ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
мNo edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ''' – акыл-насаат | '''ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ''' – акыл-насаат менен тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанр­дагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Дидактикалык адабият философиялык, ди­ний, адеп-ахлактык идеяларды жана илим-би­лимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим менен искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, дидактикалык адабият дүйнөнү аң­дап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий жана философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда бо­луп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, ай­рыкча жаңы доордо дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олут­туу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө ''синкретизмдин'' белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык ад­абиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасы­на арналган «Эмгек жана күндөр», Лукреций­дин «Заттардын табияты жөнүндө» деген фи­лософиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан жана орто кылымда нукура дидактикалык адабият менен катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү ди­дактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар жана илимпоздор дидактикалык адабиятка кайрылыш­кан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «ди­дактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын та­рыхында дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман-­жакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-­насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
09:29, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ – акыл-насаат менен тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанрдагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Дидактикалык адабият философиялык, диний, адеп-ахлактык идеяларды жана илим-билимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим менен искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, дидактикалык адабият дүйнөнү аңдап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий жана философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда болуп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, айрыкча жаңы доордо дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олуттуу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө синкретизмдин белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык адабиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасына арналган «Эмгек жана күндөр», Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» деген философиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан жана орто кылымда нукура дидактикалык адабият менен катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү дидактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар жана илимпоздор дидактикалык адабиятка кайрылышкан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «дидактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын тарыхында дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман-жакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет.