ИНТЕРПРЕТАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРПРЕТА́ЦИЯ</b> (лат. interpretatio – чеч­мелөө, түшүндүрүү) – | <b type='title'>ИНТЕРПРЕТА́ЦИЯ</b> (лат. interpretatio – чеч­мелөө, түшүндүрүү) – математикалык логикада, филосо­фияда ж-а илимдин методологиясында кандай­дыр бир теориядагы элементтерге (формулалар­га, символдорго, сүйлөмдөргө ж. б.) берилген маа­ни-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн ж-а түшүндү­рүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада интерпретация деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыр­кы грек философторунун чыгармаларына баян­дама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп санал­ган орто кылымдарда интерпретациялоо өнөрү калыптанган ж-а өнүккөн. 20-кылымдын экинчи жарымынан тар­тып герменевтика теориясына интерпретацияга карата струк­туралык-семиотикалык жоболор каршы чык­кан. Эгер герменевтика текстти реалдуу же по­тенциалдуу окурманга карата маалымат ката­ры интерпретацияласа, структурализм текстти андагы маа­ни-маңыздык элементтердин структуралык шай­кештигин анализге тартуунун негизинде интерпретациялайт. Интерпретацияга карата герменевтикалык ж-а структура­листтик жоболорду бириктирүүгө карата аракет­тер Рикер тарабынан жасалган. Рикердин пи­кири боюнча тексттин маани-маңызын анын струк­турасын анализдебей туруп түшүнүү мүмкүн эмес, ошол эле учурда герменевтикалык түшүндүрмөсүз структуралык анализ жүргүзүүгө болбойт. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:42, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕРПРЕТА́ЦИЯ (лат. interpretatio – чечмелөө, түшүндүрүү) – математикалык логикада, философияда ж-а илимдин методологиясында кандайдыр бир теориядагы элементтерге (формулаларга, символдорго, сүйлөмдөргө ж. б.) берилген маани-маңыздардын, чечмелөөлөрдүн ж-а түшүндүрүүлөрдүн жыйындысы; герменевтикада интерпретация деп тексттерди чечмелөө, алардын маани-маңызын аныктоо же калыбына келтирүү түшүндүрүлөт. Диний ыйык китептерге, ошондой эле байыркы грек философторунун чыгармаларына баяндама, түшүндүрмө берүүнүн доору болуп саналган орто кылымдарда интерпретациялоо өнөрү калыптанган ж-а өнүккөн. 20-кылымдын экинчи жарымынан тартып герменевтика теориясына интерпретацияга карата структуралык-семиотикалык жоболор каршы чыккан. Эгер герменевтика текстти реалдуу же потенциалдуу окурманга карата маалымат катары интерпретацияласа, структурализм текстти андагы маани-маңыздык элементтердин структуралык шайкештигин анализге тартуунун негизинде интерпретациялайт. Интерпретацияга карата герменевтикалык ж-а структуралисттик жоболорду бириктирүүгө карата аракеттер Рикер тарабынан жасалган. Рикердин пикири боюнча тексттин маани-маңызын анын структурасын анализдебей туруп түшүнүү мүмкүн эмес, ошол эле учурда герменевтикалык түшүндүрмөсүз структуралык анализ жүргүзүүгө болбойт.