ИНДИГИРКА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИГИ́РКА</b> – Россиядагы дарыя. Якутиянын | <b type='title'>ИНДИГИ́РКА</b> – Россиядагы дарыя. Якутиянын | ||
чыгышында. | чыгышында. Узундугу 1790 <i>км</i>, алабынын аянты 362 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Хастах ж-а Тарын-Юрях дарыяларынын ко­шулушунан түзүлөт. Жогорку бөлүгү Оймякон тайпак тоосу, андан ары кууш капчыгай аркы­луу Черский кырка тоосун кесип өтүп, босого­лорду пайда кылат; төмөн жагында Яна-Инди­гирка ойдуңу м-н агып, Чыгыш Сибирь деңизи­не куят (дельтасынын аянты 5,5 миң <i>км</i><sup>2</sup>). Не­гизги куймалары: Селеннях, Уяндина, Аллаи­ха, Бёрёлёх (сол), Мома, Бадяриха (оң). Орточо чы­гымы 1850 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i> (эң чоң чыгымы 11 500 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>, эң азы 3,2 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>). Жылына 13,7 млн т шилен­ди агызып келет. Октябрдан майдын аягы – июндун башына чейин тоңот. Айрым жери (Чо­курдах ж. б.) тоңуп, суу акпай калат; чоң <i>та­рындар</i> пайда болот. Мома дарыясынын чатына чейин (1154 <i>км</i>) кеме жүрөт. Негизги пристандары: Хонуу, Дружина, Чокурдах, Табор. Чатында балык промысели (ряпушка, чир ж. б.) бар. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:03, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИГИ́РКА – Россиядагы дарыя. Якутиянын чыгышында. Узундугу 1790 км, алабынын аянты 362 миң км2. Хастах ж-а Тарын-Юрях дарыяларынын кошулушунан түзүлөт. Жогорку бөлүгү Оймякон тайпак тоосу, андан ары кууш капчыгай аркылуу Черский кырка тоосун кесип өтүп, босоголорду пайда кылат; төмөн жагында Яна-Индигирка ойдуңу м-н агып, Чыгыш Сибирь деңизине куят (дельтасынын аянты 5,5 миң км2). Негизги куймалары: Селеннях, Уяндина, Аллаиха, Бёрёлёх (сол), Мома, Бадяриха (оң). Орточо чыгымы 1850 м3/сек (эң чоң чыгымы 11 500 м3/сек, эң азы 3,2 м3/сек). Жылына 13,7 млн т шиленди агызып келет. Октябрдан майдын аягы – июндун башына чейин тоңот. Айрым жери (Чокурдах ж. б.) тоңуп, суу акпай калат; чоң тарындар пайда болот. Мома дарыясынын чатына чейин (1154 км) кеме жүрөт. Негизги пристандары: Хонуу, Дружина, Чокурдах, Табор. Чатында балык промысели (ряпушка, чир ж. б.) бар.