ИЗРАИЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЗРА́ИЛЬ</b> , И з р а и л ь М а м л е к е т и – | <b type='title'>ИЗРА́ИЛЬ</b> , И з р а и л ь М а м л е к е т и – (Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ор­толук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгаш­кан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет м-н чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29- ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң <i>км</i><sup>2</sup>; ал эми 1948– 49-жылдардагы араб-израиль согушунда ба­сып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң <i>км</i><sup>2</sup>; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын ба- | ||
(Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ор­толук деңиздин | |||
чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ71.png | thumb | none]] | [[File:ИЗРАИЛЬ71.png | thumb | none]] | ||
тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң <i>км</i><sup>2 </sup>(Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин аквато­риясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң <i>км</i><sup>2</sup>). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы | тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң <i>км</i><sup>2 </sup>(Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин аквато­риясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң <i>км</i><sup>2</sup>). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык ж-а маданий борбору – Тель-Авив шаары, БУУнун кар­шылыгына карабастан, 1950-жылы Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт ме­кемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – араб­дар). Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. Административдик- аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 ок­ругга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер – Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү ж-а Сириянын Голан дөңсөөсү да кам­тылган) бөлүнөт. | ||
өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт ме­кемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – араб­дар. Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. | '''''Округдары ж-а райондору (2006)'''''<table>Округдары ж-а райондору (2006)</table> | ||
<table>Округдары ж-а райондору (2006)</table> | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ72.png | thumb | | [[File:ИЗРАИЛЬ72.png | thumb | | ||
]] | ]]Израиль – БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл | ||
дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү. | дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү. | ||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Израиль – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – парламенттик рес­публика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларация­сынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогор­ку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жыл­дык мөөнөткө шайланган президент. Прези­денттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өк­мөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-жылы түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ли­куд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар – Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй – Из­раил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», Израиль социал-демократиялык солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б. | |||
иш-чаралар көз каранды эместик декларация­сынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогор­ку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жыл­дык мөөнөткө шайланган президент. Прези­денттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өк­мөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006- | |||
«Гиль», | |||
'''Табияты.''' Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 <i>км</i>ге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) тектоникалык ой­дуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 <i>м</i> ж-а андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орточо бийиктиги 500–1000 <i>м</i>, өлкөнүн эң бийик жери | |||
. Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы | |||
40 <i>км</i>ге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ73.png | thumb | Негев чөлү.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ73.png | thumb | Негев чөлү.]] | ||
1208 <i>м</i>, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети не­гизинен акиташ теги (мында карст процесси | 1208 <i>м</i>, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети не­гизинен акиташ теги (мында карст процесси өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн.<br>Ойдуң аркылуу Иордан дарыясы агат; анда ачуу туз­дуу <i>Жансыз деңиз</i> (деңиз деңгээлинен 418 <i>м</i> төмөн) жай­гашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит, | ||
өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн. | |||
<br>Ойдуң аркылуу Иордан | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ74.png | thumb | Жансыз деңизге жакын жердеги тоолуу рельеф.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ74.png | thumb | Жансыз деңизге жакын жердеги тоолуу рельеф.]] | ||
| 32 сап: | 22 сап: | ||
[[File:ИЗРАИЛЬ74_1.png | thumb | Эйлаттын айланасы.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ74_1.png | thumb | Эйлаттын айланасы.]] | ||
кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кен­дери бар. | кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кен­дери бар.<br>Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиз­дик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түш­түгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С, Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин түштүк-батышында 18°Сге чейин). Абанын абсолюттук максималдуу температурасы 47°С (1998-жылы Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум температура түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 <i>мм</i>, айрым жерлеринде 100 <i>мм</i>ден аз, пла­толордо 600–800 <i>мм</i>, Жер Ортолук деңиз жээ­гиндеги түздүктөрдө 400–800 <i>мм</i> жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. Израилдин аймагы агын сууларга жарды. Түндүк-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан дарыясынын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суу­нун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңгээлинен 209–213 <i>м</i> төмөн) жай­гашкан. Дарыяларынын көбү жайында соо­луп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кезде­шет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эй­лат шаарында деңиз суусун тузсуздандыруучу стан­ция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашы­гы сугатка кетет.<br>Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цит­рус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экин­чилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гарри­га) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза кара­гайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба- | ||
