ИНТЕРФЕЙС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРФЕ́ЙС</b> – 1) ар түрдүү түзүлмөлөр (а п п а­р а т | <b type='title'>ИНТЕРФЕ́ЙС</b> – 1) ар түрдүү түзүлмөлөр (а п п а ­р а т интерфейси), программалар (п р о г р а м м а­ л ы к интерфейс), ошондой эле программа м-н колдонуучу (колдонуучунун интерфейси) ортосунда өз ара кызмат­ташуу эрежеси; 2) объекттүү – максат багытын программалоодо – «сырткы» объект м-н иш жүр­гүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү аракеттер жыйын­дысы. Ал иштетүү системасынын элементи м-н компьютер ортосундагы өз ара аракетти анык­тайт. Интерфейстин эң жөнөкөй түзүлүшү экран ж-а буйрук терилүүчү клавиатура. Иштетүү системасы ж-а программалык жабдыктар колдонуучу м-н | ||
компьютер ортосундагы иш-аракетке жараша түзүлөт. Колдонуучунун | компьютер ортосундагы иш-аракетке жараша түзүлөт. Колдонуучунун интерфейси маалыматтарды компьютерде көрсөтүп, иш-аракетти аткартуу жолун программалык жабдык аркылуу компью­терге кабарлап турат. Иштетүү системасынын элементи болгон колдонуучунун интерфейси компью­тер м-н болгон өз ара аракетти аныктайт. Үч түргө (буйруктар сабы, меню ж-а графиктик башкаруу) бөлүнөт. Графиктик интерфейс колдонуучу­нун жалпы интерфейси болуп эсептелет ж-а текст м-н графикти бириктирип, программалык жабдык­тарды пайдаланууну жеңилдетет. Азыркы опера­ция системаларында ж-а колдонмо программа­ларда терезе, меню, WYSIWYG концепциялары­на негизделген колдонуучунун графиктик интерфейси колдонулат. Иштетүү системаларынын көпчүлүгү бул түрдүн комбинациясын пайдаланат. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:53, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕРФЕ́ЙС – 1) ар түрдүү түзүлмөлөр (а п п а р а т интерфейси), программалар (п р о г р а м м а л ы к интерфейс), ошондой эле программа м-н колдонуучу (колдонуучунун интерфейси) ортосунда өз ара кызматташуу эрежеси; 2) объекттүү – максат багытын программалоодо – «сырткы» объект м-н иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү аракеттер жыйындысы. Ал иштетүү системасынын элементи м-н компьютер ортосундагы өз ара аракетти аныктайт. Интерфейстин эң жөнөкөй түзүлүшү экран ж-а буйрук терилүүчү клавиатура. Иштетүү системасы ж-а программалык жабдыктар колдонуучу м-н
компьютер ортосундагы иш-аракетке жараша түзүлөт. Колдонуучунун интерфейси маалыматтарды компьютерде көрсөтүп, иш-аракетти аткартуу жолун программалык жабдык аркылуу компьютерге кабарлап турат. Иштетүү системасынын элементи болгон колдонуучунун интерфейси компьютер м-н болгон өз ара аракетти аныктайт. Үч түргө (буйруктар сабы, меню ж-а графиктик башкаруу) бөлүнөт. Графиктик интерфейс колдонуучунун жалпы интерфейси болуп эсептелет ж-а текст м-н графикти бириктирип, программалык жабдыктарды пайдаланууну жеңилдетет. Азыркы операция системаларында ж-а колдонмо программаларда терезе, меню, WYSIWYG концепцияларына негизделген колдонуучунун графиктик интерфейси колдонулат. Иштетүү системаларынын көпчүлүгү бул түрдүн комбинациясын пайдаланат.