ИЧ КАТУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧ КАТУУ</b> – узакка (48 сааттан ашык) заңда­бай калуу; ичеги маалы м-н арылбай, кыйна­лып заңдоо. | <b type='title'>ИЧ КАТУУ</b> – узакка (48 сааттан ашык) заңда­бай калуу; ичеги маалы м-н арылбай, кыйна­лып заңдоо. Ич катуу көптөгөн оорулардан, айла­на-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамак­тануудан келип чыгат. Дени соо адамдын заң­доосу тамактанышына, жашоо шартына ж-а көнүмүш адатына жараша ар кыл болот . Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңда­шат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн, эндокриндик ж-а психикалык, ошондой эле денедеги туз ж-а суу алмашуунун бузулушунан ж. б. бо­лот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу ж-а шар­тсыз рефлексттердин, ички бездердин начарла­шы ж. б. факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болу­шу мүмкүн. Анын катуу кармаган ж-а өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кездешет. Ага узак убакыт бир өңчөй та­мактануу, аз кыймылдоо ж-а тиштин начарлы­гы, суюктукту аз ичүү себеп болот. Дарылоо не­гизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда маалы м-н тамактануу, тамак рациону­на жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, өсүм­дүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Ошондой эле, эртең м-н курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө жүрүү ж. б. ичегилердин иштешин жакшыртат. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧ КАТУУ – узакка (48 сааттан ашык) заңдабай калуу; ичеги маалы м-н арылбай, кыйналып заңдоо. Ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат. Дени соо адамдын заңдоосу тамактанышына, жашоо шартына ж-а көнүмүш адатына жараша ар кыл болот . Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет. Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн, эндокриндик ж-а психикалык, ошондой эле денедеги туз ж-а суу алмашуунун бузулушунан ж. б. болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу ж-а шартсыз рефлексттердин, ички бездердин начарлашы ж. б. факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган ж-а өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кездешет. Ага узак убакыт бир өңчөй тамактануу, аз кыймылдоо ж-а тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот. Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда маалы м-н тамактануу, тамак рационуна жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, өсүмдүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Ошондой эле, эртең м-н курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө жүрүү ж. б. ичегилердин иштешин жакшыртат.