ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР</b> (Echinodermata) – деңиз омурткасыз жаныбарларынын тиби. Уз. бир нече <i>мм</i>ден 1 <i>м</i>ге чейин, тукум курут болгондору 20 <i>м</i>ге чейин жеткен. И. т. жылдыз (деңиз жыл&shy;дыздары), гүл (деңиз лилиялары), тоголок (де&shy;ңиз кирписи), курт же бадыраң (голотуриялар) ж. б. формада болот. Денеси ар кандай радиус&shy;тагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Эркин жашоо&shy;чуларынын оозу курсак бөлүгүндө (оралдык),
<b type='title'>ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР</b> (Echinodermata) – деңиз омурткасыз жаныбарларынын тиби. Узундугу бир нече <i>мм</i>ден 1 <i>м</i>ге чейин, тукум курут болгондору 20 <i>м</i>ге чейин жеткен. Ийне терилүүлөр жылдыз (деңиз жыл&shy;дыздары), гүл (деңиз лилиялары), тоголок (де&shy;ңиз кирписи), курт же бадыраң (голотуриялар) ж. б. формада болот. Денеси ар кандай радиус&shy;тагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Эркин жашоо&shy;чуларынын оозу курсак бөлүгүндө (оралдык), бөлүп чыгаруу жылчыгы жон жагында (аборал&shy;дык) болот. Бир нерсеге жабышып жашоочула&shy;рынын оозу, бөлүп чыгаруу жылчыгы бири би&shy;рине жакын ж-а дененин үстүнкү жагында жай&shy;гашкан. Скелетинде акиташ пластинкалары, алардан башка ийнечелери ж-а педицеллярий&shy;лери болот. Ийнечелер (өзгөчө деңиз жылдыз&shy;дарыныкы 30 <i>см</i>ге жетет) кыймылдоо милде&shy;тин аткарса, педицеллярийлер (деңиз жылды&shy;зында ж-а кирписинде) кыпчуур сыяктанып, коргонуу, денесин тазалоо кызматын аткарат. Нерв системасы оралдык нерв шакекчелеринен ж-а радикалдык нервдерден турат. Сезүү органда&shy;ры начар өөрчүгөн. Ичегиси – түтүк же баштык&shy;чадай. Кан жүрүү системасын курсак, жон ша&shy;кекче тамырлары ж-а радиалдык тамырлар тү&shy;зөт. Атайын бөлүп чыгаруу органы жок. Алар – жай кыймылдоочу, айрым жыныстуу деңиз жа&shy;ныбарлары. Бардык ийне терилүүлөр жыныстык, кээ бирөө жыныссыз жол м-н көбөйөт. Жыныс продукту&shy;ларын сууга таштап, жумуртканын уруктаны&shy;шы ж-а түйүлдүктүн өөрчүшү сууда метаморфоз жолу м-н өтөт. Көпчүлүгү жырткычтар, майда омурткасыздар, кээ бири суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Деңиздин түрдүү тереңдигинде кез&shy;дешет. Алардын 2 типчеге кирген 6 миңдей түрү көбүнчө ар кандай туздуулуктагы бардык океан, деңиздерде жээктен тартып 11 <i>км</i> тереңдикке чейин таралган. Ийне терилүүлөр балык ж. б. жаныбар&shy;ларга жем болот. Кытайда, Японияда ийне терилүүлөрдүн түрлөрү (голотурия, деңиз кирписи ж. б.) тамак катары пайдаланылат. Жер Ортолук деңизде&shy;ги деңиз кирпилеринин икрасы тамакка колдо&shy;нулат.  
бөлүп чыгаруу жылчыгы жон жагында (аборал&shy;дык) болот. Бир нерсеге жабышып жашоочула&shy;рынын оозу, бөлүп чыгаруу жылчыгы бири би&shy;рине жакын ж-а дененин үстүнкү жагында жай&shy;гашкан. Скелетинде акиташ пластинкалары, алардан башка ийнечелери ж-а педицеллярий&shy;лери болот. Ийнечелер (өзгөчө деңиз жылдыз&shy;дарыныкы 30 <i>см</i>ге жетет) кыймылдоо милде&shy;тин аткарса, педицеллярийлер (деңиз жылды&shy;зында ж-а кирписинде) кыпчуур сыяктанып, коргонуу, денесин тазалоо кызматын аткарат. Нерв системасы оралдык нерв шакекчелеринен ж-а радикалдык нервдерден турат. Сезүү органда&shy;ры начар өөрчүгөн. Ичегиси – түтүк же баштык&shy;чадай. Кан жүрүү системасын курсак, жон ша&shy;кекче тамырлары ж-а радиалдык тамырлар тү&shy;зөт. Атайын бөлүп чыгаруу органы жок. Алар – жай кыймылдоочу, айрым жыныстуу деңиз жа&shy;ныбарлары. Бардык И. т. жыныстык, кээ бирөө жыныссыз жол м-н көбөйөт. Жыныс продукту&shy;ларын сууга таштап, жумуртканын уруктаны&shy;шы ж-а түйүлдүктүн өөрчүшү сууда метаморфоз жолу м-н өтөт. Көпчүлүгү жырткычтар, майда омурткасыздар, кээ бири суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Деңиздин түрдүү тереңдигинде кез&shy;дешет. Алардын 2 типчеге кирген 6 миңдей түрү көбүнчө ар кандай туздуулуктагы бардык океан, деңиздерде жээктен тартып 11 <i>км</i> тереңдикке
чейин таралган. И. т. балык ж. б. жаныбар&shy;ларга жем болот. Кытайда, Японияда И. т-дүн түрлөрү (голотурия, деңиз кирписи ж. б.) тамак катары пайдаланылат. Жер Ортолук деңизде&shy;ги деңиз кирпилеринин икрасы тамакка колдо&shy;нулат. Сүрөтү 511-бетте.


