ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 
мNo edit summary
 
(8 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
[[Категория:3-том, 5-85 бб]]
'''ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ''' – акыл-насаат менен тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанр­дагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Дидактикалык адабият философиялык, ди­ний, адеп-ахлактык идеяларды жана илим-би­лимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим менен искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, дидактикалык адабият дүйнөнү аң­дап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий жана философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда бо­луп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, ай­рыкча жаңы доордо дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олут­туу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө ''синкретизмдин'' белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык ад­абиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасы­на арналган «Эмгек жана күндөр», Лукреций­дин «Заттардын табияты жөнүндө» деген фи­лософиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан жана орто кылымда нукура дидактикалык адабият менен катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү ди­дактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар жана илимпоздор дидактикалык адабиятка кайрылыш­кан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «ди­дактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын та­рыхында дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман-­жакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-­насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет.
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]

09:29, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ – акыл-насаат менен тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанр­дагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Дидактикалык адабият философиялык, ди­ний, адеп-ахлактык идеяларды жана илим-би­лимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим менен искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, дидактикалык адабият дүйнөнү аң­дап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий жана философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда бо­луп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, ай­рыкча жаңы доордо дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олут­туу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө синкретизмдин белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык ад­абиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасы­на арналган «Эмгек жана күндөр», Лукреций­дин «Заттардын табияты жөнүндө» деген фи­лософиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан жана орто кылымда нукура дидактикалык адабият менен катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү ди­дактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар жана илимпоздор дидактикалык адабиятка кайрылыш­кан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «ди­дактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын та­рыхында дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман-­жакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-­насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет.