ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛЕНДҮҮ СИЕНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛЕНДҮҮ СИЕНИ́Т КЕНИ</b> Бат­кен | <b type='title'>ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛЕНДҮҮ СИЕНИ́Т КЕНИ</b> Бат­кен районунда, Айдаркен шаарчасынын түштүк-ба­тыш тарабында, Зардалек сайынын баш жагын­да, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, де­ңиз деңгээлинен 1800–3200 <i>м</i> бийиктикте жайгашкан. 1961–62-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур, девон, таш көмүр мезгил­деринде пайда болгон сланец, акиташ, доломит катмарлары ж-а аларды жиреп чыккан пермь­триас мезгилиндеги сиенит, нефелиндүү сиенит, габбро м-н монцониттен турган интрузия түзөт. Кенташ тулкулары содалиттүү, нефелин-сода­литтүү, нефелиндүү ж-а канкриниттүү сиенит­терден турат. Нефелиндүү сиениттеги алюминий кычкылынын өлчөмү 20,32–24,60%. Алюминий кычкылынын болжолдуу запасы 202 млн т. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
10:15, 6 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗАРДАЛЕК НЕФЕЛЕНДҮҮ СИЕНИ́Т КЕНИ Баткен районунда, Айдаркен шаарчасынын түштүк-батыш тарабында, Зардалек сайынын баш жагында, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1800–3200 м бийиктикте жайгашкан. 1961–62-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур, девон, таш көмүр мезгилдеринде пайда болгон сланец, акиташ, доломит катмарлары ж-а аларды жиреп чыккан пермьтриас мезгилиндеги сиенит, нефелиндүү сиенит, габбро м-н монцониттен турган интрузия түзөт. Кенташ тулкулары содалиттүү, нефелин-содалиттүү, нефелиндүү ж-а канкриниттүү сиениттерден турат. Нефелиндүү сиениттеги алюминий кычкылынын өлчөмү 20,32–24,60%. Алюминий кычкылынын болжолдуу запасы 202 млн т.