<br>Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиз­дик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түш­түгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а | |||
чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С, | |||
Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин | |||
чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин | |||
жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 <i>мм</i>, айрым жерлеринде 100 <i>мм</i>ден аз, пла­толордо 600–800 <i>мм</i>, Жер Ортолук деңиз жээ­гиндеги түздүктөрдө 400–800 <i>мм</i> жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. | |||
<br>Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө | |||
чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цит­рус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экин­чилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гарри­га) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза кара­гайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба- | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ75.png | thumb | Ашкелон аймагындагы пляж.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ75.png | thumb | Ашкелон аймагындагы пляж.]] | ||
сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаат­таштыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Кор­гоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң <i>га</i>. Хайфа | сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаат­таштыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Кор­гоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң <i>га</i>. Хайфа шаарынын чет-жакасында ири улуттук парк – Хар-Кармель биосфера резерваты жайгаш­кан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген. | ||
'''Калкынын''' 76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук ж-а эт­ноконфессиялык топтор – 3,7%, аларга – друз­дар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. ки­рет. 21-кылымдын башынан еврей калкынын кыс­каруу (2000–05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууда. Израиль мамлекет катары жарыялангандан 2007-жылга | |||
чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005- | чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005-жылдарда калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7%, мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-жылы Россия ж-а КМШ өлкө­лөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (Израилдин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948–83-жылдарда Израилден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка че­йинкилер – 21,1%, 14–65 жаштагылар – 64,15%, | ||
өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005- | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ76.png | thumb | Тель-Авив шаары.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ76.png | thumb | Тель-Авив шаары.]] | ||
| 53 сап: | 35 сап: | ||
[[File:ИЗРАИЛЬ76_1.png | thumb | Хайфа шаары. Порт комплекси.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ76_1.png | thumb | Хайфа шаары. Порт комплекси.]] | ||
65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломера­циясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иеруса­лим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон | 65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломера­циясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иеруса­лим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң). | ||
(107,9 миң). | |||
'''Тарыхы.''' Палестинаны араб ж-а еврей мамле­кеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыяланган­дан (1947-жыл 29-ноябрь) кийин Палестинада со­гуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жа­мааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-жылы 14-майда Израиль мамлекетинин көз каранды эместигинин дек­ларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул че­чимге каршы чыгып, Израилге каршы согуштук ара­кеттерди баштаган. 1948–49-жылдарда согуштун жүрү­шүндө БУУнун чечими м-н Араб мамлекети­не берилүүчү аймактын бөлүгүн ж-а Иерусалим­дин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү ж-а Иерусалимге өзгөчө ста­тус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-жылы Израиль Улуу Британия ж-а Франция м-н Египетке каршы агрессияга катышкан. Араб-израиль согушунун жыйынтыгында Израиль 1967-жылы июнь айында Иордан дарыясынын сол жээгин ж-а Чыгыш Иерусалимди, ошондой эле Голан дөңсөөсүн ж-а Си­най жарым аралын басып алган. 1982-жылы июнда Израиль аскер­лери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн ж-а штаб-квартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде араб ­израиль чыр-чатактарын тынчтык жолу м-н жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-жылы алгач­кы жолу израиль-араб мамилелеринин тары­хында Египеттин президенти А. Садат Израилге ке­лет. 1978-жылы АКШнын кийлигишүүсү м-н Израиль ж-а Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуу­су түзүлүп, 1979-жылы алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-жылы И. Египетке Синай жарым аралын кайтарып берген. | |||
. Палестинаны араб ж-а еврей мамле­кеттерине бөлүү | |||
20- | |||
1992-жылы башында И. Рабин турган Израиль «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши | |||
1992- | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ78.png | thumb | Рамалла шаарынын чет жакасында Палестина жаш­тарынын демонстрациясын Израиль аскерлеринин кууп таратышы.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ78.png | thumb | Рамалла шаарынын чет жакасында Палестина жаш­тарынын демонстрациясын Израиль аскерлеринин кууп таратышы.]] | ||
