ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (2 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ</b> (1857–59), | <b type='title'>ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ</b> (1857–59), С ы п а й л а р к ө т ө р ү л ү ш ү – англиялык колониячыл үстөмдүккө каршы чыккан масса­лык кыймыл. Анын өзөгүн сыпайлар түзгөн­дүктөн, англиялык адабиятта сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып калган. Анын башкы себеби 19-кылымдын орто ченинде колониячыл администрация та­рабынан жамааттык жер ээлеринен алынган са­лыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тие­шелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Ко­лониялык эзүүнүн кесепети ж-а англиялык товар­лардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү ай­рыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кый­мылдаткыч күчүн эл массасы – болгондо да дый­кандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду фео­далдар ойногон. Көтөрүлүш 1857-жылы 10-майда Мирут шаарында башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет ал­ган. Ошол замат аларды делилик сыпайлар м-н жергиликтүү эл колдоп кеткен. Улуу Моголдордун ди­настиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах IIни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау шаарларында да көтө­рүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, коз­голоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чы­гып, Канпур шаарынан башка жерлерде башкаруу­ну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрү­лүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин ж-а бирдик­түү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англиялык колония­чылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү бас­кан ж-а демилгени өз колуна алууга жетиш­кен. 1857-жылы англиялык аскерлердин чабуулу башта­лып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Де­ли шаарлары алынып, көтөрүлүштүн убактылуу бор­бору Ауд шаары болуп калган. 1858-жылы 19-марттам Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушун­дан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуш­тун ыкмасын колдоно башташкан. Англиялык аскер­дин абалы оорлошуп баратканын көргөн коро­лева Виктория 1858-жылы 1-ноябрда көтөрүлүшкө ка­тышкан феодалдардын күнөөсүн кечип, алардын артыкчылык укугун калыбына келтирген мани­фестке кол койгон. Натыйжада, феодал төбөл­дөрү көтөрүлүштөн кол үзгөн. 1859-жылдын ап­релинде колониячыл аскер партизандык согуш­ту баскан. Индия элдик көтөрүлүшүнүн жеңилишинин башкы се­беби англиялык аскердин согуштук артыкчылыгы, ин­диялык дыйкандар м-н феодалдардын ар башка максатты көздөшү ж-а сыпайлардын бытыран­дылыгы болгон. Бирок көтөрүлүш жеңилгени м-н дыйкандардын кийинки нааразылыгынан чо­чулаган англиялык бийлик өз саясатын өзгөртүп, феодалдык кысымды чектеген мыйзам кабыл алууга маж­бур болгон ж-а Индияны башкаруу Ост-Инд ком­паниясынан Англиянын өкмөтүнө өткөн. | ||
С ы п а й л а р к ө т ө р ү л ү ш ү – | |||
өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, коз­голоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чы­гып, Канпур | |||
Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушун­дан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуш­тун ыкмасын колдоно башташкан. | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
07:59, 25 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ (1857–59), С ы п а й л а р к ө т ө р ү л ү ш ү – англиялык колониячыл үстөмдүккө каршы чыккан массалык кыймыл. Анын өзөгүн сыпайлар түзгөндүктөн, англиялык адабиятта сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып калган. Анын башкы себеби 19-кылымдын орто ченинде колониячыл администрация тарабынан жамааттык жер ээлеринен алынган салыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тиешелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Колониялык эзүүнүн кесепети ж-а англиялык товарлардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү айрыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчүн эл массасы – болгондо да дыйкандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду феодалдар ойногон. Көтөрүлүш 1857-жылы 10-майда Мирут шаарында башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет алган. Ошол замат аларды делилик сыпайлар м-н жергиликтүү эл колдоп кеткен. Улуу Моголдордун династиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах IIни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау шаарларында да көтөрүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, козголоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чыгып, Канпур шаарынан башка жерлерде башкарууну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрүлүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин ж-а бирдиктүү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англиялык колониячылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү баскан ж-а демилгени өз колуна алууга жетишкен. 1857-жылы англиялык аскерлердин чабуулу башталып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Дели шаарлары алынып, көтөрүлүштүн убактылуу борбору Ауд шаары болуп калган. 1858-жылы 19-марттам Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушундан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуштун ыкмасын колдоно башташкан. Англиялык аскердин абалы оорлошуп баратканын көргөн королева Виктория 1858-жылы 1-ноябрда көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын күнөөсүн кечип, алардын артыкчылык укугун калыбына келтирген манифестке кол койгон. Натыйжада, феодал төбөлдөрү көтөрүлүштөн кол үзгөн. 1859-жылдын апрелинде колониячыл аскер партизандык согушту баскан. Индия элдик көтөрүлүшүнүн жеңилишинин башкы себеби англиялык аскердин согуштук артыкчылыгы, индиялык дыйкандар м-н феодалдардын ар башка максатты көздөшү ж-а сыпайлардын бытырандылыгы болгон. Бирок көтөрүлүш жеңилгени м-н дыйкандардын кийинки нааразылыгынан чочулаган англиялык бийлик өз саясатын өзгөртүп, феодалдык кысымды чектеген мыйзам кабыл алууга мажбур болгон ж-а Индияны башкаруу Ост-Инд компаниясынан Англиянын өкмөтүнө өткөн.