ИНДИКАТОР ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИКА́ТОР ӨСҮМДҮКТӨР</b> – чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон өсүмдүктөр же алардын топтору. Белгилүү бир | <b type='title'>ИНДИКА́ТОР ӨСҮМДҮКТӨР</b> – чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон өсүмдүктөр же алардын топтору. Белгилүү бир экологиялык шарт м-н тыгыз байланышта болуп, жаратылыш байлы­гынын ордун, алардын көлөмүн, курамын, ар кандай кен байлыктарды, чөлдө тузсуз суу бу­лагын табууда ж-а айбанат шарттарын таануу­да көрсөткүч болгон өсүмдүктөр. Буларга айрым түрлөр ж-а алардын табигый таасирден анома­лиялык өзгөрүлгөн формалары кирет. Өсүм­дүктөрдүн айрым түрлөрү кыртыштын геохимиялык курамын так көрсөтүп, алар топуракта ж-а тоо тектеринде металл көп болгон жерде гана өсөт. Мисалы, астрагалдын айрым түрлөрү – селендин, ала гүлдүн кээ бир түрлөрү – цинктин, бетеге­нин түрлөрү – коргошундун, чайыр гүлдөрдүн түрлөрү жездин ж-а кобальттын бар экендигин аныктайт. Эңилчектер ж-а кээ бир ийне жал­бырактуу өсүмдүктөр чөйрөдөгү абанын таза­лыгын көрсөтүүчү индикаторлор. Индикатор өсүмдүктөр топурак­тын механикалык курамын ж-а туздуулугун, чөлдө жер астындагы тузсуз ж-а минералдуу сууну, айрым кен байлыктарды ж-а тоо тектерди издөө ж-а картага түшүрүү иштеринде, эл чарбасынын түрдүү тармактарында кеңири пайдаланылат. Алардын жардамы м-н геологиялык ж-а көрсөткүч кар­талар түзүлөт. | ||
<p align='right'><i type='author'>К. Т. Шалпыков.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Т. Шалпыков.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:23, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИКА́ТОР ӨСҮМДҮКТӨР – чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон өсүмдүктөр же алардын топтору. Белгилүү бир экологиялык шарт м-н тыгыз байланышта болуп, жаратылыш байлыгынын ордун, алардын көлөмүн, курамын, ар кандай кен байлыктарды, чөлдө тузсуз суу булагын табууда ж-а айбанат шарттарын таанууда көрсөткүч болгон өсүмдүктөр. Буларга айрым түрлөр ж-а алардын табигый таасирден аномалиялык өзгөрүлгөн формалары кирет. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү кыртыштын геохимиялык курамын так көрсөтүп, алар топуракта ж-а тоо тектеринде металл көп болгон жерде гана өсөт. Мисалы, астрагалдын айрым түрлөрү – селендин, ала гүлдүн кээ бир түрлөрү – цинктин, бетегенин түрлөрү – коргошундун, чайыр гүлдөрдүн түрлөрү жездин ж-а кобальттын бар экендигин аныктайт. Эңилчектер ж-а кээ бир ийне жалбырактуу өсүмдүктөр чөйрөдөгү абанын тазалыгын көрсөтүүчү индикаторлор. Индикатор өсүмдүктөр топурактын механикалык курамын ж-а туздуулугун, чөлдө жер астындагы тузсуз ж-а минералдуу сууну, айрым кен байлыктарды ж-а тоо тектерди издөө ж-а картага түшүрүү иштеринде, эл чарбасынын түрдүү тармактарында кеңири пайдаланылат. Алардын жардамы м-н геологиялык ж-а көрсөткүч карталар түзүлөт.
К. Т. Шалпыков.