ЕЛҮЙ ДАШИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕЛҮЙ ДАШИ''' (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара | '''ЕЛҮЙ ДАШИ''' (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы [[Кара Кытай]] (Кидан, кытайча Си Ляо) [[мамлекети]]н (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо [[чжурчжендер]] тарабынан талкаланып, бы­тырандыга учураганда Елүй Даши өзүнө жакын 200 чамалуу кишиси менен алардан качып, азыркы [[Моӊголия]]­гына аймагына өтүп кеткен. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, ''[[гурхан]]'' бо­луп жарыяланган. 1128-жылы Елүй Даши кашкарлык Арслан хан Ахметке каршы жүрүшкө чыгып, [[Чыгыш Түркстан]]ды караткан. [[Жети-Суу]]ну басып алуу үчүн биринчи жолу 1130-жылы аракет жа­саган. Кара кытай­лар адегенде Алтайдын түштүгүндөгү уйгурлар жашаган жер­лерди ээлеп, анан кыргыз­дардын жери (Кем-кемжикут) аркылуу батыш­ка жылууга ниет кылышкан, бирок кыргыз уруу­ларынын катуу каршылыгынан улам 1132-жылы Турпан княздыгына кайтып келүүгө аргасыз бо­лушкан. Ушул жерден башка жолго салып Эмил–Чөйчөк (Чугучак) аймагына жеткен, түрк урууларынан (40 миӊ чатыр) туткун алып, ал жерге Эмил шаарын негиздешкен. Андан Жети-Сууга кол салып, [[Караханиддер]]дин борбору [[Баласагун|Баласа­гун]] шаарын басып алышат (1134). 1137-жылы кара кытайлар [[Мавераннахр]]ды каратып, [[Самарканд]]­га чейин жетишкен. Кавтан талаасындагы со­гушта (1141) [[селжуктар]]дын султаны Санжар башында турган мусулмандарды катуу талка­лашкан. Бирок, Елүй Даши бул жеӊишинен майнап чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубат­туу державага айландырууга жетишкен. Беш-Балыкка ([[Уйгур кагандыгы]]нын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыз­дарга жасаган жортуулу жөнүндө окуялар [[Жувейнинин|Жувей­нинин]] «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуу тарыхы») деген эмгегинде чагылдырылган. | ||
чамалуу кишиси | |||
башында турган мусулмандарды катуу талка­лашкан. Бирок, | |||
чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз | |||
өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубат­туу державага айландырууга жетишкен. Беш- Балыкка (Уйгур | |||
Ад.: ''Пиков Г. Г''. Западные киданы. Новосибирск, 1989. | Ад.: ''Пиков Г. Г''. Западные киданы. Новосибирск, 1989. | ||
''Т. Жуманалиев.'' | |||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | |||
05:31, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЕЛҮЙ ДАШИ (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара Кытай (Кидан, кытайча Си Ляо) мамлекетин (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо чжурчжендер тарабынан талкаланып, бытырандыга учураганда Елүй Даши өзүнө жакын 200 чамалуу кишиси менен алардан качып, азыркы Моӊголиягына аймагына өтүп кеткен. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, гурхан болуп жарыяланган. 1128-жылы Елүй Даши кашкарлык Арслан хан Ахметке каршы жүрүшкө чыгып, Чыгыш Түркстанды караткан. Жети-Сууну басып алуу үчүн биринчи жолу 1130-жылы аракет жасаган. Кара кытайлар адегенде Алтайдын түштүгүндөгү уйгурлар жашаган жерлерди ээлеп, анан кыргыздардын жери (Кем-кемжикут) аркылуу батышка жылууга ниет кылышкан, бирок кыргыз урууларынын катуу каршылыгынан улам 1132-жылы Турпан княздыгына кайтып келүүгө аргасыз болушкан. Ушул жерден башка жолго салып Эмил–Чөйчөк (Чугучак) аймагына жеткен, түрк урууларынан (40 миӊ чатыр) туткун алып, ал жерге Эмил шаарын негиздешкен. Андан Жети-Сууга кол салып, Караханиддердин борбору Баласагун шаарын басып алышат (1134). 1137-жылы кара кытайлар Мавераннахрды каратып, Самаркандга чейин жетишкен. Кавтан талаасындагы согушта (1141) селжуктардын султаны Санжар башында турган мусулмандарды катуу талкалашкан. Бирок, Елүй Даши бул жеӊишинен майнап чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубаттуу державага айландырууга жетишкен. Беш-Балыкка (Уйгур кагандыгынын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыздарга жасаган жортуулу жөнүндө окуялар Жувейнинин «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуу тарыхы») деген эмгегинде чагылдырылган.
Ад.: Пиков Г. Г. Западные киданы. Новосибирск, 1989.
Т. Жуманалиев.