КӨТӨРМӨ 4

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨТӨРМӨ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул районундагы кыштак. А. Сүйөркулов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1040 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаар­часынан 11 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 169 км. Кыштак 1967-ж. негизделген. Калкы 1600 (2010); негизинен мал асырашып, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана ж-а медпункт бар.