БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ ''' – Борколдой кырка тоосунун | '''БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ ''' – Борколдой кырка тоосунун түндүк капталындагы жанаша жаткан эки мөӊгү. Чоӊ Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Экөөнүн узундугу 6,8 ''км'' жана 7,9 ''км'', аянттары 9,4 ''км''<sup>2</sup> жана 8,7 ''км''<sup>2</sup>. Абляция облусунун аянттары 2,9 ''км''<sup>2</sup> жана 4,4 ''км''<sup>2</sup>. Мөӊгүлөрдүн башы деӊиз деӊгээлинен 4880 ''м'' жана 5170 ''м'', этектери 3700 ''м'' жана 3830 ''м'' бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4220 ''м'' жана 4180 ''м''. Фирн облусунун көп камералуулугу, бутактанган майда тармактары менен айырмаланат. Каптал жана этек мореналары бар. Азыр мөӊгүлөр чегинүүдө. Алардан агып чыккан суулар Жагалмай суусуна сол тараптан куят. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:36, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ – Борколдой кырка тоосунун түндүк капталындагы жанаша жаткан эки мөӊгү. Чоӊ Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Экөөнүн узундугу 6,8 км жана 7,9 км, аянттары 9,4 км2 жана 8,7 км2. Абляция облусунун аянттары 2,9 км2 жана 4,4 км2. Мөӊгүлөрдүн башы деӊиз деӊгээлинен 4880 м жана 5170 м, этектери 3700 м жана 3830 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4220 м жана 4180 м. Фирн облусунун көп камералуулугу, бутактанган майда тармактары менен айырмаланат. Каптал жана этек мореналары бар. Азыр мөӊгүлөр чегинүүдө. Алардан агып чыккан суулар Жагалмай суусуна сол тараптан куят.