ИЛЕ (дарыя): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ИЛЕ 1 to ИЛЕ (дарыя))
 
(Айырма жок)

05:08, 18 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЛЕ – Кытай м-н Казакстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Чыгыш Теңир-Тоодогу Текес ж-а Күнөс дарыяларынын кошулушунан түзүлөт. Узундугу 1001 км (Текестин башатынан 1439 км), ала­бынын аянты 140 миң км2. Жогорку бөлүгү – тоо дарыясы; Каш дарыясынын чатынан төмөн өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнөт. Капчыгайдан өт­көндөн кийин Балкаш түздүгү аркылуу агып, Балкашка куярда дельтаны (аянты 9 миң км2) пайда кылат. Суусунун орточо чыгымы чатында 329 м3/сек, 270 км жогору – 479 м3/сек. Декабр­дан апрелге чейин тоңот. Куймалары – Каш, Харгос (оң), Чарык, Челек, Талгар, Каскелең, Курты (сол). Кытайда Кулжа шаарынан тартып, Казакстанда – мамлекеттик чек арадан Баканас при­станына чейин кеме жүрөт. Илеге Капчыгай ГЭСи ж-а суу сактагычы курулган. Сугатка пайдала­нылат.