КИМВРЛЕР
КИМВРЛЕР – Ютландия жарым аралына алгач отурукташкан герман уруулары. Б. з. ч. 2-кылымдын аягында кимврлер тевтондор ж-а амброндор м-н бирге түштүктөгү Галлияга чабуул баштап, б. з. ч. 113-жылы Нореяда жеңишке ээ болгон. Б. з. ч. 102-жылы Түндүк Италияны дээрлик басып алган, бирок б. з. ч. 101-жылы Лутаций Катул м-н Гай Марийдин аскерлери Верцеллынын алдында кимврлерди талкалаганда, кол башчысы Бойорикс өлгөн. Кимврлердин көбү кулдукка сатылган, калгандары түндүккө жер которгон.