ЗУЛУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗУ́ЛУ</b> , з у л у с т а р, а м а з у л у – банту | <b type='title'>ЗУ́ЛУ</b> , з у л у с т а р, а м а з у л у – банту тобунда эл, ТАРдагы саны эң көп калк. Неги­зинен Квазулу-Натал провинциясында, Лесото­до, Зимбабведе жашашат. Жалпы саны 10,4 млн (2001). Зулу тилинде сүйлөйт. Зулулардын көбү салттык диндерди карманат, христиандар (ка­толиктер, протестанттар) христиан-африкалык Назарет баптист чиркөөсүнө, синкреттик дин­дерге ишенгендер да бар. 19-кылымдын биринчи жа­рымында Пхонголо м-н Умзимкулу дарыяларынын аралыгында Чака деген киши Зулуларды бирик­тирип, күчтүү армия түзгөн. Бирок Зулулардын кээ бир уруулары Чакага баш ийбей Трансваал, Зимбабве, Мозамбик жерлерине ж-а Замбези м-н Умзимкулу дарыяларынын ары жагындагы аймактарга өтүп кетишкен. Англис-бур-зулу согу­шунда (1838–40) Зулулар көп жерлеринен айры­лып, Наталдын түндүгүндөгү жерлерди – Зулу­лендди гана ээлеп калышкан. Англис-зулу со­гушунда (1879) Зулулар жеңилип, Зулуленд 1887-жылы британ колониясына айланган, 1897-жылы Натал колониянын курамына кирген. Зулулардын негизги кесиби – жарым көчмөн мал чарбачылык ж-а дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, бир бөлүгү евро­палыктардын ээлик жерлеринде, фермаларын­да батрактык кылат ж-а кендерде, өнөр жайда иш­тейт. Белине тери байламчаларды байлап, юбка, фартук кийишет, колдоруна, буттарына биле­рик тагынышат. Таанылган жоокерлер башта­рына мом м-н чөптөн жасалган чамбар ки­йишкен. Кыштан салынган төрт бурчтуу, ча­тыры жалпак үйлөрдө жашашат. Эркектер көп аял алууга укуктуу ж-а ар бир аялы өзүнчө үйдө жашайт. Аял алганда калыңды мал м-н төлө­шөт. Табиятка, арбактарга, өздөрүнүн кудайла­рына сыйынышат. Музыкалык аспаптары: шылдырактар, флейта, барабан ж. б. Адабияты жакшы өнүккөн (Ж. Дубе, Р. Дхломо, Б. Вила­кази, акын М. Кунене). | ||
тобунда эл, ТАРдагы саны эң көп калк. Неги­зинен Квазулу-Натал провинциясында, Лесото­до, Зимбабведе жашашат. Жалпы саны 10,4 млн (2001). Зулу тилинде сүйлөйт. | |||
Ад.: <i>Брайант А. Т.</i> Зулусский народ до прихода европейцев. М., 1953. | Ад.: <i>Брайант А. Т.</i> Зулусский народ до прихода европейцев. М., 1953. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:55, 11 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗУ́ЛУ , з у л у с т а р, а м а з у л у – банту тобунда эл, ТАРдагы саны эң көп калк. Негизинен Квазулу-Натал провинциясында, Лесотодо, Зимбабведе жашашат. Жалпы саны 10,4 млн (2001). Зулу тилинде сүйлөйт. Зулулардын көбү салттык диндерди карманат, христиандар (католиктер, протестанттар) христиан-африкалык Назарет баптист чиркөөсүнө, синкреттик диндерге ишенгендер да бар. 19-кылымдын биринчи жарымында Пхонголо м-н Умзимкулу дарыяларынын аралыгында Чака деген киши Зулуларды бириктирип, күчтүү армия түзгөн. Бирок Зулулардын кээ бир уруулары Чакага баш ийбей Трансваал, Зимбабве, Мозамбик жерлерине ж-а Замбези м-н Умзимкулу дарыяларынын ары жагындагы аймактарга өтүп кетишкен. Англис-бур-зулу согушунда (1838–40) Зулулар көп жерлеринен айрылып, Наталдын түндүгүндөгү жерлерди – Зулулендди гана ээлеп калышкан. Англис-зулу согушунда (1879) Зулулар жеңилип, Зулуленд 1887-жылы британ колониясына айланган, 1897-жылы Натал колониянын курамына кирген. Зулулардын негизги кесиби – жарым көчмөн мал чарбачылык ж-а дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, бир бөлүгү европалыктардын ээлик жерлеринде, фермаларында батрактык кылат ж-а кендерде, өнөр жайда иштейт. Белине тери байламчаларды байлап, юбка, фартук кийишет, колдоруна, буттарына билерик тагынышат. Таанылган жоокерлер баштарына мом м-н чөптөн жасалган чамбар кийишкен. Кыштан салынган төрт бурчтуу, чатыры жалпак үйлөрдө жашашат. Эркектер көп аял алууга укуктуу ж-а ар бир аялы өзүнчө үйдө жашайт. Аял алганда калыңды мал м-н төлөшөт. Табиятка, арбактарга, өздөрүнүн кудайларына сыйынышат. Музыкалык аспаптары: шылдырактар, флейта, барабан ж. б. Адабияты жакшы өнүккөн (Ж. Дубе, Р. Дхломо, Б. Вилакази, акын М. Кунене).
Ад.: Брайант А. Т. Зулусский народ до прихода европейцев. М., 1953.