ИНКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНКТЕР</b> , и н к а – 11–16-к-да азыркы Перу
<b type='title'>ИНКТЕР</b> , и н к а – 11–16-кылымдарда азыркы Перу аймагында жашап, Түштүк Американын баты&shy;шындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн ин&shy;дейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын бири&shy;нин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божо&shy;молдонот. Инктер Түштүк Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-кылымдын аягы – 15-кылымддын башында Куско өрөөнүндө инктердин калкы 20–30 миң кишиден турган алгач&shy;кы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-жылдарда Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймак&shy;тарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борбордук ж-а түштүк жэ&shy;эктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамлекеттик бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түштүк- батышын, Аргентинанын түндүк-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түндүк аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мам&shy;лекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 <i>км</i>ге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү кара&shy;па идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүк&shy;көн. 11-кылымда Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке маданияты пайда болуп, 14-кылымдан кошуна өрөөн&shy;дөргө тараган. 15–16-кылымдарда архитектуралык курулуш&shy;тар (инктердин архитектурасынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепил&shy;дери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатр&shy;лар ж. б.) курулган. Инктердин салттуу оозеки мад&shy;анияты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору баа&shy;ланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө кас&shy;таларды (аравикуна) түзүп, Кускодо музыкалык мек&shy;тептер ачылган. 1532-жылы инктер мекендеген аймак&shy;ты испандар басып ала баштап, колониялаш&shy;тырууда мамлекетин талкалап, цивилизация&shy;ны жок кылышкан.
аймагында жашап, Түш. Американын баты&shy;шындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн ин&shy;дейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын бири&shy;нин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божо&shy;молдонот. И. Түш. Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-к-дын аягы – 15-к-дын башында Куско өрөөнүндө И-дин калкы 20–30 миң кишиден турган алгач&shy;кы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-ж. Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймак&shy;тарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки)
Чимор мамлекетин, Перунун борб. ж-а түш. жэ&shy;эктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамл. бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түш.- батышын, Аргентинанын түн.-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түн. аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мам&shy;лекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 <i>км</i>ге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү кара&shy;па идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүк&shy;көн. 11-к-да Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке мад-ты пайда болуп, 14-к-дан кошуна өрөөн&shy;дөргө тараган. 15–16-к-да арх-ралык курулуш&shy;тар (И-дин арх-расынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепил&shy;дери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатр&shy;лар ж. б.) курулган. И-дин салттуу оозеки мад&shy;ты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору баа&shy;ланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө кас&shy;таларды (аравикуна) түзүп, Кускодо муз. мек&shy;тептер ачылган. 1532-ж. И. мекендеген аймак&shy;ты испандар басып ала баштап, колониялаш&shy;тырууда мамлекетин талкалап, цивилизация&shy;ны жок кылышкан.
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

05:38, 27 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНКТЕР , и н к а – 11–16-кылымдарда азыркы Перу аймагында жашап, Түштүк Американын баты­шындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн ин­дейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын бири­нин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божо­молдонот. Инктер Түштүк Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-кылымдын аягы – 15-кылымддын башында Куско өрөөнүндө инктердин калкы 20–30 миң кишиден турган алгач­кы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-жылдарда Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймак­тарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борбордук ж-а түштүк жэ­эктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамлекеттик бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түштүк- батышын, Аргентинанын түндүк-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түндүк аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мам­лекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 кмге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү кара­па идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүк­көн. 11-кылымда Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке маданияты пайда болуп, 14-кылымдан кошуна өрөөн­дөргө тараган. 15–16-кылымдарда архитектуралык курулуш­тар (инктердин архитектурасынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепил­дери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатр­лар ж. б.) курулган. Инктердин салттуу оозеки мад­анияты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору баа­ланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө кас­таларды (аравикуна) түзүп, Кускодо музыкалык мек­тептер ачылган. 1532-жылы инктер мекендеген аймак­ты испандар басып ала баштап, колониялаш­тырууда мамлекетин талкалап, цивилизация­ны жок кылышкан.