ГАИТИ аралы: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАИ́ТИ ''' (байыркы аты – К и с к е я) – Чоӊ Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деӊизи | '''ГАИ́ТИ ''' (байыркы аты – К и с к е я) – Чоӊ Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деӊизи менен чулганат. Куба аралынан Айдарым, Пуэрто-Рико аралынан Мона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Жанар тоо жана чөкмө тоо тектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр менен бөлүнгөн 4 кырка тоо бар). Бийиктиги 3175 ''м''ге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эӊ бийик жери). Жер көп титирейт. Деӊизге караган түндүк-чыгыш жана түштүк капталдарында дайыма жашыл жана аралаш тропик токою, батышы менен ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой жана бадал; эӊ бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу ж. б. токой өсөт. Аралда ''Гаити'' жана ''Доминикан Республикасы'' жайгашкан. 1492-жылы Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:05, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ГАИ́ТИ (байыркы аты – К и с к е я) – Чоӊ Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деӊизи менен чулганат. Куба аралынан Айдарым, Пуэрто-Рико аралынан Мона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миӊ км2. Жанар тоо жана чөкмө тоо тектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр менен бөлүнгөн 4 кырка тоо бар). Бийиктиги 3175 мге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эӊ бийик жери). Жер көп титирейт. Деӊизге караган түндүк-чыгыш жана түштүк капталдарында дайыма жашыл жана аралаш тропик токою, батышы менен ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой жана бадал; эӊ бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу ж. б. токой өсөт. Аралда Гаити жана Доминикан Республикасы жайгашкан. 1492-жылы Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган.