери: Улуу Британия (импорт м-н экспорттун

1/2 ), АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Нидерланд.
Маданияты. Ирландияда башталгыч ж-а орто билим алуу милдеттүү түрдө ишке ашырылат. Башталгыч мектептердин көбү мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми айрым жерлерде чиркөөлөргө караган мектептер да бар. 1960-жылга чейин орто билим берүүчү мектептер жеке менчик же чиркөөлөргө караса, 1966-жылдан мамлекеттин карамагына өтүп, кошумча жаңы мектептер салынган. Жогорку окуу жайлары: Дублин университети (королева Елизавета I тарабынан 1591-жылы негизделген), Ирландия улуттук университети (1908-жылы коллеждер федерациясы катары уюшулган, учурда Корка, Дублин, Голуэй жана Мейнуттагы окуу жайлары карайт), Мейнуттагы улуттук университет (католик семинариясы катары да эсептелет), Дублин шаардык университети (1980) жана Лимерика университети (1989) жана башкалар. Ирландияда 13 техникум жана бир катар педагогикалык коллеждер бар. Ирландия королдук академиясы бардык тармактарда илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт жана каржылайт. Булардан тышкары, Ирландия королдук искусство академиясы, Ирландия королдук музыка академиясы бар.
Ирландияда 1931-жылы негизделген «Айриш индепендент» (82 миңден ашык нуска), «Айриш таймс» (117 миң нуска), «Ивнинг геральд» (95 миң) жана башка күнүнө 5 млндон ашык нускада гезиттер жарык көрөт.

1926-жылы радио уктуруу, 1961-жылы телекөрсөтүү башталган. Учурда улуттук коомдук эки тармак жана аймактык радио станцияларын камтыган мамлекеттик «Эйре радио жана телекөрсөтүү» (RTE) компаниясы, бир коммерциялык радио уктуруу жана 21 жергиликтүү коммерциялык станциялар бар. Телекөрсөтүүлөр үч мамлекеттик каналда (экөө англис, бирөө ирланд тилинде) көрсөтүлөт.
Биздин замандын алгачкы кылымдарында Кухулин жөнүндөгү баатырдык эпос жаралып, VIII–IX кылымдарда жазылып алынган. Орто кылымдарда бард (профессионал акындар) поэзиясы жогору өрүш алып, XVIII кылымда төмөндөп кеткен. Англиянын колониясы болуп турган учурда адабияты жай өнүккөн. XVIII кылымдагы поэзияда (Ф. О,Найв, Ж. Нажент, Б. Мерримен жана башкалар) патриоттук идеялар камтылган. XVIII кылымдын аягында ирланд адабияты менен фольклорунун салтын уланткан англис тилиндеги ирланд адабияты (Т. Мур, Ж. Гриффин, У. Карлтон жана башкалар) маанилүү орун ээлеген. ХIX кылымдын аягында «Ирланд кайра жаралуусу» деген маданий кыймыл башталып, ага драматург У. Б. Йейтс (1865–1939), акындар Ж. Рассел (1867–1935), Ж. Стивенс (1882– 1950), драматург А. Грегори (1852–1932), жазуучу П. Колум (1881–1972) жана башкалар жигердүү катышкан. Улуттук-боштондук кыймыл Ш. О’Кейсинин (1880–1964) драмалары менен прозасында, П. О’Доннелдин, Ш. О’Фаолейндин жана башка чыгармаларында негизги темага айланган.
Ирландия искусствосунун башаты кельттердин көркөм маданиятынан башталат. V–XI кылымдарда Ирландияда мунаралуу чиркөөлөр курулуп, китеп миниатюралары түзүлгөн. XII–XVI кылымдарда имараттар готика жана роман стилинде салынган. Кийин Англия үстөмдүгү Ирландиянын искусствосуна да күчтүү таасирин тийгизген. Ирландия искусствосу XVIII кылымдын аягынан (живописчилер У. Осборн, Н. Хоун Кенже жана башкалар) тартып жандана баштап, XX кылымда улуттук реалисттик мектеп (живописчилери Жон Б. Йейтс, Ч. Лэмб жана башкалар) калыптанган.
Кельттердин көп үндүү хору тууралуу ирланд сагаларында эскерилет. Жига, рил, хорнпайт, сетданс бийлеринин ирландча түрлөрү бар. XVI–XVII кылымдарда ак сөөктүк музыкалык чөйрөдөн профессионал композиторлор Рор Долл О’Катайн, Ж. жана Х. Скоттор, Т. жана У. Конелландар чыккан. Романтикалуу Ирландия балладасы жана эски арфа музыкасы XVIII–XIX кылымдарда Европада кыйла бааланган.

Белгилүү музыканттары: арфачы, композитор Д. Мёрфи, ырчы, композитор М. Келли (XVIII кылым), опералардын автору, ырчы М. Бальф (XIX кылым), ноктюрн жанрын негиздөөчү Ж. Филд (XIX кылым) жана башкалар. Биринчи ирланд операсы 1909-жылы жазылган. Улуттук симфониялык (1948), Ирландия камералык (1963) оркестрлери, Ирландия королдук музыка академиясы (1848) иштейт. Ар кыл эл аралык музыкалык фестивалдар өткөрүлөт.
XIX кылымдын акырынан У. Б. Йейтс жана А. Грегоринин демилгеси менен Ирландия адабий театры түзүлгөн. 1901-жылы ал ышкыбоздор менен биригип, Ирландия улуттук драма коомуна, кийин аббаттык театрга айланган. 1922-жылы драма союзу түзүлгөн. 1929-жылы Э. Хилтон жана Мак-Лиаммор театр уюштурган. 1939-жылдан аббаттык театр гель тилинде оюн көрсөтөт.
Ад.: Колпаков А. Д. Ирландия – остров мятежный. М., 1965; Афанасьев Г. Е. История Ирландии. М., 2007; Ирландия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Т. Өмүрканова.