КӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨ - углеводороддордун толук эмес куйушунөн же термиялык ажырашынан пайда болгон кара тустөгу дисперсиялык продукт. Көмуртек атом­дорунун графиттеги катмарларына окшош, би­рок жалпак эмес, ийилген катмарларынан тузулгөн сфералык бөлукчөлөрдөн (көлөму 100- 3500 А) турат. Суюк сырьёдон (нефть майлары­нан), жаратылыш же ө. ж. газынан, газ ж-а суюк сырьёнун аралашмасынан алынат. Өнду­рулушунө жараша: каналдык К. диффузиялык жалында толук эмес куйгөн газ ж-а газ-суюк аралашмадан; меш К-су турбуленттик жалын­да толук эмес куйгөн суюк сырьёдон; термия­лык К. газдын абасыз ажырашынын негизинде пайда болот. Анык (пикнометрдик) тыгызды­гы 1800-1900 кг/м3, бөлукчөлөрунун диаметри 10-350 нм. Лак, боёк материалдарына пигмент, резина, пластмасса алууда ж. б-да толуктагыч катары колдонулат.