КӨТӨРМӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨТӨРМӨ (1900-ж. чейин Ү ч - К о р г о н) – Ош обл-нун Ноокат районундагы кыштак. Кыр­гыз-Ата айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1510 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 7 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 47 км. Калкы 2974 (2007); неги­зинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, амбулатория ж-а медпункт бар. Турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жай­лары иштейт.