КӨӨКӨРЧӨКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨКӨРЧӨКТӨР (Batoidee) - эбелек бакалоор­дуу балыктардын чоң түркүмү. Денеси жалпак, жазы, диск же ромб сымал, уз. бир нече смден 6-7 мге , салмагы 2,5 7га жетет. Териси жыла-

Көөкөрчөктөр: 1- деңиз мышыгы; 2 - деңиз түлкүсү;3 - манта; 4 - электрлүү көөкөрчөк.

ңач же тикендүү. Денесинин курсак жагында 5 бакалоор жылчыгы орун алган. Көкүрөк сүзгүч­төрү башынан тартып тулкусунун капталында жайгашкан. Жон сүзгүчтөрү куйругунда (айрым­дарыныкы жок). Көп учурда куйрук сүзгүчтөрү жок. Бири бирине тыгыз кыналып жайгашкан жумуру тиштери күчтүү. К-дүн 14 тукуму, 50гө жакын уруусу ж-а 350 түрү белгилүү. Суу түбүн­дө, айрымдары (шиш куйрук сымалдар) суунун тереңинде, о. эле бардык океандын тайыз же­ринен тартып, 2700 м тереңдикке чейин, кээси тропик дарыяларында (Амозонка алабында ж. б.) кездешет. Бентофаг ж-а жырткычтар. Жу­муртка же тирүү тууйт, ромбоскат сымалдар гана мүйүз капсуладагы чоң жумурткаларын суу түбүнө таштайт. Гнюс сымалдардын капталын­да электр органдары жайгашкан, шиш куйрук К-дүн куйругу ичке, узун, тикендүү болуп, тү­бүндө уулуу бездери бар. КМШ өлкөлөрүнүн де­ңиздеринде 10 түрү белгилүү. Алар Кара, Азов, Түн. ж-а Ы. Чыгыш деңиздеринде, шиш куй­руктуулар Кара, Азов ж-а Япон деңиздериңде таралган. Балык чарбасы үчүн маанилүү.