КИНГ
КИНГ Мартин Лютер (15. 1. 1929, Джорджия штаты, Атланта – 4. 4. 1968, Теннесси штаты, Мемфис) –

АКШ коомдук ишмери, негрлердин жарандык укуктары үчүн күрөштүн лидерлеринин бири. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1964). 1955-жылы Бостон университетин теология доктору наамын алуу м-н бүтүргөн. 1954-жылдан баптисттер пастору. 1957-жылы африкалык америкалыктардын «Христиандык жетекчиликтин конфедерациясы» уюмун уюштурган ж-а жетектеген. 1963-жылы Вашингтондо миңдеген адамдар катышкан митингде чыгып сүйлөп, АКШнын бардык жарандары тең укукка ж-а эркиндикке ээ болуш керек деген оюн билдирип, негрлерди ак адамдар м-н биргелешип аракеттенүүгө чакырган. 1966-жылы Чикагодогу расалык дискриминацияга каршы кыймылды жетектеген, АКШнын Вьетнамдагы агрессиясына каршы чыккан. 1968-жылы жакырчылыкка ж-а укуксуздукка каршы күрөшүүдө бардык расанын жакыр жашаган адамдарын бириктирүү максатында «Жакырлар кампаниясын» түзгөн. Кинг бир нече жолу түрмөгө камалган. 1968-жылы 4-апрелде Мемфис шаарында расачылар жалдаган снайпердин огунан өлгөн. Анын өлүмү АКШнын 100дөн ашык шаарларында негрлердин толкундоолорун чакырган. АКШдагы епископ чиркөөсү К-ди «азап чеккен ыйык киши» деп белгилеген. 1986- жылдан АКШда январдын үчүнчү дүйшөмбүсү Мартин Лютер Кинг күнү деп белгиленип, улуттук майрам катары эсептелет. АКШда Мартин Лютер Кингдин мемориалдык фонду иштейт.
Ад.: Кондрашов С. Н. Жизнь и смерть М. Л. Кинга.
2-е изд. М., 1986.