м-н | м-н Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-жылы Вашингтондо Израил­дик-палестиналык декларацияга, 1994-жылы Газа ж-а Иерохон боюнча макулдашууга кол коюлган. 1994-жылы Израиль м-н Иорданиянын ортосунда тынч­тык келишими түзүлгөн. Сирия ж-а Ливан сүй­лөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-жылы премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяху­нун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. Израиль палестиналыктар кели­шимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-жылы Эмгек партиясынын лидери Э. Барак­тын бийликке келиши м-н тынчтык сүйлөшүү­лөр кайрадан жанданган. 2000-жылы Израиль Түштүк Ли­вандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставка­га кетерин жарыялайт. Израиль м-н Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот.<br>Израилдин премьер-министри А. Шарон м-н <i>Я. Арафаттын</i> ордуна бийликке келген М. Аб­бас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. Израиль үчүн АКШ м-н бир ка­тар макулдашуулар ж-а меморандумдар м-н бе­кемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. Израиль АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мын­дан тышкары, Израиль Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түр­кия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Маврита­ния м-н кызматташтыгы өнүгүүдө. | ||
өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяху­нун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. | |||
1999- | |||
<br> | |||
<i>Я. Арафаттын</i> ордуна бийликке келген М. Аб­бас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. | |||
өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Маврита­ния м-н кызматташтыгы өнүгүүдө. | |||
'''Экономикасы.''' Израиль өнүккөн индустриялуу-аграр­дык өлкө. ИДПси 2006-жылы 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. Израиль дүйнөдө алдың­кы технологиясы, компьютердик программалар­ды түзүү, байланыш системасы, агрардык индустрия­сы, алмазга кыр чыгаруу боюнча алдыңкы орун­дардын бирин ээлейт. Ошондой эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа ж-а кеме куруу кошо, анын ичинде аскердик), электр-техника, химия өнөр жай тармак­тары, айыл чарбасы өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн илимий-техникалык комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз ж-а инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). Израиль тех­нологиялык даярдыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын экономикалык индексинин мааниси боюнча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрө­сүнө, 23%и өнөр жайына ж-а курулушка, 2%и айыл ж-а токой чарбаларына, балык уулоого таан­дык. Израилдин экономикасында коргоо өнөр жай ком­плексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баа­сынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.<br>Өлкөнүн ИДПсинде өнөр жайынын үлүшү 18%ти түзөт. Азыркы өнөр жайынын негизин илим сыйым­дуу машина куруу (авиа ракета, электрондук ж-а электр-техника, оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) ж-а химия (так химия, фармацевтика ж. б.) өнөр жай тармактары түзөт. Башка тармак­тарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил өнөр жайы өзгөчө­лөнөт. Израилдин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын им­порт түзөт. 2005-жылы импорттолгон 13 млн т нефть ж-а нефть продуктуларынын 11 млн т сы чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктажды­гын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австра­лиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн <i>м</i><sup>3</sup>). Димондогу атом илимий-изилдөө борборунда ядролук реакторго эк­сперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернати­валык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). Израилдеги турак жайлардын көбү күн бойлери м-н жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын өнөр жайлык пайдалануу үчүн ата­йын курулмалар иштейт. Бир нече эксперимент­тик толкун электр станциясы шамал энергия­сы курулмасы бар. 2005-жылы 48,4 млрд <i>кВт.с</i> электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия өнөр жай ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украи­надан алган сырьёнун негизинде иштейт. Бо­лот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун ж-а жез эритүү ишканалары бар. Металл конструкциялык өндүрүшү коргоо өнөр жай комплексине ж-а куру­луш индустриясына багытталган. Жалпы ж-а транспорттук машина куруу өнөр жайы согуш курал­дарын ж-а аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артил­лерия ж-а атылма куралдар, анын ичинде «Узи» авто­маты, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык ста­нок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын ж-а компрессорун, түрдүү тетик­терди ж. б. чыгарат; автобус ж-а жүк автома­шиналарын жыйноочу, аскер жип автомаши­наларын даярдоочу ишканалары бар. Авиара­кета өнөр жайы – коргоо өнөр жай комплексинин маа­нилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу ап­парат, оперативдүү-тактикалык ж-а тактикалык ракеталар); кеме куруу, анын ичинде аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу ж-а патруль катерлерди ж. б. чыга­руу) өнүккөн. Электрондук ж-а электр-техника өнөр жайы илимди көп талап кылган ж-а адистештирил­ген тармак болуп саналат. Бул тармактын иш­каналары аскер ишине пайдаланылуучу элект­рондук, электрондук коопсуздук ж-а сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистеш­кен. Оптикалык приборлор (анын ичинде электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. Израиль – була-­оптикалык байланыш линиясын, басма плата­сынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика сис­темасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, робот­тоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Медициналык лазердик техникаларды, радиологиялык диагностикалык жаб­дууларды, оптикалык электроника приборлорун чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынок­ко компьютердик томографиялык сканерлер, магнит­резонанстык графикалык система, ультраүн ска­нерлери, медициналык ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия ж-а нефть ажыратуу өнөр жайы – өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүү­чү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия өнөр жайынын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасын­да маанилүү орунду ээлейт. 