ИНТОНАЦИЯ (көтөрүңкү сүйлөө): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИНТОНАЦИЯ to ИНТОНАЦИЯ (көтөрүңкү сүйлөө)) |
(Айырма жок)
| |
03:22, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТОНА́ЦИЯ (лат. intonatio – сүйлөө, көтөрүңкү сүйлөө) – тилдик татаал кубулуштурдын бири, башкача айтканда морфологиялык ж-а синтаксистик каражаттар м-н бирге колдонулган түрдүү фонетикалык бирдиктер. Интонациянын фонетикалык бирдиктери: обондуулук, ыргактуулук, кубаттуулук, ыкчамдык, тембр ж-а басым. Грамматикалык милдети боюнча жалпысынан суроолуу, илептүү ж-а жай интонация болуп бири-биринен айырмаланат. «Интонация» ушул күнгө чейин толук изилдене элек. Бирок «интонация» оозеки речтин (сөздүн) анык белгиси ж-а мүнөздөмөсү. Ансыз оозеки сөздүн айтылышы мүмкүн эмес. Анткени «интонация» айтылуучу ойду ар түрдүү ички сезим м-н толук ж-а кылдат билдирүүдө өзгөчө роль ойнойт.