ИНФЛЯЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФЛЯЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ</b> – инфляциянын келип чыгышын шарттаган себептер. Төмөнкүдөй негизги түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: а) өн­дүрүштүк чыгымдардын – cыpьёгo, эл аралык товарларга баалардын өсүшүнүн жогорулашы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө салыштырмалуу кызмат акынын бузуу м-н өсүшү, финансылык мүнөздөгү | <b type='title'>ИНФЛЯЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ</b> – инфляциянын келип чыгышын шарттаган себептер. Төмөнкүдөй негизги түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: а) өн­дүрүштүк чыгымдардын – cыpьёгo, эл аралык товарларга баалардын өсүшүнүн жогорулашы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө салыштырмалуу кызмат акынын бузуу м-н өсүшү, финансылык мүнөздөгү чыгымдардын көбөйүшү. Мындай жогорулоо учу­рунда ишкер пайда алууну камсыз кылуу мак­сатында бул жогорулоону продукциянын нар­кына кошууга аракеттенет, жогорулоону бай­каган ишкерлер да чыгымдардын ушул эле жо­луна түшөт, бул чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Мындай болбосо конкуренция (атаан­даштык) бир ишкана жүзөгө ашырууга ниеттен­ген бааларды жогорулатуу үчүн кедерги болуп эсептелет. Чет өлкөлүк өндүрүш продукциясы­нын конкуренциясы ушундай эле роль ойнойт; в) суроо-талаптын көптүгү. Сунуш м-н суроо­-талаптын ортосунда айырма чыгышы мүмкүн. Суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн ашып кет­кен учурларда (мисалы, экспансиялык кредиттик ­акча же бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүнүн натыйжасында), сатуучулар суроо-талапты төмөндөтүүгө же башка өндүрүүчүлөрдүн продук­циясына суроо-талапты жүгүртүүгө жардам берүү тобокелдигисиз бааларды көбөйтө алышат. Чет өлкөлүк өндүрүштүн продукциясы тараптан кон­куренциянын болушу – жогорулатуудагы жал­гыз чектөө. Мындай конкуренция байкалбаган тармактарда (турак жай фондусу, кызмат көрсөтүүлөр) баалардын жогорулашы олуттуу болушу мүмкүн; c) монополиялык баа түзүү мо­нополиялык пайдалардын өсүшүнө ж-а пайда­лардын инфляциясына алып келет. Бул себеп­тер Кейнс мектеби тарабынан байкалган. Инф­ляциянын таралышынын монетардык модели аны акча массасын түзүүнүн ашыкча болушу­нан издейт; d) Акча массасын түзүүдөгү ашык­чалык. Акчалардын сандык теориясынын тең­демесине кайрылалы: М* V=P*Y, бул теңдеменин темптик жазуусу төмөнкүдөй түрдө көрүнөт: M,%+V,% =Р,%+ Ү,%; мында: М – акча массасы; V – акчаларды жү­гүртүү тездиги (ылдамдыгы); Р*Ү – улуттун ки­решесинин көрсөткүчү.<br> М,% – акча сунушунун өсүшү, % м-н; V,% – акча жүгүртүү ылдамдыгынын өсүшү, % м-н; Р,%– баалардын өсүшү, % м-н; Ү,% – өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, % м-н. Сандык теориянын теңдемесинен мындай тең­демени камсыз кылуу үчүн акчалардын масса­сы товарларды чыгаруунун өсүшүнүн даражасын­дай көбөйүшү керек экендиги көрүнүп турат. Андай болбосо, артык баш акча эмиссиясы көбүрөөк суроо-талапка, «Р» көрсөткүчүнүн өсү­шүнө, башкача айтканда инфляцияга алып келет (монетарист­тер акчаларды жүгүртүү ылдамдыгы туруктуу деген көз карашты карманышат). | ||
чыгымдардын көбөйүшү. Мындай жогорулоо учу­рунда ишкер пайда алууну камсыз кылуу мак­сатында бул жогорулоону продукциянын нар­кына кошууга аракеттенет, жогорулоону бай­каган ишкерлер да чыгымдардын ушул эле жо­луна түшөт, бул чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Мындай болбосо конкуренция (атаан­даштык) бир ишкана жүзөгө ашырууга ниеттен­ген бааларды жогорулатуу үчүн кедерги болуп эсептелет. Чет өлкөлүк өндүрүш продукциясы­нын конкуренциясы ушундай эле роль ойнойт; в) суроо-талаптын көптүгү. Сунуш м-н суроо­талаптын ортосунда айырма чыгышы мүмкүн. Суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн ашып кет­кен учурларда ( | |||
