ИНДИКЫТАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИКЫТАЙ</b> – Азиянын | <b type='title'>ИНДИКЫТАЙ</b> – Азиянын түштүк-чыгышындагы жарым арал. Аянты 2 млн <i>км</i><sup>2 </sup>чамасында. Ба­тышынан Бенгал булуңу, Андаман деңизи ж-а Малакка кысыгы, чыгышынан Түштүк Кытай де­ңизи ж-а анын булуңдары – Сиам, Бакбо м-н чулганат. Түндүк чеги Ганг ж-а Брахмапутра дарыяларынын дельтасынан Хонгха дарыясынын дельтасына чейин шарттуу жүргүзүлөт. Кра мойногунан түштүккө карай Малакка жарым аралы созулуп жатат.<br>Чыгыш чеги тегиз келип, батышында булуң­дар, жээк бойлото жаткан аралдар көп. Көп бөлүгү тоолуу, кырка тоолордун көбү меридиан ж-а субмеридиан багытта жайгашкан. Баты­шында Ракхайн (Аракан) тоолору (бийиктиги 3053 <i>м</i>ге чейин, Виктория чокусу), борбордук бөлү­гүндө Шань тайпак тоосу ж-а Танентаунжи кырка тоосу (Малакка жарым аралына чейин созулуп жатат), чыгышында Чыонгшон (Аннам) тооло­ру жайгашкан. Алар кеңири өрөөндөр (Ирава­ди, Менам, Кампучия) ж-а плато (Корат) аркы­луу бөлүнгөн. Жарым аралдын басымдуу бөлүгүн па­леозой ж-а мезозой бүктөлүштөрү, борбордук ж-а түштүк-чыгыш бөлүгүн Инди-Сина ортолук масси­ви, батыш бөлүгүн кайнозой бүктөлүү облусу ээлейт. Калай м-н вольфрамдын ири кендери (не­гизинен Малакка жарым аралында) бар. Климаты суб­экватордук муссондук, Малакка жарым аралында – эк­ватордук. Түздүктөрдө абанын орточо температурасы 20°Сден төмөндөбөйт, жайында 27–30°Сге чейин; тоолордо 15°Сге чейин ж-а андан да төмөн. Жылдык жаан-чачын тоолордун батыш айда­рым капталдарында 2500–5000 <i>мм</i> (көбү жа­йында), ички аймактарында – айрым жерлерде 1000 <i>мм</i>ден аз, чыгыш деңиз жээктеринде – 2000 <i>мм</i>ге чейин (көбү кышында). Ири дарыялары: Меконг, Иравади, Салуин, Менам-Чао-Прая. Сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири көлү – Тонлесап. Токой басымдуу: тоолордун айдарым капталдарында аралаш нымдуу тропик, деңиз жээгиндеги саздак жерлерде мангр токою, кур­гакчыл ички аймактарында бадалдар, жалбы­рагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Түздүктөрү ай­далган. Аймагында Малайзия, Бангладеш, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Таиланд, Камбожа мам­лекеттери жайгашкан. | ||
жарым арал. Аянты 2 млн <i>км</i><sup>2 </sup>чамасында. Ба­тышынан Бенгал булуңу, Андаман деңизи ж-а Малакка кысыгы, чыгышынан | |||
чулганат. | |||
чейин шарттуу жүргүзүлөт. Кра мойногунан түштүккө карай Малакка | |||
<br>Чыгыш чеги тегиз келип, батышында булуң­дар, жээк бойлото жаткан аралдар көп. Көп бөлүгү тоолуу, кырка тоолордун көбү меридиан ж-а субмеридиан багытта жайгашкан. Баты­шында Ракхайн (Аракан) тоолору ( | |||
жээгиндеги саздак жерлерде мангр токою, кур­гакчыл ички аймактарында бадалдар, жалбы­рагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Түздүктөрү ай­далган. Аймагында Малайзия, Бангладеш, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Таиланд, Камбожа мам­лекеттери жайгашкан. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:39, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИКЫТАЙ – Азиянын түштүк-чыгышындагы жарым арал. Аянты 2 млн км2 чамасында. Батышынан Бенгал булуңу, Андаман деңизи ж-а Малакка кысыгы, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи ж-а анын булуңдары – Сиам, Бакбо м-н чулганат. Түндүк чеги Ганг ж-а Брахмапутра дарыяларынын дельтасынан Хонгха дарыясынын дельтасына чейин шарттуу жүргүзүлөт. Кра мойногунан түштүккө карай Малакка жарым аралы созулуп жатат.
Чыгыш чеги тегиз келип, батышында булуңдар, жээк бойлото жаткан аралдар көп. Көп бөлүгү тоолуу, кырка тоолордун көбү меридиан ж-а субмеридиан багытта жайгашкан. Батышында Ракхайн (Аракан) тоолору (бийиктиги 3053 мге чейин, Виктория чокусу), борбордук бөлүгүндө Шань тайпак тоосу ж-а Танентаунжи кырка тоосу (Малакка жарым аралына чейин созулуп жатат), чыгышында Чыонгшон (Аннам) тоолору жайгашкан. Алар кеңири өрөөндөр (Иравади, Менам, Кампучия) ж-а плато (Корат) аркылуу бөлүнгөн. Жарым аралдын басымдуу бөлүгүн палеозой ж-а мезозой бүктөлүштөрү, борбордук ж-а түштүк-чыгыш бөлүгүн Инди-Сина ортолук массиви, батыш бөлүгүн кайнозой бүктөлүү облусу ээлейт. Калай м-н вольфрамдын ири кендери (негизинен Малакка жарым аралында) бар. Климаты субэкватордук муссондук, Малакка жарым аралында – экватордук. Түздүктөрдө абанын орточо температурасы 20°Сден төмөндөбөйт, жайында 27–30°Сге чейин; тоолордо 15°Сге чейин ж-а андан да төмөн. Жылдык жаан-чачын тоолордун батыш айдарым капталдарында 2500–5000 мм (көбү жайында), ички аймактарында – айрым жерлерде 1000 ммден аз, чыгыш деңиз жээктеринде – 2000 ммге чейин (көбү кышында). Ири дарыялары: Меконг, Иравади, Салуин, Менам-Чао-Прая. Сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири көлү – Тонлесап. Токой басымдуу: тоолордун айдарым капталдарында аралаш нымдуу тропик, деңиз жээгиндеги саздак жерлерде мангр токою, кургакчыл ички аймактарында бадалдар, жалбырагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Түздүктөрү айдалган. Аймагында Малайзия, Бангладеш, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Таиланд, Камбожа мамлекеттери жайгашкан.