КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – искусствонун живописи,айкелди, графиканы, ошондой эле фото искусствону бириктирүүчү бөлүгү. Чындыктын тааныш, көргөзмөлүү образы Көркөм сүрөт искусствосунун чыгар­маларынын негизин түзөт. Өзгөчөлүгүнө жара­ша Көркөм сүрөт искусствосунун ар бир түрү курчап турган дүй­нөнүн көлөм, түс, мейкиндик сыяктуу сапатын, ошондой эле предметтердин чыныгы формасын жана жарык-аба чөйрөсүн өзүндөй чагылдырат. Ошо­го карабастан көп чыгармалар окуянын убак­тылуу өөрчүүсүн, күчөтүлгөн баяндаманы кам­тышы мүмкүн. Көркөм сүрөт искусствосу адамдын жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн ачып көрсөтүп, окуянын психологиялык жана эмоциялык мазмунун чечмелөөсү мүмкүн, башкача айтканда, ошол доордун руханий, эстетикалык, фи­лософиялык жана этикалык идеялары көркөм сүрөт искусствосунун маани­-мазмунун түзөт. Адамдардын аң-сезиминин өсү­шү жана алардын дүйнөгө көз карашынын ка­лыптанышы менен элдик идеяларды чагылдыруу­нун формасы катары көркөм сүрөт искусствосунун мааниси ар­тууда.