ИНЬ ЖАНА ЯН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНЬ ЖАНА ЯН</b> (кытайча сөзмө-сөз – «караң&shy;гы» ж-а «жарык») – байыркы кытай филосо&shy;фиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу
<b type='title'>ИНЬ ЖАНА ЯН</b> (кытайча сөзмө-сөз – «караң&shy;гы» ж-а «жарык») – байыркы кытай филосо&shy;фиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу «И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыр&shy;кы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү кап&shy;талын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ур&shy;гаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жер&shy;дин, айдын, жуп сандардын символуна айлан&shy;ган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. Инь – караңгы ж-а пассивдүү башталыш. Ал жерди башкарат. Ян – бул жарык, активдүү ж-а эркек башталыш (рух). Ал асманды башка&shy;рат. Инь ж. Яндын ортосундагы байланыш – дуа&shy;листтик эмес, диалектикалык байланыш. Ант&shy;кени Инь жана Ян өз алдынча эмес, өз аракетте&shy;нишүүсү, өз күчтөрүн кошуу аркылуу гана кый&shy;мыл-аракеттене алышат. Инь жана Яндын удаалаш кезектеши, орун которулушу, бардык нерселер м-н кубулуштар өткөн жол дао деп аталат. Дао тынымсыз кыймылда деп көрсөтүлөт. Алгачкы эфир Инь жана Яндагыдай жарык ж-а караңгы сыяк&shy;туу эки башатка ажырагандан кийин адам жа&shy;ралган делет. Ошондуктан адам караңгы ж-а жарык, эркек ж-а ургаачы, активдүү ж-а пас&shy;сивдүү, катуу ж-а жумшак, тыным ж-а кыймыл, асман ж-а жер сыяктуу карама-каршы&shy;лыктардын биримдиги катары каралат. Асман м-н жердин жуурулушу жаратылыштагы кубу&shy;луштардын кульминациясы катары кабыл алы&shy;нат. Ошентип, бүткүл дүйнөнүн гармониясы тууралуу түшүнүмдөр иштелип чыккан, бир эле топтогу шайкеш келбөөчүлүк дисгармонияга алып барат. Элементтер күч м-н аныкталган өз мүнөзүнө жараша алмашышат да, бири-бири&shy;нин карама-каршылыктарын жеңишет, удаалаш алмаштырган элементтер тынымсыз кыймыл&shy;да болуп, бирин бири жокко чыгарып турушат. Инь жана Ян концепциясы заманбап кытай меди&shy;цинасында маанилүү роль ойноосун улантууда.
«И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыр&shy;кы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү кап&shy;талын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ур&shy;гаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жер&shy;дин, айдын, жуп сандардын символуна айлан&shy;ган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. И. – караңгы ж-а пассивдүү башталыш. Ал жерди башкарат. Я. – бул жарык, активдүү ж-а эркек башталыш (рух). Ал асманды башка&shy;рат. И. ж. Я-дын ортосундагы байланыш – дуа&shy;листтик эмес, диалектикалык байланыш. Ант&shy;кени И. ж. Я. өз алдынча эмес, өз аракетте&shy;нишүүсү, өз күчтөрүн кошуу аркылуу гана кый&shy;мыл-аракеттене алышат. И. ж. Я-дын удаалаш кезектеши, орун которулушу, бардык нерселер м-н кубулуштар өткөн жол дао деп аталат. Дао тынымсыз кыймылда деп көрсөтүлөт. Алгачкы эфир И. ж. Я-дагыдай жарык ж-а караңгы сыяк&shy;туу эки башатка ажырагандан кийин адам жа&shy;ралган делет. Ошондуктан адам караңгы ж-а жарык, эркек ж-а ургаачы, активдүү ж-а пас&shy;сивдүү, катуу ж-а жумшак, тыным ж-а кый-
 
 
мыл, асман ж-а жер сыяктуу карама-каршы&shy;лыктардын биримдиги катары каралат. Асман м-н жердин жуурулушу жаратылыштагы кубу&shy;луштардын кульминациясы катары кабыл алы&shy;нат. Ошентип, бүткүл дүйнөнүн гармониясы тууралуу түшүнүмдөр иштелип чыккан, бир эле топтогу шайкеш келбөөчүлүк дисгармонияга алып барат. Элементтер күч м-н аныкталган өз мүнөзүнө жараша алмашышат да, бири-бири&shy;нин карама-каршылыктарын жеңишет, удаалаш алмаштырган элементтер тынымсыз кыймыл&shy;да болуп, бирин бири жокко чыгарып турушат. И. ж. Я. концепциясы заманбап кытай меди&shy;цинасында маанилүү роль ойноосун улантууда.
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

03:49, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНЬ ЖАНА ЯН (кытайча сөзмө-сөз – «караң­гы» ж-а «жарык») – байыркы кытай филосо­фиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу «И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыр­кы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү кап­талын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ур­гаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жер­дин, айдын, жуп сандардын символуна айлан­ган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. Инь – караңгы ж-а пассивдүү башталыш. Ал жерди башкарат. Ян – бул жарык, активдүү ж-а эркек башталыш (рух). Ал асманды башка­рат. Инь ж. Яндын ортосундагы байланыш – дуа­листтик эмес, диалектикалык байланыш. Ант­кени Инь жана Ян өз алдынча эмес, өз аракетте­нишүүсү, өз күчтөрүн кошуу аркылуу гана кый­мыл-аракеттене алышат. Инь жана Яндын удаалаш кезектеши, орун которулушу, бардык нерселер м-н кубулуштар өткөн жол дао деп аталат. Дао тынымсыз кыймылда деп көрсөтүлөт. Алгачкы эфир Инь жана Яндагыдай жарык ж-а караңгы сыяк­туу эки башатка ажырагандан кийин адам жа­ралган делет. Ошондуктан адам караңгы ж-а жарык, эркек ж-а ургаачы, активдүү ж-а пас­сивдүү, катуу ж-а жумшак, тыным ж-а кыймыл, асман ж-а жер сыяктуу карама-каршы­лыктардын биримдиги катары каралат. Асман м-н жердин жуурулушу жаратылыштагы кубу­луштардын кульминациясы катары кабыл алы­нат. Ошентип, бүткүл дүйнөнүн гармониясы тууралуу түшүнүмдөр иштелип чыккан, бир эле топтогу шайкеш келбөөчүлүк дисгармонияга алып барат. Элементтер күч м-н аныкталган өз мүнөзүнө жараша алмашышат да, бири-бири­нин карама-каршылыктарын жеңишет, удаалаш алмаштырган элементтер тынымсыз кыймыл­да болуп, бирин бири жокко чыгарып турушат. Инь жана Ян концепциясы заманбап кытай меди­цинасында маанилүү роль ойноосун улантууда.