ЗАЯ-ПАНДИТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗА́Я-ПАНДИ́ТА</b> (өз аты – Намхайчжамц; 1599, Батыш Моңголия – сентябрь, 1662) – белгилүү саясий ж-а диний ишмер, ойчул. Ата-бабалары хошут уруусуна (ойрот) тийиштүү ак сөөктөрдөн болушкан. 17 жашында <i>ламаизмди</i> кабыл алып, Тибетке келип <i>буддизм</i> м-н кеңири таанышкан. Аны эл арасына жайылтуу үчүн 1639- | <b type='title'>ЗА́Я-ПАНДИ́ТА</b> (өз аты – Намхайчжамц; 1599, Батыш Моңголия – сентябрь, 1662) – белгилүү саясий ж-а диний ишмер, ойчул. Ата-бабалары хошут уруусуна (ойрот) тийиштүү ак сөөктөрдөн болушкан. 17 жашында <i>ламаизмди</i> кабыл алып, Тибетке келип <i>буддизм</i> м-н кеңири таанышкан. Аны эл арасына жайылтуу үчүн 1639-жылы Чы­гыш Моңголияга кайтып келген. Агартуучулук иштерди жүргүзүп, 200дөн ашык чыгарманы моңгол тилине которгон. 1640-жылдагы ойрот­тордун курултайынын (к. <i>Жуңгар хандыгы</i>) ка­тышуучусу. 1648-жылы эски моңгол жазуусун ре­формалап, оозеки сүйлөмгө жакындаган ойрот жазуусун түзгөн («todo bicig», – «ачык жазуу»). Шал оорусуна чалдыгып, Тибетке бара жатып каза болгон. Анын шакирти Сакбон Раднаба­тора тарабынан Зая-Пандитанын өмүр баянына арнал­ган «Раб-Жам Зая-Пандитанын ай жарык та­рыхы» аттуу эмгек жаралган (1690). Анда кал­мактардын кыргыздар, казактар ошондой эле Чыгыш Түркстандагы, башкача айтканда Борбордук Азиядагы элдер м-н ич ара алакалары тууралуу маалыматтар бар. Анын ичинен кыргыз-ойрот (калмак) мамиле­си же 1652-жылы кышында калмактын Чечен (Це­цен) ханы кыргыздарды (буруттар) багындыр­ганы ж-а анын уулу 17 жаштагы Галдама же­кеме-жекеге чыгып, казак султаны Жааңгерди өлтүргөнү да айтылат. | ||
өлтүргөнү да айтылат. | |||
| 8 сап: | 8 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Асанов.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:28, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗА́Я-ПАНДИ́ТА (өз аты – Намхайчжамц; 1599, Батыш Моңголия – сентябрь, 1662) – белгилүү саясий ж-а диний ишмер, ойчул. Ата-бабалары хошут уруусуна (ойрот) тийиштүү ак сөөктөрдөн болушкан. 17 жашында ламаизмди кабыл алып, Тибетке келип буддизм м-н кеңири таанышкан. Аны эл арасына жайылтуу үчүн 1639-жылы Чыгыш Моңголияга кайтып келген. Агартуучулук иштерди жүргүзүп, 200дөн ашык чыгарманы моңгол тилине которгон. 1640-жылдагы ойроттордун курултайынын (к. Жуңгар хандыгы) катышуучусу. 1648-жылы эски моңгол жазуусун реформалап, оозеки сүйлөмгө жакындаган ойрот жазуусун түзгөн («todo bicig», – «ачык жазуу»). Шал оорусуна чалдыгып, Тибетке бара жатып каза болгон. Анын шакирти Сакбон Раднабатора тарабынан Зая-Пандитанын өмүр баянына арналган «Раб-Жам Зая-Пандитанын ай жарык тарыхы» аттуу эмгек жаралган (1690). Анда калмактардын кыргыздар, казактар ошондой эле Чыгыш Түркстандагы, башкача айтканда Борбордук Азиядагы элдер м-н ич ара алакалары тууралуу маалыматтар бар. Анын ичинен кыргыз-ойрот (калмак) мамилеси же 1652-жылы кышында калмактын Чечен (Цецен) ханы кыргыздарды (буруттар) багындырганы ж-а анын уулу 17 жаштагы Галдама жекеме-жекеге чыгып, казак султаны Жааңгерди өлтүргөнү да айтылат.
Ад.: Голстунский К. Ф., Монголо-ойратские законы 1640 г. СПб, 1880.
Т. Асанов.