өлкөлүк өндүрүштүн продукциясы тараптан кон­куренциянын болушу – жогорулатуудагы жал­гыз чектөө. Мындай конкуренция байкалбаган тармактарда (турак жай фондусу, кызмат көрсөтүүлөр) баалардын | |||
М* V=P*Y, | |||
бул теңдеменин темптик жазуусу төмөнкүдөй түрдө көрүнөт: | |||
M,%+V,% =Р,%+ Ү,%; | |||
мында: М – акча массасы; V – акчаларды жү­гүртүү тездиги (ылдамдыгы); Р*Ү – улуттун ки­решесинин көрсөткүчү.<br> | |||
М,% – акча сунушунун өсүшү, % м-н; V,% – акча жүгүртүү ылдамдыгынын өсүшү, % м-н; Р,%– баалардын өсүшү, % м-н; Ү,% – өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, % м-н. | |||
Сандык теориянын теңдемесинен мындай тең­демени камсыз кылуу үчүн акчалардын масса­сы товарларды чыгаруунун өсүшүнүн даражасын­дай көбөйүшү керек экендиги көрүнүп турат. Андай болбосо, артык баш акча эмиссиясы көбүрөөк суроо-талапка, «Р» көрсөткүчүнүн өсү­шүнө, | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
03:26, 3 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНФЛЯЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ – инфляциянын келип чыгышын шарттаган себептер. Төмөнкүдөй негизги түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: а) өндүрүштүк чыгымдардын – cыpьёгo, эл аралык товарларга баалардын өсүшүнүн жогорулашы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө салыштырмалуу кызмат акынын бузуу м-н өсүшү, финансылык мүнөздөгү чыгымдардын көбөйүшү. Мындай жогорулоо учурунда ишкер пайда алууну камсыз кылуу максатында бул жогорулоону продукциянын наркына кошууга аракеттенет, жогорулоону байкаган ишкерлер да чыгымдардын ушул эле жолуна түшөт, бул чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Мындай болбосо конкуренция (атаандаштык) бир ишкана жүзөгө ашырууга ниеттенген бааларды жогорулатуу үчүн кедерги болуп эсептелет. Чет өлкөлүк өндүрүш продукциясынын конкуренциясы ушундай эле роль ойнойт; в) суроо-талаптын көптүгү. Сунуш м-н суроо-талаптын ортосунда айырма чыгышы мүмкүн. Суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн ашып кеткен учурларда (мисалы, экспансиялык кредиттик акча же бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүнүн натыйжасында), сатуучулар суроо-талапты төмөндөтүүгө же башка өндүрүүчүлөрдүн продукциясына суроо-талапты жүгүртүүгө жардам берүү тобокелдигисиз бааларды көбөйтө алышат. Чет өлкөлүк өндүрүштүн продукциясы тараптан конкуренциянын болушу – жогорулатуудагы жалгыз чектөө. Мындай конкуренция байкалбаган тармактарда (турак жай фондусу, кызмат көрсөтүүлөр) баалардын жогорулашы олуттуу болушу мүмкүн; c) монополиялык баа түзүү монополиялык пайдалардын өсүшүнө ж-а пайдалардын инфляциясына алып келет. Бул себептер Кейнс мектеби тарабынан байкалган. Инфляциянын таралышынын монетардык модели аны акча массасын түзүүнүн ашыкча болушунан издейт; d) Акча массасын түзүүдөгү ашыкчалык. Акчалардын сандык теориясынын теңдемесине кайрылалы: М* V=P*Y, бул теңдеменин темптик жазуусу төмөнкүдөй түрдө көрүнөт: M,%+V,% =Р,%+ Ү,%; мында: М – акча массасы; V – акчаларды жүгүртүү тездиги (ылдамдыгы); Р*Ү – улуттун кирешесинин көрсөткүчү.
М,% – акча сунушунун өсүшү, % м-н; V,% – акча жүгүртүү ылдамдыгынын өсүшү, % м-н; Р,%– баалардын өсүшү, % м-н; Ү,% – өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, % м-н. Сандык теориянын теңдемесинен мындай теңдемени камсыз кылуу үчүн акчалардын массасы товарларды чыгаруунун өсүшүнүн даражасындай көбөйүшү керек экендиги көрүнүп турат. Андай болбосо, артык баш акча эмиссиясы көбүрөөк суроо-талапка, «Р» көрсөткүчүнүн өсүшүнө, башкача айтканда инфляцияга алып келет (монетаристтер акчаларды жүгүртүү ылдамдыгы туруктуу деген көз карашты карманышат).