[[File:ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР85.png | thumb | Ийне терилүүлөр: 1 – деңиз лилиясы; 2–5 – голотуриялар; 6–12 – деңиз жылдыздары; 13–16 – деңиз кирпи&shy;лери.]]
[[File:ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР85.png | thumb | Ийне терилүүлөр: 1 – деңиз лилиясы; 2–5 – голотуриялар; 6–12 – деңиз жылдыздары; 13–16 – деңиз кирпи&shy;лери.]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

09:20, 15 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЙНЕ ТЕРИЛҮҮЛӨР (Echinodermata) – деңиз омурткасыз жаныбарларынын тиби. Узундугу бир нече ммден 1 мге чейин, тукум курут болгондору 20 мге чейин жеткен. Ийне терилүүлөр жылдыз (деңиз жыл­дыздары), гүл (деңиз лилиялары), тоголок (де­ңиз кирписи), курт же бадыраң (голотуриялар) ж. б. формада болот. Денеси ар кандай радиус­тагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Эркин жашоо­чуларынын оозу курсак бөлүгүндө (оралдык), бөлүп чыгаруу жылчыгы жон жагында (аборал­дык) болот. Бир нерсеге жабышып жашоочула­рынын оозу, бөлүп чыгаруу жылчыгы бири би­рине жакын ж-а дененин үстүнкү жагында жай­гашкан. Скелетинде акиташ пластинкалары, алардан башка ийнечелери ж-а педицеллярий­лери болот. Ийнечелер (өзгөчө деңиз жылдыз­дарыныкы 30 смге жетет) кыймылдоо милде­тин аткарса, педицеллярийлер (деңиз жылды­зында ж-а кирписинде) кыпчуур сыяктанып, коргонуу, денесин тазалоо кызматын аткарат. Нерв системасы оралдык нерв шакекчелеринен ж-а радикалдык нервдерден турат. Сезүү органда­ры начар өөрчүгөн. Ичегиси – түтүк же баштык­чадай. Кан жүрүү системасын курсак, жон ша­кекче тамырлары ж-а радиалдык тамырлар тү­зөт. Атайын бөлүп чыгаруу органы жок. Алар – жай кыймылдоочу, айрым жыныстуу деңиз жа­ныбарлары. Бардык ийне терилүүлөр жыныстык, кээ бирөө жыныссыз жол м-н көбөйөт. Жыныс продукту­ларын сууга таштап, жумуртканын уруктаны­шы ж-а түйүлдүктүн өөрчүшү сууда метаморфоз жолу м-н өтөт. Көпчүлүгү жырткычтар, майда омурткасыздар, кээ бири суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Деңиздин түрдүү тереңдигинде кез­дешет. Алардын 2 типчеге кирген 6 миңдей түрү көбүнчө ар кандай туздуулуктагы бардык океан, деңиздерде жээктен тартып 11 км тереңдикке чейин таралган. Ийне терилүүлөр балык ж. б. жаныбар­ларга жем болот. Кытайда, Японияда ийне терилүүлөрдүн түрлөрү (голотурия, деңиз кирписи ж. б.) тамак катары пайдаланылат. Жер Ортолук деңизде­ги деңиз кирпилеринин икрасы тамакка колдо­нулат.

Ийне терилүүлөр: 1 – деңиз лилиясы; 2–5 – голотуриялар; 6–12 – деңиз жылдыздары; 13–16 – деңиз кирпи­лери.