21-кылымдын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80%ке жакыны Израилге таандык. Тамак-аш өнөр жайынын не­гизин мөмө-жемиш ж-а жашылча иштетүүчү, ошондой эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишка­налар түзөт. Жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рынок­ко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын орду­на жогорку сапаттагы модалуу тигилүү ж-а бул­гаары кийимдерди чыгарат; ошондой эле аскер кийим­дерин тигет.<br>Айыл чарбасында 455 миң <i>га</i>дан ашык жери иштети­лет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны ж-а агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. Израилде 20-кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде айыл чарба өсүмдүктөрүн ж-а мөмө да­рактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жа­шылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан Израилдин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама, буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма | |||
аскердик), электр-техника, химия | |||
<br>Өлкөнүн ИДПсинде | |||
түзөт. Азыркы | |||
чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктажды­гын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австра­лиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден | |||
өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн <i>м</i><sup>3</sup>). Димондогу | |||
электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия | |||
өндүрүшү коргоо | |||
чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынок­ко компьютердик | |||
түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия | |||
<br> | |||
өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама, | |||
буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ79.png | thumb | Түндүк округунда дан эгин жыйноо.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ79.png | thumb | Түндүк округунда дан эгин жыйноо.]] | ||
пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, ли­мон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, | пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, ли­мон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, ошондой эле үй куштары асы­ралат. Сүт саап алуу боюнча дүйнөдө (Нидерланд м-н кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уй­дан 11 миң <i>кг</i>га чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) карма­лып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт. 2001–03-жылдарда Израиль экономикасы Палестина м-н ку­ралдуу тирешүүгө, ошондой эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байла­ныштуу кризиске дуушарланган. Экономикалык кризис­тен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык сек­торунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи боюнча Израиль батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө бол­гон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү кам­сыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жери 297 миң <i>га</i> (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң <i>га</i>сы айдоо жер, 71 миң <i>га</i>сы цитрус өсүм­дүктөрүнүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл план­тациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң <i>га</i> (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын не­гизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытында­гы мал асыроо. 2006-жылы ар бир уйдан орто эсеп м-н 10,5 т сүт саап алынган.<br>Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. Анын ичинде финансылык тейлөө (банк­кредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик ж-а адистик жактан тейлөө (марке­тинг, лизинг, инженердик-консультациялык, башка­руу жаатында ж-а компьютердик кызмат көр­сөтүү), кыймылсыз мүлк м-н операция жасоо, | ||
2001–03- | |||
үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы | |||
кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын не­гизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытында­гы мал асыроо. 2006- | |||
<br>Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ80.png | thumb | Эйлат шаарынын жээк жактан көрүнүшү.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ80.png | thumb | Эйлат шаарынын жээк жактан көрүнүшү.]] | ||
[[File:ИЗРАИЛЬ81.png | thumb | Израил акчасы.]] | [[File:ИЗРАИЛЬ81.png | thumb | Израил акчасы.]] | ||
мамлекеттик тейлөө тез темп м-н өнүгүүдө; тейлөө чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн кире­ше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-жылы өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Наза­рет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиз­дин жээги.<br>Израилде социалдык камсыздандыруунун ж-а са­ламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн.Калктын жашоо деңгээли (керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-жылы мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орточо айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кый­ла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.<br>Автомобиль жолунун узундугу 17,6 миң <i>км</i> (2005). Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нета­нья – Хайфа. Темир жол тармагы (жалпы узундугу 853 <i>км</i>; 2005) Негев, Газа ж-а Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа ж-а өлкөнүн түндүгү м-н байланышты­рат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору ар­кылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хай­фа – Родос – Пирей (Грекия), Хайфа – Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атындагы (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив м-н Иеру­салимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун узундугу 896 <i>км</i> (2006), анын 442 <i>км</i>и нефть, 261 <i>км</i>и нефть продуктусу ж-а 193 <i>км</i>и газ куурлары. 2005-жылы экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкс­портко иштетилбеген алмаз, химия өнөр жайынын продукциялары, электрондук ж-а электр-техникалык жабдуулар, көзөмөлдөө ж-а байкоо жүргүзүү өнөр жай жабдуулары, медициналык ж-а илимий изилдөө жабдуула­ры, башка машиналар ж-а жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциялары, кийим, текстиль буюмда­ры чыгарылат. Израиль аскер куралдарын экспорт­тоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чы­гарылбаган алмаз, нефть продуктулары, химиялык товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, маши­на, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буу­дай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай. | |||
чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн кире­ше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005- | |||
<br> | |||
өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кый­ла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн | |||
<br>Автомобиль жолунун | |||
Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нета­нья – Хайфа. | |||
2005- | |||
долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкс­портко иштетилбеген алмаз, химия | |||
'''Маданияты.''' Билим берүү еврей коомчулугун­да маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын са­баттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети ка­был алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамллекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салт­тарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бу­рулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-жылы негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-жылы 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий- изилдөө борбору Реховото штатында 1949-жылы негиздел­ген. 2006-жылы 20 жогорку окуу жайда 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар.<br>Израилде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иеру­салимдеги Израиль музейи (1965-жылы негизделген), бел­гилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) жана башкалар. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү ба­сылмалар 1863-жылы Иерусалимде чыккан, 1869-жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чы­гып турган. 2006-жылы Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, анг­лис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ах­ронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдерин­де, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (ан­глис тилинде, 25–90 миң нуска) жана башкалар. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жыл­дан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерция­лык телекөрсөтүү жана радио каналдар иштейт. Израиль интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат.<br>Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жаша­ган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк ба­тыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957) жана акындар А. Шлёнский (1900–1973), Л. Гольд­берг (1911–1970) жана башкалар. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) рома­ны, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этнос­тук топтордун ичиндеги карама-каршылыктар­ды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгарма­ларында, араб кыштагынын турмушу иврит ти­линде араб христиан акыны А. Шаммастын «Арабески» романында чагылдырылган.<br>Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губер­ман, Д. Рубина, А. Горенко жана башкалар) адабият өнүгүүдө.<br>Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакта­лып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (биздин заманга чейинки 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доо­рунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолит­тик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бей­сан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (биздин заманга чейинки I кылым – биздин заманга чейинки IV кылым).[[File:ИЗРАИЛЬ82.png | thumb | Байыркы Бет-Шеан шаарынын археологиялык казуулары болжол менен 5000 жыл жашаган.]] | |||
. Билим берүү еврей коомчулугун­да маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын са­баттуулук деңгээли | Ошондой эле, байыркы синагогалардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таан­дык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иеруса­лимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Араб­дар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (VIII кылым), кресттүүлөр доорун­дагы (XI–XIII кылымдар) эстеликтер жана башкалар сакталып кал­ган. XIX кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байка­лат. Тель-Авив шаары (1909-жылы негизделген) шот­ландиялык архитектор П. Геддестин планы менен курул­ган. XX кылымдагы христиан храмдары италян архитектору А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) жана башка архитекторлор тарабынан тургузулган. | ||
өлкөлөрдүн катарына кирет. | |||
чейинки мекемелерге барат (2004). | |||
мектептерде иудаизмди окутууга | |||
<br> | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ83.png | thumb | Храм тоосундагы К у б б а т - а с - С а х р а (Аска кумпасы) ме­чити. VII кылым. Иеруса­лим.]] | |||
XX кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манн­дын концерттик залы (З. жана Я. Рехтер, Д. Кар­ми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Ша­рон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) жана башкалар курулган. 1950-жылы композиторлор мектеби жана аткаруу чеберчи­лиги өнүгө баштаган. 1948-жылы Израиль филармония­сы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-жылы «Инбал» музыкалык театры уюш­турулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраж­дуу көркөм тасмасы («Убактылуу элдешүү», режиссёру А. Амар) 1950-жылы тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт. | |||
| 136 сап: | 70 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:38, 15 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЗРА́ИЛЬ , И з р а и л ь М а м л е к е т и – (Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет м-н чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29- ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948– 49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын ба-

тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык ж-а маданий борбору – Тель-Авив шаары, БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-жылы Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – арабдар). Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. Административдик- аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер – Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү ж-а Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.
