ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ''' – [[Енисей дарыясы]]нын куймалары жана өрөөндөрү; Минуса ойдуңу, [[Тыва]]дан азыркы [[Красноярск]] шаарына чейинки аймактарды мекендеген түрк тилдүү элдин 6–18-кылымдардагы тарыхый аталышы. Негизинен [[Орхон-Енисей]]деги түрк эстеликтери (кара: [[Күлтегин]]), Тан (618–907) Сун (960–1279) [[династиялар тарыхы]] жана 10–13-кылымдардагы перс(фарси)-араб жазмаларындагы (мис,, «[[Худуд ал-алам]]», [[Гардизи]] ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылат. Бирок, булардан мурун жазылган [[Сыма Цян]]дын «Тарыхый жазмаларындагы» (Ши цзи) «гэкун» ([[кыргыздар]]) жөнүндөгү эң алгачкы маалымат жана ошол эле династиялар тарыхындагы [[динлиндер]] тууралуу үзүл-кесил кабарларга таянган айрым изилдөөчүлөр (мис., Л. Н. Гумилёв, С. В. Киселёв, Л. Р. Кызласов, В. П. Алексеев ж. б.) кыргыздар байыртадан бери Енисейди мекендеп келген деген пикирге келген. Бирок акыркы мезгилде жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр (мис., П. П. Азбелев) Сыма Цян белгилеген кыргыз «ээлигин» (өлкө, мамлекет) б. з. V–VII кылымдардагы (кара: [[Батыш Түрк кагандыгы]], [[Улуу Түрк кагандыгы]]) Батыш Сибирге (Минуса аймагы) жайгаштыруу мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал аймакта б.з.ч. I миң жылдык жана биздин эранын башында негизинен түрктөр түзгөн татаал административдик иерархия түгүл, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун белгилешет. Башка бир окумуштуулар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков) байыркы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун түштүгү же Чыгыш Түркстан аймагын мекендеген деген илимий пикирге токтогон. V–VII кылымдарда енисейлик кыргыздар [[жужаңдар]], Түрк жана [[Уйгур кагандыгы]]на көз каранды абалда турушкан. 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, [[Тан династиясы]]). Түрк каганы [[Капаган]] (кытайча Мочжо) [[Барсбек]]ти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн [[Билге каган]] (Могилян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз жана чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоңйукук, Күлтегиндер менен бирге капысынан кыргыздарга кол салган. | '''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ''' – [[Енисей дарыясы]]нын куймалары жана өрөөндөрү; Минуса ойдуңу, [[Тыва]]дан азыркы [[Красноярск]] шаарына чейинки аймактарды мекендеген түрк тилдүү элдин 6–18-кылымдардагы тарыхый аталышы. Негизинен [[Орхон-Енисей]]деги түрк эстеликтери (кара: [[Күлтегин]]), Тан (618–907) Сун (960–1279) [[династиялар тарыхы]] жана 10–13-кылымдардагы перс(фарси)-араб жазмаларындагы (мис,, «[[Худуд ал-алам]]», [[Гардизи]] ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылат. Бирок, булардан мурун жазылган [[Сыма Цян]]дын «Тарыхый жазмаларындагы» (Ши цзи) «гэкун» ([[кыргыздар]]) жөнүндөгү эң алгачкы маалымат жана ошол эле династиялар тарыхындагы [[динлиндер]] тууралуу үзүл-кесил кабарларга таянган айрым изилдөөчүлөр (мис., Л. Н. Гумилёв, С. В. Киселёв, Л. Р. Кызласов, В. П. Алексеев ж. б.) кыргыздар байыртадан бери Енисейди мекендеп келген деген пикирге келген. Бирок акыркы мезгилде жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр (мис., П. П. Азбелев) Сыма Цян белгилеген кыргыз «ээлигин» (өлкө, мамлекет) б. з. V–VII кылымдардагы (кара: [[Батыш Түрк кагандыгы]], [[Улуу Түрк кагандыгы]]) Батыш Сибирге (Минуса аймагы) жайгаштыруу мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал аймакта б.з.ч. I миң жылдык жана биздин эранын башында негизинен түрктөр түзгөн татаал административдик иерархия түгүл, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун белгилешет. Башка бир окумуштуулар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. [[Худяков]]) байыркы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун түштүгү же Чыгыш Түркстан аймагын мекендеген деген илимий пикирге токтогон. | ||
V–VII кылымдарда енисейлик кыргыздар [[жужаңдар]], Түрк жана [[Уйгур кагандыгы]]на көз каранды абалда турушкан. 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, [[Тан династиясы]]). Түрк каганы [[Капаган]] (кытайча Мочжо) [[Барсбек]]ти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн [[Билге каган]] (Могилян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз жана чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоңйукук, Күлтегиндер менен бирге капысынан кыргыздарга кол салган. | |||
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ44.png | thumb | Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.]] | [[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ44.png | thumb | Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.]] | ||
| 9 сап: | 11 сап: | ||
Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калган. [[Жувейни]] боюнча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моңголдорго көз каранды абалда болуп, | Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калган. [[Жувейни]] боюнча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моңголдорго көз каранды абалда болуп, | ||
1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) менен бирдикте аларга каршы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу [[Жуучу]]га багынып беришкен. 1254-ж. моңголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муңке хан аларга каршы 20 000 кишиден турган аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моңголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы дайындалган. Юан империясынын (1271–1368) тушунда Енисейлик кыргыздар майдаланып, топторго бөлүнүүгө дуушар болуп, айрымдары Жуңгария, Моңголия, Манжурия (кара: [[Фуюй кыргыздары]]), Кытайга көчүрүлгөн. | 1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) менен бирдикте аларга каршы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу [[Жуучу]]га багынып беришкен. 1254-ж. моңголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муңке хан аларга каршы 20 000 кишиден турган аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моңголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы дайындалган. Юан империясынын (1271–1368) тушунда Енисейлик кыргыздар майдаланып, топторго бөлүнүүгө дуушар болуп, айрымдары Жуңгария, Моңголия, Манжурия (кара: [[Сибирь кыргыздары]], [[Фуюй кыргыздары]]), Кытайга көчүрүлгөн. | ||
