КИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНГ Мартин Лютер (15. 1. 1929, Джорджия штаты, Атланта – 4. 4. 1968, Теннесси штаты, Мемфис) –

АКШ коомдук ишмери, негрлердин жарандык укуктары үчүн күрөштүн лидерлери­нин бири. Нобель сыйлыгынын ла­уреаты (1964). 1955-жылы Бос­тон университетин теология докто­ру наамын алуу м-н бүтүр­гөн. 1954-жылдан баптист­тер пастору. 1957-жылы афри­калык америкалыктардын «Христиандык жетекчилик­тин конфедерациясы» ую­мун уюштурган ж-а жетек­теген. 1963-жылы Вашингтон­до миңдеген адамдар ка­тышкан митингде чыгып сүйлөп, АКШнын бардык жарандары тең укукка ж-а эркиндикке ээ болуш керек деген оюн билдирип, негрлерди ак адамдар м-н биргелешип аракеттенүүгө ча­кырган. 1966-жылы Чикагодогу расалык дискри­минацияга каршы кыймылды жетектеген, АКШнын Вьетнамдагы агрессиясына каршы чыккан. 1968-жылы жакырчылыкка ж-а укуксуз­дукка каршы күрөшүүдө бардык расанын жа­кыр жашаган адамдарын бириктирүү максатын­да «Жакырлар кампаниясын» түзгөн. Кинг бир нече жолу түрмөгө камалган. 1968-жылы 4-апрелде Мемфис шаарында расачылар жалдаган снайпердин огунан өлгөн. Анын өлүмү АКШнын 100дөн ашык шаарларында негрлердин толкундоолорун чакырган. АКШдагы епископ чиркөөсү Кингди «азап чеккен ыйык киши» деп белгилеген. 1986- жылдан АКШда январдын үчүнчү дүйшөмбүсү Мартин Лютер Кинг күнү деп белгиленип, улут­тук майрам катары эсептелет. АКШда Мартин Лютер Кингдин мемориалдык фонду иштейт.

Ад.: Кондрашов С. Н. Жизнь и смерть М. Л. Кинга. 2-е изд. М., 1986.