ИПР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИПР</b> – Бельгиянын | <b type='title'>ИПР</b> – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Калкы 34,8 миң (2008). Алгач 1066-жылы эскери­лет. Фламанддык графтарга таандык болгон. 1116-жылы шаар укугун алган. 1165–77-жылдарда Фланд­риянын башка шаарлары м-н бирге графтыкта­гы чиновниктердин укуктарын ж-а милдетте­рин жөнгө салуу статусуна ээ болгон. 12-кылымдан жыл сайын ярмаркалар (негизинен жүндөн то­кулган нооту) өткөрүлүп турган. 13-кылымда ар кайсы соода уюмдарына (анын ичинде немис шаарларынын саясий ж-а соода союзу – Ганзага) мүчө болгон. Ипрдын аймагында 1-дүйнөлүк согушта бир нече ири салгылаштар болуп, Германия тарыхта ал­гачкылардан химиялык курал колдонгон. 1914–18- ж-а 1940–44-жылдарда шаардын чеп м-н курчалган борбордук бөлүгү көптөгөн кыйроолорго учураган. Шаардын Гроте-маркт башкы аянтындагы фа­садд готика стилиндеги нооту катарлары (узундугу 132 <i>м</i>) Белфорт вече мунарасы м-н <i>Бүткүл дүй­нөлүк мурастын</i> тизмесине киргизилген. Ыйык | ||
[[File:ИПР48.png | thumb | Нооту катарлары (13-к.–1304-ж.) ж-а Ыйык Мартин собору. (1221-ж.– 15-к.).]] | [[File:ИПР48.png | thumb | Нооту катарлары (13-к.–1304-ж.) ж-а Ыйык Мартин собору. (1221-ж.– 15-к.).]] | ||
Мартин собору (1221–15- | Мартин собору (1221–15-кылым; бийиктиги 102 <i>м</i>), Ыйык Иаков (13–15-кылымдар), англикан стилиндеги Ыйык Георгий (1927–29) чиркөөлөрү, Гент ак сарайы (16-кылым) сакталган. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:05, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИПР – Бельгиянын түндүк-батышындагы шаар. Калкы 34,8 миң (2008). Алгач 1066-жылы эскерилет. Фламанддык графтарга таандык болгон. 1116-жылы шаар укугун алган. 1165–77-жылдарда Фландриянын башка шаарлары м-н бирге графтыктагы чиновниктердин укуктарын ж-а милдеттерин жөнгө салуу статусуна ээ болгон. 12-кылымдан жыл сайын ярмаркалар (негизинен жүндөн токулган нооту) өткөрүлүп турган. 13-кылымда ар кайсы соода уюмдарына (анын ичинде немис шаарларынын саясий ж-а соода союзу – Ганзага) мүчө болгон. Ипрдын аймагында 1-дүйнөлүк согушта бир нече ири салгылаштар болуп, Германия тарыхта алгачкылардан химиялык курал колдонгон. 1914–18- ж-а 1940–44-жылдарда шаардын чеп м-н курчалган борбордук бөлүгү көптөгөн кыйроолорго учураган. Шаардын Гроте-маркт башкы аянтындагы фасадд готика стилиндеги нооту катарлары (узундугу 132 м) Белфорт вече мунарасы м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ыйык
Мартин собору (1221–15-кылым; бийиктиги 102 м), Ыйык Иаков (13–15-кылымдар), англикан стилиндеги Ыйык Георгий (1927–29) чиркөөлөрү, Гент ак сарайы (16-кылым) сакталган.