ИНТРОДУКЦИЯ (өсүмдүктөрдү же жаныбарларды көчүрүү): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТРОДУ́КЦИЯ</b> (лат. introductio киргизүү) – | <b type='title'>ИНТРОДУ́КЦИЯ</b> (лат. introductio киргизүү) – өсүмдүк же жаныбардын айрым бир түрлөрүн бир ареалдан башка ареалга көчүрүү, аларды атайын өстүрүү үчүн алып келүү. Интродукциянын баш­тапкы этабы – <i>акклиматизация</i>. Сейрек кез­дешүүчү түрдү коргоо ж-а аңчылык фаунасын байытуу чарасы болуп саналат. КМШ өлкөлө­рүнүн аймагында жаныбарлардын 50дөн ашык промыселдик түрлөрү интродукцияланган. Ал эми реак­климатизациянын (кайсыл бир аймактагы жок болуп кетүү коркунучунда турган түрдү жасал­ма жол м-н калыбына келтирүү) жардамы м-н кундуз, кемчет, жапайы чочко, бугу, зубр ж. б. жапайы жаныбарлардын популяциялары калы­бына келтирилген. Кыргызстандын ар кайсы аймак­тарына балыктын 11 түрү [Ысык-Көл жилин­гири (форели), ладога майканаты, момун балык, ак амур, ак макоо балык, кара балык, чыгыш таран сымал балыгы, күмүштөй таман балык, балхаш ала бугасы, судак ж. б., сүт эмүү­чүлөрдүн 10дон ашык түрү (жылан куйрук, суу­сар, жанат сымал ит, нутрия, зубр ж. б.) ар кандай шарттарга коё берилген. Кээ бирлери илимий жактан негизделбегендиктен, ишке ашкан эмес. Мисалы, бугу азыр Сары-Челек биосфералык кору­гунда жокко эсе, ал эми зубр таптакыр жок болду. КР УИАнын Э. Гареев атындагы ботаника ба­гында дүйнөнүн көптөгөн материгинен дарак, бадал ж. б. кооз өсүмдүктөрдүн бир нече миңде­ген түрлөрү (мисалы, гингко, метасеквойа, агава, глициния) интродукцияланып, алардын ичинен жүзгө жа­кыны шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн гүлзарларда өстүрүлөт. | ||
өсүмдүк же жаныбардын айрым бир түрлөрүн | |||
бир ареалдан башка ареалга көчүрүү, аларды атайын өстүрүү үчүн алып келүү. | |||
үчүн гүлзарларда өстүрүлөт. | |||
<p align='right'><i type='author'>И. С. Содомбеков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>И. С. Содомбеков.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:11, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТРОДУ́КЦИЯ (лат. introductio киргизүү) – өсүмдүк же жаныбардын айрым бир түрлөрүн бир ареалдан башка ареалга көчүрүү, аларды атайын өстүрүү үчүн алып келүү. Интродукциянын баштапкы этабы – акклиматизация. Сейрек кездешүүчү түрдү коргоо ж-а аңчылык фаунасын байытуу чарасы болуп саналат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жаныбарлардын 50дөн ашык промыселдик түрлөрү интродукцияланган. Ал эми реакклиматизациянын (кайсыл бир аймактагы жок болуп кетүү коркунучунда турган түрдү жасалма жол м-н калыбына келтирүү) жардамы м-н кундуз, кемчет, жапайы чочко, бугу, зубр ж. б. жапайы жаныбарлардын популяциялары калыбына келтирилген. Кыргызстандын ар кайсы аймактарына балыктын 11 түрү [Ысык-Көл жилингири (форели), ладога майканаты, момун балык, ак амур, ак макоо балык, кара балык, чыгыш таран сымал балыгы, күмүштөй таман балык, балхаш ала бугасы, судак ж. б., сүт эмүүчүлөрдүн 10дон ашык түрү (жылан куйрук, суусар, жанат сымал ит, нутрия, зубр ж. б.) ар кандай шарттарга коё берилген. Кээ бирлери илимий жактан негизделбегендиктен, ишке ашкан эмес. Мисалы, бугу азыр Сары-Челек биосфералык коругунда жокко эсе, ал эми зубр таптакыр жок болду. КР УИАнын Э. Гареев атындагы ботаника багында дүйнөнүн көптөгөн материгинен дарак, бадал ж. б. кооз өсүмдүктөрдүн бир нече миңдеген түрлөрү (мисалы, гингко, метасеквойа, агава, глициния) интродукцияланып, алардын ичинен жүзгө жакыны шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн гүлзарларда өстүрүлөт.
И. С. Содомбеков.