ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ</b> – заара бөлүп | <b type='title'>ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ</b> – заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, органикалык кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт оору. Ал жаш бала­дан тартып, айрыкча 20–50 жаш куракта көп кездешет. Себептери – <i>бөйрөктүн</i> сезгениши, зааранын химиялык курамынын өзгөрүшү, канда фос­фор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эри­бей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуу­нун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөй­рөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин же­тишсиздиги, ички <i>секреция бездеринин</i> оорула­ры, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири ж. б. Зааранын курамындагы туз­дар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, <i>бөйрөк</i> көңдөйүнө (күлтүгүнө) тү­шүп, ошол жерде кармалат, акырындык м-н чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгон­до, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сай­гылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысы­тып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ык­тымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бети­не, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Ай­рыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узак­ка созулса, ар кандай кабылдоого алып кели­ши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көң­дөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөй­рөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактерия­лык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Та­барсыктагы таш анын былжыр челин сезген­тип, заара ушаткысын келтирет, заара ушат­канда ооруйт. Күч келгенде же басканда табар­сыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чы­гаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чык­пай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуу­нун уу заттары организмге чогулуп, <i>уремияга</i> алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, фор­масы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик ж-а хирургиялык жол м-н дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат. | ||
чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
06:20, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ – заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, органикалык кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт оору. Ал жаш баладан тартып, айрыкча 20–50 жаш куракта көп кездешет. Себептери – бөйрөктүн сезгениши, зааранын химиялык курамынын өзгөрүшү, канда фосфор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эрибей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуунун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөйрөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин жетишсиздиги, ички секреция бездеринин оорулары, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири ж. б. Зааранын курамындагы туздар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, бөйрөк көңдөйүнө (күлтүгүнө) түшүп, ошол жерде кармалат, акырындык м-н чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгондо, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сайгылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысытып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ыктымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бетине, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Айрыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узакка созулса, ар кандай кабылдоого алып келиши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көңдөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөйрөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактериялык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Табарсыктагы таш анын былжыр челин сезгентип, заара ушаткысын келтирет, заара ушатканда ооруйт. Күч келгенде же басканда табарсыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чыгаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чыкпай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуунун уу заттары организмге чогулуп, уремияга алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, формасы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик ж-а хирургиялык жол м-н дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат.