ИНФЕКЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФЕ́КЦИЯ</b> (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – патогендүү (оору козгоочу) мите­нин | <b type='title'>ИНФЕ́КЦИЯ</b> (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – адамдын же айбанаттын организмине патогендүү (оору козгоочу) мите­нин ки­риши ж-а көбөйүшү. Организмге кирген инфекция коз­гогучу бир органда же тканда кармалат. Мисалы, эволюциялык процессте котур кенеси теринин эпителий катмарына, баш келте козгогучу кан тамыр кап­талына, грипп вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу челине мителик кылууга ыңгайлаш­кан. Организмге мите киргенде мите м-н орга­низм ортосунда инфекциялык процесс жүрөт. Инфекциянын бул же тигил түрүнүн пайда болушу козгогуч­тун касиетине, организмдин абалына, ооруну кабыл алгычтыгына жараша болот. Патогендүү микроорганизмдердин кээ бирлери ар кандай жа­ныбарларды ылаңдатат, көбү жаныбардын ай­рым түрүнө гана мителик кылат. Инфекция козгогуч­тун түрүнө жараша бактериялык, вирустук, мите козу карындык, риккетсиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Ал катуу кармаган, өнөкөт же инфекция алып жүрүүчүлүк түрүндө билинет. Инфекция булагы – оору­луу же козгогучту алып жүрүүчү организм. Иче­ги-карын ооруларынын (дизентерия, ич келте ж. б.) козгогучу заң, заара м-н бөлүнөт, тамак­ аш м-н; дем алуу жолдорунун ооруларынын козгогучу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда аба аркылуу жугат. Баш келте, безгек ж. б. ооруларда козгогуч мителик кыл­ган кан соргуч курт-кумурска (бит, бүргө, чир­кей) аркылуу тарайт. | ||
<p align='right'><i type='author'>Д. Раимбеков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Д. Раимбеков.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:26, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНФЕ́КЦИЯ (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – адамдын же айбанаттын организмине патогендүү (оору козгоочу) митенин кириши ж-а көбөйүшү. Организмге кирген инфекция козгогучу бир органда же тканда кармалат. Мисалы, эволюциялык процессте котур кенеси теринин эпителий катмарына, баш келте козгогучу кан тамыр капталына, грипп вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу челине мителик кылууга ыңгайлашкан. Организмге мите киргенде мите м-н организм ортосунда инфекциялык процесс жүрөт. Инфекциянын бул же тигил түрүнүн пайда болушу козгогучтун касиетине, организмдин абалына, ооруну кабыл алгычтыгына жараша болот. Патогендүү микроорганизмдердин кээ бирлери ар кандай жаныбарларды ылаңдатат, көбү жаныбардын айрым түрүнө гана мителик кылат. Инфекция козгогучтун түрүнө жараша бактериялык, вирустук, мите козу карындык, риккетсиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Ал катуу кармаган, өнөкөт же инфекция алып жүрүүчүлүк түрүндө билинет. Инфекция булагы – оорулуу же козгогучту алып жүрүүчү организм. Ичеги-карын ооруларынын (дизентерия, ич келте ж. б.) козгогучу заң, заара м-н бөлүнөт, тамак аш м-н; дем алуу жолдорунун ооруларынын козгогучу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда аба аркылуу жугат. Баш келте, безгек ж. б. ооруларда козгогуч мителик кылган кан соргуч курт-кумурска (бит, бүргө, чиркей) аркылуу тарайт.
Д. Раимбеков.