Округдары ж-а райондору (2006)
Округдары ж-а райондору (2006)
Израиль – БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл
дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Израиль – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларациясынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Президенттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өкмөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-жылы түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ликуд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар – Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй – Израил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», Израиль социал-демократиялык солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.
Табияты. Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) тектоникалык ойдуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м ж-а андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орточо бийиктиги 500–1000 м, өлкөнүн эң бийик жери

1208 м, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети негизинен акиташ теги (мында карст процесси өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн.
Ойдуң аркылуу Иордан дарыясы агат; анда ачуу туздуу Жансыз деңиз (деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит,


кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кендери бар.
Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түштүгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С, Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин түштүк-батышында 18°Сге чейин). Абанын абсолюттук максималдуу температурасы 47°С (1998-жылы Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум температура түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, платолордо 600–800 мм, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги түздүктөрдө 400–800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. Израилдин аймагы агын сууларга жарды. Түндүк-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан дарыясынын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суунун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңгээлинен 209–213 м төмөн) жайгашкан. Дарыяларынын көбү жайында соолуп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кездешет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эйлат шаарында деңиз суусун тузсуздандыруучу станция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашыгы сугатка кетет.
Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экинчилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гаррига) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза карагайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба-

сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаатташтыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Коргоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа шаарынын чет-жакасында ири улуттук парк – Хар-Кармель биосфера резерваты жайгашкан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.
Калкынын 76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук ж-а этноконфессиялык топтор – 3,7%, аларга – друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-кылымдын башынан еврей калкынын кыскаруу (2000–05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууда. Израиль мамлекет катары жарыялангандан 2007-жылга
чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005-жылдарда калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7%, мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-жылы Россия ж-а КМШ өлкөлөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (Израилдин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948–83-жылдарда Израилден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер – 21,1%, 14–65 жаштагылар – 64,15%,


65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иерусалим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).
Тарыхы. Палестинаны араб ж-а еврей мамлекеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-жыл 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-жылы 14-майда Израиль мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, Израилге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948–49-жылдарда согуштун жүрүшүндө БУУнун чечими м-н Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн ж-а Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү ж-а Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-жылы Израиль Улуу Британия ж-а Франция м-н Египетке каршы агрессияга катышкан. Араб-израиль согушунун жыйынтыгында Израиль 1967-жылы июнь айында Иордан дарыясынын сол жээгин ж-а Чыгыш Иерусалимди, ошондой эле Голан дөңсөөсүн ж-а Синай жарым аралын басып алган. 1982-жылы июнда Израиль аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн ж-а штаб-квартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде араб израиль чыр-чатактарын тынчтык жолу м-н жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-жылы алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат Израилге келет. 1978-жылы АКШнын кийлигишүүсү м-н Израиль ж-а Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-жылы алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-жылы И. Египетке Синай жарым аралын кайтарып берген.
1992-жылы башында И. Рабин турган Израиль «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши

м-н Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-жылы Вашингтондо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-жылы Газа ж-а Иерохон боюнча макулдашууга кол коюлган. 1994-жылы Израиль м-н Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия ж-а Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-жылы премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. Израиль палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-жылы Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши м-н тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-жылы Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. Израиль м-н Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот.
Израилдин премьер-министри А. Шарон м-н Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. Израиль үчүн АКШ м-н бир катар макулдашуулар ж-а меморандумдар м-н бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. Израиль АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, Израиль Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Мавритания м-н кызматташтыгы өнүгүүдө.
