БАЙКАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКАЛ, Б а й к ө л – Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы менен Иркут облусунда. Аянты 31,7 миң км2. Узундугу 636 км, орточо жазылы­гы 48 км. Тереңдиги 1640 м.. Көлөмү 23,6 миң км3 (тузсуз суулардын дүйнөлүк за­пасынын 1/5ине жакыны) түзөт. Иркут ГЭСи­нин тосмосунун (плотинасынын) курулушунан

Байкал көлүн тегеренген темир жол.

көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 456,3 м. Ири булуңдары - Баргуза, Чи­биркуй, Провал; колтуктары – Аяя жана Фро­лиха, жарым аралы – Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили менен суу астында калат), эң ириси – Ольхон (аянты 730 км 2дей). Тектоникалык кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин жана түбүнүн айрым жерле­ринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара жана Турка. Көлдөн Ангара дарыясы агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Байкалдын аймагына жергиликтүү шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон аралынын аймагында түндүк-батыш­тан – сарма, түндүк-чыгыштан – баргуза, түштүк-батыштан – култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн тол­кундар 5 м ге чейин көтөрүлөт. Суунун температурасы (үстүнкү катмарында) августта 9–12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунук­тугу (40 м ге чейин; Ангаранын башын кошпо­гондо) менен айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөр­дүн жана жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын көпчүлүгү эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой менен каптал­ган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Севе­ро-Байкальск, Бабушкин ш., Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Ху­жир ж. б. порттор менен калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн лимнология институту, Чоң Коты шаарчасында Иркут институтунун гидробиология станциясы иштейт. Байкалдын түндүк-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн ай­ланасы туризм, эс алуу үчүн мааниси зор. Антро­погендик таасирден Байкалдын экологиялык абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жа­тат. Байкал Бүткүл Дүйнөлүк мурас тизмесине кир­гизилген.

Ад.: Берг Л. С. Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; Россолимо Л. Л. Байкал. М., 1966; Давыдова М. И., Раковская Э. М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; Грачёв М. А. О. современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002.

Ө. Бараталиев.