ЕФРЕМОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕФРЕ́МОВ''' Филипп Сергеевич (1750–1811) – орус | '''ЕФРЕ́МОВ''' '''Филипп Сергеевич''' (1750–1811-жылдан кийин) – 1763-жылдан орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар жөнүндө орустарга алгач маалымат берген саякатчы. Е. [[Пугачёв|Пу­гачёв]]дун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-жылы анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Ефремов [[казактар]]дын колуна түшүп, [[Бухара]]нын баш­каруучусу (1758–1785) Даниял аталыкка сатылат. Туткунда жүр­гөндө [[түрк]], [[фарси]] тилдерин үйрөнүп, бухара ас­керинин курамында [[Самарканд]], [[Мерв]], Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Даниял аталыкка таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Ефремовдун аскердик билимин жана шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Ефремов өз жерине кайтуу оюнан эч качан жан­баган. Хивалыктар менен согушта жеӊишти ка­барлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчы­га акча берип, [[Кокон]]го өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондор­го өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. [[Россия]]га түз ка­чуудан кооптонуп, адегенде [[Алай тоолору]]н ашып [[Кашкар]]га, ал жерден [[Меке]]ге ажылыкка баратам деп, [[Тибет]] жана [[Гималай]]ды басып, [[Индия|Ин­дия]]га жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы ка­зак талааларын, [[Кара-Кум]], [[Кызыл-Кум]] чөлдө­рүн, Персия (азыркы [[Иран]]), Бухара, [[Кыргызстан]]ды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктар­дын бирөө болуп калган. 1774–82-жылдар аралыгын­дагы саякатында Ефремов жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме менен [[Англия]]га келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-жылы 26-августта [[Санкт- Петербург]]га жеткен. Кийин ал фарси ж. б. азия тилдери боюнча тышкы иштер коллегиясына жу­мушка кирген. Ефремовдун жазган отчёту 1786-жылы «То­гуз жылга созулган сапар (толугу: Российского унтер-офицера Ефремова, ныне коллежского ассесора десятилетнее странствование и приключение в Бухарии, Хиве, Персии и Индии, и возвращение оттуда чрез Англию в Россию)» деген ат менен китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар жөнүндө кабар жеткен. Кыргыздар менен казактардын аталышында фо­нетикалык жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп: «Ош (Уш) шаары тоодон агып чыккан дарыянын төмөн жагында. Андан ары Кукан ээлигинин чыгышында кичи Бухара жана андан ары Кашкар аймагы жатат; бул экөөнүн орто чениндеги тоолордо кыргыз-кайсактардан айырмасы бар кыргыздар жашайт. Кукан (азыр Кокания деп аталат) жапайы кыргыздардын жерине чектеш жерде, алар Коконго караштуу Уш шаары менен Кашкариянын ортосун мекендейт, Кукандын борборунан Маргалаң (Маргылян), Уш жана киргыздардын (Бухарада киргыз; къиргыз; киргиз-кайсактарды – казак дешет) конушу аркылуу тоолор менен Кашкар шаарларына чейинки жол он күндүк; жолдо токой аз, бирок тоо суусу жана тоют чөп жолоочуларга жетиштүү; кыргыздарда каракчылык сейрек» кездешерин эскерткен. Ошондой эле кыргыздардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон менен чекте­шип жаткандыктан, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Ефремов китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даӊазала­гым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экен­диги түрткү болду. Байыркы, жаӊы тарыхты окуп жатып, [[Кытай]], Индия, Персия, Бухара, [[Хива]]нын аралыгында жашаган элдер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Ефремов тирүү кезинде эле 3 жолу басылган. | ||
армиясынын унтер-офицери; кыргыздар | |||
элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондор­го өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. | |||
Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952. ''В. Плоских.'' | Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952. | ||
''В. Плоских.'' | |||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
07:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЕФРЕ́МОВ Филипп Сергеевич (1750–1811-жылдан кийин) – 1763-жылдан орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар жөнүндө орустарга алгач маалымат берген саякатчы. Е. Пугачёвдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-жылы анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Ефремов казактардын колуна түшүп, Бухаранын башкаруучусу (1758–1785) Даниял аталыкка сатылат. Туткунда жүргөндө түрк, фарси тилдерин үйрөнүп, бухара аскеринин курамында Самарканд, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Даниял аталыкка таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Ефремовдун аскердик билимин жана шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Ефремов өз жерине кайтуу оюнан эч качан жанбаган. Хивалыктар менен согушта жеӊишти кабарлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчыга акча берип, Коконго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондорго өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз качуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет жана Гималайды басып, Индияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы казак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдөрүн, Персия (азыркы Иран), Бухара, Кыргызстанды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктардын бирөө болуп калган. 1774–82-жылдар аралыгындагы саякатында Ефремов жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме менен Англияга келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-жылы 26-августта Санкт- Петербургга жеткен. Кийин ал фарси ж. б. азия тилдери боюнча тышкы иштер коллегиясына жумушка кирген. Ефремовдун жазган отчёту 1786-жылы «Тогуз жылга созулган сапар (толугу: Российского унтер-офицера Ефремова, ныне коллежского ассесора десятилетнее странствование и приключение в Бухарии, Хиве, Персии и Индии, и возвращение оттуда чрез Англию в Россию)» деген ат менен китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар жөнүндө кабар жеткен. Кыргыздар менен казактардын аталышында фонетикалык жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп: «Ош (Уш) шаары тоодон агып чыккан дарыянын төмөн жагында. Андан ары Кукан ээлигинин чыгышында кичи Бухара жана андан ары Кашкар аймагы жатат; бул экөөнүн орто чениндеги тоолордо кыргыз-кайсактардан айырмасы бар кыргыздар жашайт. Кукан (азыр Кокания деп аталат) жапайы кыргыздардын жерине чектеш жерде, алар Коконго караштуу Уш шаары менен Кашкариянын ортосун мекендейт, Кукандын борборунан Маргалаң (Маргылян), Уш жана киргыздардын (Бухарада киргыз; къиргыз; киргиз-кайсактарды – казак дешет) конушу аркылуу тоолор менен Кашкар шаарларына чейинки жол он күндүк; жолдо токой аз, бирок тоо суусу жана тоют чөп жолоочуларга жетиштүү; кыргыздарда каракчылык сейрек» кездешерин эскерткен. Ошондой эле кыргыздардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон менен чектешип жаткандыктан, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Ефремов китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даӊазалагым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экендиги түрткү болду. Байыркы, жаӊы тарыхты окуп жатып, Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Ефремов тирүү кезинде эле 3 жолу басылган.
Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952.
В. Плоских.