Экономикасы. Израиль өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-жылы 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. Израиль дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агрардык индустриясы, алмазга кыр чыгаруу боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа ж-а кеме куруу кошо, анын ичинде аскердик), электр-техника, химия өнөр жай тармактары, айыл чарбасы өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн илимий-техникалык комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз ж-а инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). Израиль технологиялык даярдыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын экономикалык индексинин мааниси боюнча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и өнөр жайына ж-а курулушка, 2%и айыл ж-а токой чарбаларына, балык уулоого таандык. Израилдин экономикасында коргоо өнөр жай комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.
Өлкөнүн ИДПсинде өнөр жайынын үлүшү 18%ти түзөт. Азыркы өнөр жайынын негизин илим сыйымдуу машина куруу (авиа ракета, электрондук ж-а электр-техника, оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) ж-а химия (так химия, фармацевтика ж. б.) өнөр жай тармактары түзөт. Башка тармактарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил өнөр жайы өзгөчөлөнөт. Израилдин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын импорт түзөт. 2005-жылы импорттолгон 13 млн т нефть ж-а нефть продуктуларынын 11 млн т сы чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктаждыгын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австралиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу атом илимий-изилдөө борборунда ядролук реакторго эксперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернативалык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). Израилдеги турак жайлардын көбү күн бойлери м-н жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын өнөр жайлык пайдалануу үчүн атайын курулмалар иштейт. Бир нече эксперименттик толкун электр станциясы шамал энергиясы курулмасы бар. 2005-жылы 48,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия өнөр жай ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украинадан алган сырьёнун негизинде иштейт. Болот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун ж-а жез эритүү ишканалары бар. Металл конструкциялык өндүрүшү коргоо өнөр жай комплексине ж-а курулуш индустриясына багытталган. Жалпы ж-а транспорттук машина куруу өнөр жайы согуш куралдарын ж-а аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артиллерия ж-а атылма куралдар, анын ичинде «Узи» автоматы, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык станок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын ж-а компрессорун, түрдүү тетиктерди ж. б. чыгарат; автобус ж-а жүк автомашиналарын жыйноочу, аскер жип автомашиналарын даярдоочу ишканалары бар. Авиаракета өнөр жайы – коргоо өнөр жай комплексинин маанилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу аппарат, оперативдүү-тактикалык ж-а тактикалык ракеталар); кеме куруу, анын ичинде аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу ж-а патруль катерлерди ж. б. чыгаруу) өнүккөн. Электрондук ж-а электр-техника өнөр жайы илимди көп талап кылган ж-а адистештирилген тармак болуп саналат. Бул тармактын ишканалары аскер ишине пайдаланылуучу электрондук, электрондук коопсуздук ж-а сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистешкен. Оптикалык приборлор (анын ичинде электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. Израиль – була-оптикалык байланыш линиясын, басма платасынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика системасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, роботтоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Медициналык лазердик техникаларды, радиологиялык диагностикалык жабдууларды, оптикалык электроника приборлорун чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынокко компьютердик томографиялык сканерлер, магнитрезонанстык графикалык система, ультраүн сканерлери, медициналык ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия ж-а нефть ажыратуу өнөр жайы – өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүүчү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия өнөр жайынын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. 21-кылымдын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80%ке жакыны Израилге таандык. Тамак-аш өнөр жайынын негизин мөмө-жемиш ж-а жашылча иштетүүчү, ошондой эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишканалар түзөт. Жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рынокко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын ордуна жогорку сапаттагы модалуу тигилүү ж-а булгаары кийимдерди чыгарат; ошондой эле аскер кийимдерин тигет.
