ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
мNo edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ</b> – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү ж-а мүнөздүү тил. Ж. э. т. – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү ж-а стили жагынан чектелбеген, жалпыга тү&shy;шүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диа&shy;лектилердин бирөө Ж. э. т. абалына чейин
<b type='title'>ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ</b> – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү жана мүнөздүү тил. Жалпы элдик тил – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү жана стили жагынан чектелбеген, жалпыга тү&shy;шүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диа&shy;лектилердин бирөө жалпы элдик тил абалына чейин өнүгүп, экинчиси диалект боюнча жашай берет. Ай&shy;рым учурда тигил же бул уруу башка уруулар менен байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин жалпы элдик тилин түзүп калат. Башында жалпы элдик тилде сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына ки&shy;рип калып, узак убакытка өз ара байланышы үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдын&shy;ча өзгөчөлүктөргө ээ болгон жалпы элдик тил пайда бо&shy;лот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына жана жазуусунун такталышына, жалпы элдик тилдин адабий нормалары&shy;нын калыптанышына мамлекеттик түзүлүш өбөлгө тү&shy;зөт. Жалпы элдик тилдин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук <i>адабий тил.<br>С. Мусаев.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
өнүгүп, экинчиси диалект б-ча жашай берет. Ай&shy;рым учурда тигил же бул уруу башка уруулар м-н байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин Ж. э. т-ин түзүп калат. Башында Ж. э. т-де сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына ки&shy;рип калып, узак убакытка өз ара байланышы
үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдын&shy;ча өзгөчөлүктөргө ээ болгон Ж. э. т. пайда бо&shy;лот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына ж-а жазуусунун такталышына, Ж. э. т-дин адабий нормалары&shy;нын калыптанышына мамл. түзүлүш өбөлгө тү&shy;зөт. Ж. э. т-дин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук <i>адабий тил.
<br>С. Мусаев.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
 

10:38, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү жана мүнөздүү тил. Жалпы элдик тил – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү жана стили жагынан чектелбеген, жалпыга тү­шүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диа­лектилердин бирөө жалпы элдик тил абалына чейин өнүгүп, экинчиси диалект боюнча жашай берет. Ай­рым учурда тигил же бул уруу башка уруулар менен байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин жалпы элдик тилин түзүп калат. Башында жалпы элдик тилде сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына ки­рип калып, узак убакытка өз ара байланышы үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдын­ча өзгөчөлүктөргө ээ болгон жалпы элдик тил пайда бо­лот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына жана жазуусунун такталышына, жалпы элдик тилдин адабий нормалары­нын калыптанышына мамлекеттик түзүлүш өбөлгө тү­зөт. Жалпы элдик тилдин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук адабий тил.
С. Мусаев.