ИНЬ ЖАНА ЯН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНЬ ЖАНА ЯН</b> (кытайча сөзмө-сөз – «караң­гы» ж-а «жарык») – байыркы кытай филосо­фиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу | <b type='title'>ИНЬ ЖАНА ЯН</b> (кытайча сөзмө-сөз – «караң­гы» ж-а «жарык») – байыркы кытай филосо­фиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу «И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыр­кы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү кап­талын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ур­гаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жер­дин, айдын, жуп сандардын символуна айлан­ган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. Инь – караңгы ж-а пассивдүү башталыш. Ал жерди башкарат. Ян – бул жарык, активдүү ж-а эркек башталыш (рух). Ал асманды башка­рат. Инь ж. Яндын ортосундагы байланыш – дуа­листтик эмес, диалектикалык байланыш. Ант­кени Инь жана Ян өз алдынча эмес, өз аракетте­нишүүсү, өз күчтөрүн кошуу аркылуу гана кый­мыл-аракеттене алышат. Инь жана Яндын удаалаш кезектеши, орун которулушу, бардык нерселер м-н кубулуштар өткөн жол дао деп аталат. Дао тынымсыз кыймылда деп көрсөтүлөт. Алгачкы эфир Инь жана Яндагыдай жарык ж-а караңгы сыяк­туу эки башатка ажырагандан кийин адам жа­ралган делет. Ошондуктан адам караңгы ж-а жарык, эркек ж-а ургаачы, активдүү ж-а пас­сивдүү, катуу ж-а жумшак, тыным ж-а кыймыл, асман ж-а жер сыяктуу карама-каршы­лыктардын биримдиги катары каралат. Асман м-н жердин жуурулушу жаратылыштагы кубу­луштардын кульминациясы катары кабыл алы­нат. Ошентип, бүткүл дүйнөнүн гармониясы тууралуу түшүнүмдөр иштелип чыккан, бир эле топтогу шайкеш келбөөчүлүк дисгармонияга алып барат. Элементтер күч м-н аныкталган өз мүнөзүнө жараша алмашышат да, бири-бири­нин карама-каршылыктарын жеңишет, удаалаш алмаштырган элементтер тынымсыз кыймыл­да болуп, бирин бири жокко чыгарып турушат. Инь жана Ян концепциясы заманбап кытай меди­цинасында маанилүү роль ойноосун улантууда. | ||
«И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыр­кы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү кап­талын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ур­гаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жер­дин, айдын, жуп сандардын символуна айлан­ган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
03:49, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНЬ ЖАНА ЯН (кытайча сөзмө-сөз – «караңгы» ж-а «жарык») – байыркы кытай философиясындагы негизги түшүнүктөр. Алгачкы жолу «И Цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») аттуу байыркы жазма булакта карама-каршы башталмалар (караңгы ж-а жарык, жумшак ж-а катуу, ички ж-а тышкы, ургаачы ж-а эркек, пассивдүү ж-а активдүү ж. б.) катары чечмеленген. Алгачкы Инь (И.) тоонун тескей жаккы көлөкөлүү капталын түшүндүрсө, кийин жаратылыштагы ургаачы, караңгы башталыштын, ажалдын, жердин, айдын, жуп сандардын символуна айланган. Ал эми Янь (Я.) жаратылыштагы эркек, күнгөй, жарык башталыш, өмүр, асман, күн, так сан маанисин алып жүрүүчү символ болуп эсептелет. Инь – караңгы ж-а пассивдүү башталыш. Ал жерди башкарат. Ян – бул жарык, активдүү ж-а эркек башталыш (рух). Ал асманды башкарат. Инь ж. Яндын ортосундагы байланыш – дуалисттик эмес, диалектикалык байланыш. Анткени Инь жана Ян өз алдынча эмес, өз аракеттенишүүсү, өз күчтөрүн кошуу аркылуу гана кыймыл-аракеттене алышат. Инь жана Яндын удаалаш кезектеши, орун которулушу, бардык нерселер м-н кубулуштар өткөн жол дао деп аталат. Дао тынымсыз кыймылда деп көрсөтүлөт. Алгачкы эфир Инь жана Яндагыдай жарык ж-а караңгы сыяктуу эки башатка ажырагандан кийин адам жаралган делет. Ошондуктан адам караңгы ж-а жарык, эркек ж-а ургаачы, активдүү ж-а пассивдүү, катуу ж-а жумшак, тыным ж-а кыймыл, асман ж-а жер сыяктуу карама-каршылыктардын биримдиги катары каралат. Асман м-н жердин жуурулушу жаратылыштагы кубулуштардын кульминациясы катары кабыл алынат. Ошентип, бүткүл дүйнөнүн гармониясы тууралуу түшүнүмдөр иштелип чыккан, бир эле топтогу шайкеш келбөөчүлүк дисгармонияга алып барат. Элементтер күч м-н аныкталган өз мүнөзүнө жараша алмашышат да, бири-биринин карама-каршылыктарын жеңишет, удаалаш алмаштырган элементтер тынымсыз кыймылда болуп, бирин бири жокко чыгарып турушат. Инь жана Ян концепциясы заманбап кытай медицинасында маанилүү роль ойноосун улантууда.