Айыл чарбасында 455 миң гадан ашык жери иштетилет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны ж-а агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. Израилде 20-кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде айыл чарба өсүмдүктөрүн ж-а мөмө дарактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жашылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан Израилдин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама, буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма

пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, лимон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, ошондой эле үй куштары асыралат. Сүт саап алуу боюнча дүйнөдө (Нидерланд м-н кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уйдан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) кармалып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт. 2001–03-жылдарда Израиль экономикасы Палестина м-н куралдуу тирешүүгө, ошондой эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байланыштуу кризиске дуушарланган. Экономикалык кризистен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык секторунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи боюнча Израиль батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү камсыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл плантациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын негизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытындагы мал асыроо. 2006-жылы ар бир уйдан орто эсеп м-н 10,5 т сүт саап алынган.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. Анын ичинде финансылык тейлөө (банккредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик ж-а адистик жактан тейлөө (маркетинг, лизинг, инженердик-консультациялык, башкаруу жаатында ж-а компьютердик кызмат көрсөтүү), кыймылсыз мүлк м-н операция жасоо,


мамлекеттик тейлөө тез темп м-н өнүгүүдө; тейлөө чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн киреше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-жылы өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Назарет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиздин жээги.
Израилде социалдык камсыздандыруунун ж-а саламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн.Калктын жашоо деңгээли (керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-жылы мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орточо айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.
Автомобиль жолунун узундугу 17,6 миң км (2005). Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нетанья – Хайфа. Темир жол тармагы (жалпы узундугу 853 км; 2005) Негев, Газа ж-а Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа ж-а өлкөнүн түндүгү м-н байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа – Родос – Пирей (Грекия), Хайфа – Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атындагы (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив м-н Иерусалимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун узундугу 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу ж-а 193 кми газ куурлары. 2005-жылы экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкспортко иштетилбеген алмаз, химия өнөр жайынын продукциялары, электрондук ж-а электр-техникалык жабдуулар, көзөмөлдөө ж-а байкоо жүргүзүү өнөр жай жабдуулары, медициналык ж-а илимий изилдөө жабдуулары, башка машиналар ж-а жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциялары, кийим, текстиль буюмдары чыгарылат. Израиль аскер куралдарын экспорттоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чыгарылбаган алмаз, нефть продуктулары, химиялык товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, машина, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буудай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.
Маданияты. Билим берүү еврей коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамллекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бурулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-жылы негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-жылы 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий- изилдөө борбору Реховото штатында 1949-жылы негизделген. 2006-жылы 20 жогорку окуу жайда 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар.
Израилде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иерусалимдеги Израиль музейи (1965-жылы негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) жана башкалар. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-жылы Иерусалимде чыккан, 1869-жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-жылы Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25–90 миң нуска) жана башкалар. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүү жана радио каналдар иштейт. Израиль интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат.
Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жашаган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957) жана акындар А. Шлёнский (1900–1973), Л. Гольдберг (1911–1970) жана башкалар. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгармаларында, араб кыштагынын турмушу иврит тилинде араб христиан акыны А. Шаммастын «Арабески» романында чагылдырылган.
Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко жана башкалар) адабият өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (биздин заманга чейинки 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (биздин заманга чейинки I кылым – биздин заманга чейинки IV кылым).

Ошондой эле, байыркы синагогалардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таандык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иерусалимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Арабдар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (VIII кылым), кресттүүлөр доорундагы (XI–XIII кылымдар) эстеликтер жана башкалар сакталып калган. XIX кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байкалат. Тель-Авив шаары (1909-жылы негизделген) шотландиялык архитектор П. Геддестин планы менен курулган. XX кылымдагы христиан храмдары италян архитектору А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) жана башка архитекторлор тарабынан тургузулган.

XX кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын концерттик залы (З. жана Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) жана башкалар курулган. 1950-жылы композиторлор мектеби жана аткаруу чеберчилиги өнүгө баштаган. 1948-жылы Израиль филармониясы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-жылы «Инбал» музыкалык театры уюштурулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраждуу көркөм тасмасы («Убактылуу элдешүү», режиссёру А. Амар) 1950-жылы тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт.
Ад.: Государство Израиль. Справочник. М., 1986; Федорченко А. В. Израиль: проблемы экономического развития. М., 1990: Симановский С. И., Стрепетова М. П. Израиль. М., 1995; Зарецкая З. Феномон израильского театра. Иерусалим, 1997; Федорченко А. В. Экономика переселенческого обшества (израильская модель). М., 1998; Крюков А. А. Израиль сегодня. Страноведческий словарь-справочник. М., 2000; Краткая еврейская энциклопедия В. 10 т. Иерусалим; М., 1996–2001; Звягельская И. Д., Карасова Т. А., Федорченко А. В. Государство Израиль. М., 2005, Израиль // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.