ГАНГ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАНГ''' , Г а н г а – Индия | '''ГАНГ''' , Г а н г а – Индия менен Бангладештеги дарыя. Узундугу 2700 ''км'', алабынын аянты 2200 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Гималайдан башталат. Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгү аркылуу агып, Инди океанынан Бенгал булуӊуна куярда Брахмапутра жана Мегхна дарыяларына кошулуп жалпы дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары – Жамна, Сон, Дамодар (оӊ), Гомати, Гхагхра, Гандак, Коси (сол). Режими муссондук, жайында деӊгээли 15 ''м''ге чейин көтөрүлүп, ташкындайт. Орточо чыгымы 13 миӊ ''м''<sup>3</sup>/''сек''; чатынан 300 ''км''ге чейин деӊиз ташкыны таасир тийгизет. 1450 ''км''ге (Гималайдын этегине) чейин кеме жүрөт. Ганг жана анын куймалары сугатка кеӊири пайдаланылат. Боюнда Аллахабад, Варанаси, Патна шаарлары, дельтасында Калькутта (Индия) деӊиз порту жайгашкан. Ганг индустардын ыйык дарыясы катары эсептелет, жээктеринде зыярат жайлары бар.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:ГАНГ56.png | thumb | Гана акчасы.]] | [[File:ГАНГ56.png | thumb | Гана акчасы.]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:48, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ГАНГ , Г а н г а – Индия менен Бангладештеги дарыя. Узундугу 2700 км, алабынын аянты 2200 миӊ км2. Гималайдан башталат. Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгү аркылуу агып, Инди океанынан Бенгал булуӊуна куярда Брахмапутра жана Мегхна дарыяларына кошулуп жалпы дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары – Жамна, Сон, Дамодар (оӊ), Гомати, Гхагхра, Гандак, Коси (сол). Режими муссондук, жайында деӊгээли 15 мге чейин көтөрүлүп, ташкындайт. Орточо чыгымы 13 миӊ м3/сек; чатынан 300 кмге чейин деӊиз ташкыны таасир тийгизет. 1450 кмге (Гималайдын этегине) чейин кеме жүрөт. Ганг жана анын куймалары сугатка кеӊири пайдаланылат. Боюнда Аллахабад, Варанаси, Патна шаарлары, дельтасында Калькутта (Индия) деӊиз порту жайгашкан. Ганг индустардын ыйык дарыясы катары эсептелет, жээктеринде зыярат жайлары бар.