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ46.png | thumb | Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.]] | [[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ46.png | thumb | Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.]] | ||
02:27, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ – Енисей дарыясынын куймалары жана өрөөндөрү; Минуса ойдуңу, Тывадан азыркы Красноярск шаарына чейинки аймактарды мекендеген түрк тилдүү элдин 6–18-кылымдардагы тарыхый аталышы. Негизинен Орхон-Енисейдеги түрк эстеликтери (кара: Күлтегин), Тан (618–907) Сун (960–1279) династиялар тарыхы жана 10–13-кылымдардагы перс(фарси)-араб жазмаларындагы (мис,, «Худуд ал-алам», Гардизи ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылат. Бирок, булардан мурун жазылган Сыма Цяндын «Тарыхый жазмаларындагы» (Ши цзи) «гэкун» (кыргыздар) жөнүндөгү эң алгачкы маалымат жана ошол эле династиялар тарыхындагы динлиндер тууралуу үзүл-кесил кабарларга таянган айрым изилдөөчүлөр (мис., Л. Н. Гумилёв, С. В. Киселёв, Л. Р. Кызласов, В. П. Алексеев ж. б.) кыргыздар байыртадан бери Енисейди мекендеп келген деген пикирге келген. Бирок акыркы мезгилде жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр (мис., П. П. Азбелев) Сыма Цян белгилеген кыргыз «ээлигин» (өлкө, мамлекет) б. з. V–VII кылымдардагы (кара: Батыш Түрк кагандыгы, Улуу Түрк кагандыгы) Батыш Сибирге (Минуса аймагы) жайгаштыруу мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал аймакта б.з.ч. I миң жылдык жана биздин эранын башында негизинен түрктөр түзгөн татаал административдик иерархия түгүл, жөнөкөй потестардык коомдук түзүлүштүн белгилери болбогонун белгилешет. Башка бир окумуштуулар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков) байыркы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун түштүгү же Чыгыш Түркстан аймагын мекендеген деген илимий пикирге токтогон.
V–VII кылымдарда енисейлик кыргыздар жужаңдар, Түрк жана Уйгур кагандыгына көз каранды абалда турушкан. 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан династиясы). Түрк каганы Капаган (кытайча Мочжо) Барсбекти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн Билге каган (Могилян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз жана чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоңйукук, Күлтегиндер менен бирге капысынан кыргыздарга кол салган.

Сунга чер токоюндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн жеңилгенине карабай, Енисей кыргыздары өз алдынчалыгынан ажыраган эмес. Күлтегин өлгөндө (732), сөөк көмүү зыйнатына кыргыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген. Бирок, тынымсыз согуштардан алсыраган кыргыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чейин (745) Борбордук Азияда болуп жаткан саясий иштерге катыша албай калган. Экинчи Түрк мамлекетинин кулашы менен Моюн-чур (Байан-чор) башында турган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-ж. уйгур каганынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыргыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кытайга каттабай калышы менен түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлардан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-ж. Уйгур кагандыгында бийлик алмашуусуна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаңы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеңилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ажо аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган терең саясий-экономикалык кризиске байланыштуу кыргыздар менен уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүргөн. 840-ж. уйгурлардын аскер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү менен 100 миң кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кыйраткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борбордук Азиянын көпчүлүк аймактарында «улуу кыргыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн жана маданиятынын өнүгүшү менен коштолгон. Кыргыз маданиятына тийиштүү эстеликтер Минуса ойдуңунан тышкары бүткүл Борбордук Азиянын талааларына кеңири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созулган эмес. 924-ж. кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моңголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн.

Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калган. Жувейни боюнча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моңголдорго көз каранды абалда болуп,
1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) менен бирдикте аларга каршы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу Жуучуга багынып беришкен. 1254-ж. моңголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муңке хан аларга каршы 20 000 кишиден турган аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моңголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы дайындалган. Юан империясынын (1271–1368) тушунда Енисейлик кыргыздар майдаланып, топторго бөлүнүүгө дуушар болуп, айрымдары Жуңгария, Моңголия, Манжурия (кара: Сибирь кыргыздары, Фуюй кыргыздары), Кытайга көчүрүлгөн.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; Караев Ө. К вопросу о передвижении киргизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, № 4; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1, 2. Б., 2002.